Түркия терезесинен Жакынкы чыгыш - 09

Ливияда биримдик өкмөтү, экинчи тышкы кийлигишүү жана Түркия

445028
Түркия терезесинен Жакынкы чыгыш  - 09

Ливия 2014 - жылдын ортолорунан бери эки өкмөттүү көрүнүшкө ээ. Ал күндөн бери БУУнун жардамы менен бир улуттук биримдик өкмөтүнүн курулушу үчүн аракет кылынууда жана экинчи тышкы кийлигишүүнүн болуп же болбой турганы талкууланууда. Бирок 2014 – жылдын ортосунан кийин тышкы кийлигишүү жана кимдердин кийлигишүүгө кирери да сөз болууда. Билинбеген нерсе качан жана кандай болоору, Ливия ичинен кайсы элементтер менен бирдикте кыймыл кылаары жана бул топтордун арасында кандай макулдашуунун чыгаары эле.

Демократия эрежелерине ылайык ишке ашкан 2012 - жыл 7 - июлдагы шайлоодон кийин түзүлгөн Улуттук жалпы конгрессте эч бир саясий партия жалгыз бийликке келген көпчүлүккө жете алган эмес. Ошондуктан шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөт абдан чоң өлчөмдө бардык саясий күчтөр өкүлү болгон улуттук биримдик өкмөтү мүнөзүндө болуп жаткан. Ушуга карабастан Улуттук жалпы конгрессте бир улуттук биримдик парламенти сыяктуу иштей алган жок. Шайлоодон мурда өткөөл мезгилдин премьер – министрлеринен Махмуд Жибрил башкарган саясий союздаштык менен Мусулман бир туугандардын тегерегинде чогулган союздаштык блогунун арасында конкуренция чыкты. Саясатчылардын арасында катуу жүргөн күч күрөшү Каддафи режими кулагандан кийин тазалана албаган куралдуу күчтөрдүн бири бири менен кагылышууларын кошо алып келди.

2013 – жылдын жайында Египетте Мусулман бир туугандардын тазалануусунан кийин Ливияда ушуга окшогон тазалоонун болбошунун себеби бул кыймылдын ичинде орун алган саясий биримдиктин таасирдүү бир куралдуу топко ээ болушу. 2014 – жылдын биринчи жарымында ЦРУ байланышы менен билинген генерал Халифе Хафтердин Булуң өлкөлөрү жана Египет өнөктөштүгүндө бир сценарий менен арага киргизилүүсү саясий жана аскердик абалды дагы да баш – аламан абалга алып келди. Каддафинин кулашынан кийин пассивдештирилген бир фигура болгон Хафтер кайрадан аракетке өткөрүлгөн. Мусулман бир туугандардын обочолонтулуусу менен аскердик күрөш баштаган Хафтер Жибрил союздаштарынын колдоосун алган. Хафтер өзүнө эл аралык мыйзамдуулукту алуу үчүн террорго каршы күрөш ураанын жактырган.

2014 - жылдын июнь айынан баштап өлкөнүн чыгышы менен батыш аймактарында ар башка куралдуу топтордун арасында согуш чыга баштады. Ошол эле учурда өлкөдө эки башка өкмөт ортого чыкты. Борбор шаар Триполиде Мусулман бир туугандар жана Мысрата куралдуу топторунун борборун түзгөн МГК өкмөтү менен өлкөнүн чыгышында Тобрук шаарында иш алып барган Депутаттар Парламенти өкмөтү бири бирине атаандаш катары иш баштаган. Бирок эл аралык коом 2014 - жылы июнь айында аз киши катышкан шайлоонун акырында түзүлгөн Депутаттар Парламенти өкмөтүн расмий өкмөт катары тааныды.

Өлкөдө күч алган ыраатсыздык, эки абалдын алдын ачуу менен Батыштын күн тартибине кайрадан аскердик кийлигишүүнүн келишине себеп болду: Африкадан Европага карата качкындар багытынын Ливия аркылуу өтүшү жана ДЕАШтын Ливияда өзүнө негиз пайда кылуусу менен аянтын кеңейтүүсү. Ливияда эки лагердин ортосундагы кагылышуулар жарандык согушка карай бара жатат жана бул абалдан тынчсыздануу менен биринчи кадамды таштаган жана тараптардын мамилесин жакшыртууга аракет кылган өлкө Түркия болду. Бирок ар бир саясий түзүлүш менен диалог саясатын жүргүзгөн Түркия башка өлкөлөр сыяктуу Мусулман бир туугандарга каршы мамиле кылбагандыктан Тобрук өкмөтү тарабынан душман деп жарыяланды. Булуң жана Египеттин колдоосуна карабастан Хафтер күчтөрү Триполи өкмөтүнүн куралдуу күчтөрдүн алдында үстөмдүктү көрсөтө албагандыктан батыштык өлкөлөр БУУнун арачылыгы менен тараптардын арасында макулдашуу жана улуттук биримдик өкмөтүнүн курулушу жолунда аракет кылган.

Расмий түрдө таанылган Тобрук өкмөтү батыштык өлкөлөрдү көптөгөн жолу кийлигишүүгө чакырган. Белгилүү бир мезгилге чейин Египет менен БАЕден жардам да алган. Бирок батыштык элдердин кош көңүлдүүлүгү Египетти аскердик жардамдан саясий жардам берүүгө багыттаган. Ал түгүл Тобрук өкмөтү Орусияга да чакыруу салган. Бирок батыштык элдер Тобрук өкмөтүнүн чакыруусуна таянган бир кийлигишүүнүн керек болгон мыйзамдуулуктан алыс экенин ойлошкон.

Башта Хафтер болуу менен Тобрук өкмөтүн түзгөн саясий топторго ишенбеген Триполи өкмөтүн түзгөн топтор БУУнун арачылыгы менен жасалган арачылык демилгесине жылуу карашкан эмес. Мына ушундан улам аракетке өткөн Түркия, Триполи өкмөтүн сүйлөшүү столуна келүүгө көндүрүүдө абдан маанилүү роль ойногон.

Триполи жана Тобрук өкмөттөрү 2015- жылдын июль – декабрь айларында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында араларындагы көз караш айырмачылыктарынын көпчүлүгүн жойо алган эмес. Бул келишимдердин негизинде түзүлгөн тогуз кишилик Улуттук шайкештик өкмөтүнүн органы белгилеген биринчи министрлер кеңеши Тобрук өкмөтүнүн бекитүүсүн ала алган эмес жана 17 министрден ашуун болушун талап кылган. Түзүлгөн жаңы кабинет депутаттар парламентинин бекитүүсүн күтүүдө. Бирок ошол эле учурда АКШ Ливияда учкучсуз аба унаалары менен операцияларын баштаган. Бир жумага жакын мурда борбор шаар Триполи жакындарындагы ДЕАШ буктурмаларына кол салуу жасаган. Басма сөзгө билдирилген бир документ Францияын Хафтердин бөлүктөрүнө жардам берүү үчүн кичинекей атайын кыймыл полкун Бенгазиге жибергенин ортого салган. Бул абал батыштык мамлекеттердин эми кийлигишүү үчүн дагы көп күтүү ниетинде эмес экенин ортого салууда. Ошондуктан да Депутаттар Парламентинин эртерээк жаңы кабинетти бекитүүсү үчүн кысым жасоону арттыруусуна так кароо керек.



Тектеш кабарлар