Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 14

Палестинада Топурак күнү

463242
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 14

30 - март шаршемби күнү миңдеген палестиналык Израилде жана басылып алынган жерлерде 40 - Топурак күнүн эскерүү жүрүшүнө чыгышты. Жүрүштүн максаты ондогон жылдан бери болуп келе жаткан Израиль баскынына каршы чыгуу.

40 жыл мурда 30 - март күнү Израиль палестиналыктар тарабынан өткөрүлгөн митингди күч колдонуу менен бастырып жана 6 кишинин каза болушуна себеп болгон. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган Израиль жарандары палестиналыктардын 2 миң гектардык аянтына жаңы еврей отурукташуу жерин куруу үчүн жердин алынуусуна каршы чыгышкан. 40 жыл мурдагы каршы чыгуу Израилдин бөлүүчү жана жерлерин алуу саясаттарына карата жүргүзүлгөн алгачкы массалык каршы чыгуу болгон. Топурак күнү ал күндүн элесине жыл сайын палестиналыктар чогулуп митинг өткөрүшүүдө. Палестиналыктардын жерлерин алуу саясаты Израилдин көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери системалуу түрдө үзгүлтүксүз улантылууда. Израиль чектеринин ичинде жарандык статусу болгон араптарга таасирин тийгизүүдө. Бул саясаттын эл аралык укукка тескери экендиги тууралуу шек жок.

Жерлеринен чыгарылган палестиналыктардын ордуна еврейлер жайгаштырылууда. Бул отурукташуучулардын көпчүлүк бөлүгү да башка бир өлкөдө туулуп өскөн кишилер. Палестиналыктардын жерлерин алуу саясаты узун мөөнөттүү мекенсиздештирүүнүн бир бөлүгү.

Палестина Боштондук Уюму Топурак күнүнөн улам билдирүү жарыялады. Маалыматта Израиль палестиналык калктын жерин алуу үчүн еврейлерди мүлк ээси кылган бөлүүчү саясаттардан улам айыпталды. 1967 – жылдагы чек ара боюнча эки мамлекеттүү чечүүчү жол үчүн сүйлөшүүлөр көптөгөн жыдардан бери жыйынтыксыз калууда. Израиль менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтыктын чыкпашы күн өткөн сайын дагы көп палестиналыктын жеринин алынуусун кошо алып келүүдө.

Топурак күнү митингдери баскын астындагы жерлерде жана Израилде өткөрүлүүдө. Палестиналыктар менен бирге Израиль өкмөтүнүн Негеведден чыгарууга аракет кылган бедевилер жана израилдик тынчтыкты жактаган активисттер да митингге катышышты. Бул жылкы катышуучулардын арасында Адам укуктары үчүн Гамбург тобунун өкүлүнүн да болушу көңүлдөрдү бурду.

Бул жылдын Топурак күнү жаңы бир жерлерди алуу толкунунан кийин келди. Бул жаңы толкун Осло процесси башталган 1990 - жылдардын башынан бери эле маанилүү болуп келе жатат.

Март айынын ичинде Израиль Батыш Шерианын түндүк жана орто бөлүктөрүндө 1200 гектардык аянтты конфискациялоо үчүн аракетке өттү. Бул аянттын жарымы азыркы учурда бар болгон отурукташуу жерлерин кеңейтүү үчүн колдонулат. Артта калган бөлүгүнө да жаңы отурукташуу жерлери курулат. БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1967 – жылдагы согуштан кийин чыгарган 242- чечимине караганда бул жерлер басылып алынган жерлер статусунда. Айрыкча бул чечим басып алуу жолу менен жерге ээ болуу эл аралык укукка тескери. Бул акыркы кыймыл азыркы учурда болуп жаткан Иерусалим Интифадасы отун күчтөндүргөн эң негизги себептердин бири. Бул саясаттар Палестина жана Израиль коомуна ачыкча муну билдирүүдө : Израиль мамлекетинин күн тартибинде тынчтык жана эки мамлекеттүү чечүүчү жол жок.

Израиль эл аралык коом тарабынан үзгүлтүксүз айыпталууда. Бирок бул айыптоолор эч качан Израилди укуксуз түрдө жерлерди алуу жана палестиналыктарды жерлеринен ажыратуу саясаттарынан баш тарттыра турган мүнөздө болбой жатат. Тескрисинче АКШнын жана Европа Биримдигинин экономикалык жактан өнүккөн бир өлкө катары кабыл алынган Израилге аскердик жана башка жагдайлардагы финансылык жардамдары улантылууда. Мындай абалда да айыптоонун баш тарттыруучу болушун күтүү мүмкүн эмес.

Бүгүн Палестина коому дуушар болгон абалды чече турган жол көрүнбөйт. Келечекте чечүүчү жолдун көрүнбөшү эскерүү күнү болгон Топурак күнүн абдан маанилүү кылып жана эркиндик үчүн кыймылдарын күчтөндүрүү жана арттырууларына себеп болууда.



Тектеш кабарлар