Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 15

Ливияда улуттук макулдашуу өкмөтүнө карай баратат

469536
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 15

Ливиялыктар беш жыл мурда Каддафи бийлигин кулатты. Бирок анын ордуна укуктун жогорулугун алып келе турган жаңы бир саясий режимди түзө алган жок. Көптөгөн киши мунун себептерин Каддафиден кийинки саясий абалдардан издеди. Бирок негизги себеп кырк эки жылга созулган Каддафи бийлиги артта калтырган кулатуучу мурас. Каддафи мезгилинде өлкөдө мыйзамдуу болгон адилеттүү конституциялык саясий режим түзүлгөн жок. Айрыкча эч бир мамлекеттик мекемелер бир функцияга ээ боло алган жок, саясий партиялардын курулушуна уруксат берилбеди жана жарандык коом толугу менен моюндурук астында болгон. Эркин басма сөз да болгон жок.

Азыркы шарттар менен караганда ийгиликсиз мамлекет деп айтууга боло турган Ливия бетме - бет келген ондогон маселеден өзгөчө үчөөсү бир канча жылдан бери күн тартибинде.

Биринчиси ДЕАШтын бийлик боштугу болуп жаткан Ливияда өзүнө ылайык жерди табуусу жана барган сайын аянтын кеңейтүүсү. Экинчиси Африкадан Европага созулган мыйзамсыз көч багытынын бийлик боштугунан улам Ливия аркылуу өтүүсү. Үчүнчүсү да бийлик боштугун күчтөндүргөн маселе катары алдыбызга чыгууда: Ливияда өлкөнүн бардык жеринде өзүн сездирген өкмөттүн жоктугу.

Өлкө жалпы ыраатсыздык жана жокчулукта жашап жатат. Кечээ эле өлкөнүн өкүлү экенин айткан эки өкмөттүн батышы менен чыгышында иш алып баруусу сөз болуп жаткан. Мындан да кызык тарабы бул экөөсүнүн арасында макулдашуу түзүлүп Улуттук Макулдашуу өкмөтүнүн түзүлүшүнө чечим чыгарылган болчу. Ушундайча өлкө тышында иш алып барган үчүнчү өкмөттүн да ортого чыгышы сөз болду. Бул үчүнчү өкмөт оболу Тунисте иштей баштады. Макулдашуунун негизинде түзүлгөнүнө карабастан келишимден кийин Тунистеги жана Тобруктагы өкмөт жаңы өкмөттүн алдын ачууда көңүлсүз мамиле кыла баштады.

Триполидеги Улуттук Боштондук Өкмөтү кечээкиге чейин өзүн жок кылбай турганын түрдүү себептер менен айтып келди. Тобруктагы өкүлдөр парламенти да 25 - январдагы добуш берүүдө 32 министрликтен турган Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн четке какты жана кабинеттин 17 министрден ашык болбошун талап кылды. Түзүлгөн жаңы кабинет Өкүлдөр парламентинин бекитүүсүн күтүүдө. Өкүлдөр парламентинин сегиз жолу жетерлик санга жете албаган жыйынынан кийин кабинетти ишеним добушуна сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө жеткен жок. Бирок бул абалга расмий себеп катары каралууда. Триполидеги өкмөттүн абалы такталбастан ишеним добушун берүүнү каалашкан жок. Айрыкча Тобрук өкмөтүнүн артындагы куралдуу күч болгон генерал Халифе Хафтердин кысымынан улам да чогулууда жетерлик санга жетпегени белгилүү.

Бирок акыркы бир жуманын ичинде болгондор абалды алмаштыра турган өзгөчөлүктөргө ээ. Ливия саясий келишиминин өкүмү боюнча курулган президенттик кеңеш дайындаган Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн премьер - министри Фаиз Сираж 30 - март күнү кызматты өткөрүп алуу үчүн Ливиянын борбор шаары Триполиде кыймылга өттү. Триполи өкмөтү Сиражга бөгөт болуу үчүн аэропортту жапты. Сираж болсо кеме менен Триполидеги деңиз базасына барды. Акыркы бир жуманын ичиндеги абалдар Триполи өкмөтүнүн алтынчы апрель күнү иштерин токтотконун билдирүүсү менен жыйынтыкталды.

Триполи өкмөтүнүн улуттук кызыкчылыктарды байкоо максатында чегинүү чечимин чыгаруусуна жол ачкан абалдардын башында Мысрата шаарынын жана куралдуу кишилеринин колдоосун жоготкон болушу керек. Мысрата шаарынын негизги саясий актерлорунан Абдуррахман Сувехли Триполиде иш алып барган Улуттук Жалпы Конгресстин мамлекеттик кеңешине айлануусу менен бул кеңештин төрагасы болот. Айрыкча Триполи союздаштыгынын башка бир негизги саясий элементи Мусулман бир туугандар да жаңы процессти колдоп жатат. Ошондуктан Триполи союздаштыгы азыркы шарттарда мурунку күчүн жоготту.

Айрыкча Триполи өкмөтүнүн бийлиги астындагы он муниципалитеттин Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн кабыл алышкандарын бул жуманын ичинде билдирүүсү Триполи өкмөтүн дагы да күчсүздөнттү. Кошумча катары Ливия инвестиция башкаруусу Борбордук банк жана Улуттук Нефть фирмасы сыяктуу негизги мекемелер да Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө колдоосун билдирди. Ошол эле учурда биринчи апрель күнү Франциянын тышкы иштер министри Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө тоскоол болуу жана аскердик күч колдонуу менен коркутту. Бул абал жетерлик сан болбоду деген шылтоо менен ишеним добушун кечеңдеткен Тобруктагы Өкүлдөр Парламентинин кыймыл аянтын тарайтты. Азыркы шартта Европа жана АКШнын каршы чыгуусун каалабаган Египет менен Бириккен Араб Эмирликтери да генерал Хафтер үчүн тобокелчиликке барбайт. Тактап айтканда Өкүлдөр парламентинен ишеним добушунун чыгуусуна оң карайт.

Генерал Хафтердин сунушу азыркы учурдагы шарттарда мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бул маселе Тобрук өкмөтүнө бериле турган кичинекей өлчөмдөгү убада менен чечилет. Хафтерди маанисиз абалга алып келип бул маселени чечүүнү каалашат.

Кыска убакыттын ичинде Тобруктагы Өкүлдөр Парламентинин Триполиге келиши жана Ливиянын кайрадан бир борбордон бир өкмөт менен башкарылуусу мүмкүндөй көрүнүүдө. Мындан кийин Ливияда экинчи бир тышкы кийлигишүүнүн болорун айта алабыз. Албетте соккунун баштоочусу ДЕАШ болот.



Тектеш кабарлар