Түркия терезенинен Жакынкы Чыгыш -08

Сирияда ПЙД, Түркияда террор

444688
Түркия терезенинен Жакынкы Чыгыш  -08

16 - сентябрь шейшемби күнү Анкарада болгон террордук кол салууда 28 киши каза болуп, 61 киши жараланган. Президент Р. Т. Эрдоган Анкарада аскердик кызматкерлерди ташыган машиналар өтүп бараткан кезде жасалган кол салууга байланыштуу сөзүндө буларга орун берди: «Ахлактык жана адамзаттык чеги болбогон бул кол салууларды жасаган оюнчуктар жана алардын артындагы күчтөр менен күрөшүүбүздү күн сайын чечкиндүү түрдө улантуудабыз. Биримдигибизге, келечегибизге карата, чек араларыбыздын ичинде жана тышында жасалган кол салууларга жооп берүү боюнча чечкиндүүлүгүбүз мындай кыймылдар менен да күчтөнүүдө. Түркиянын мыйзамдуу коргонуу укугун, ар дайым, бардык жерде жана ар кандай абалда колдоно алары билиниши керек. Террордук уюмдарды колдонуу менен өлкөбүздү жана калкыбызды максатынан алыстатууну ойлогондор жаңылышкандарын көрүшөт».

Президент Эрдогандын бул сөздөрүнүн акыркы күндөрдө Сирияда болгондор менен байланышынын бар экени айкын. «Оюнчук» деп мүнөздөлгөн кол салууну жасагандардан башка бул билдирүүнүн түздөн түз Орусияга же кыйыр түрдө АКШга карата экенин да айтууга болот. Союздаш катары Түркия – АКШ карым – катнаштары Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин башталды. Түркия 1952 - жылы мүчө болгон жана узун өмүрлүү болгон уюм НАТОдо АКШдан кийин эң көп аскерге ээ болгон өлкө. Бирок акыркы төрт жылдан бери АКШ менен карым – катнаштарында Түркиянын көңүлүн калтырган абалдар болууда.

Буга эки абал өбөлгө болду. 2013 - жылы Египеттин алгачкы шайланган президенти Мухаммед Мурсинин аскердик сокку менен бийликтен алыстатылуусу процессинде АКШ олуттуу каршылык көрсөткөн жок. Ал түгүл зомбулукту мыйзамдаштырган мамилени көрсөтүүсү түрк өкмөтү тарабынан сынга алынды.

Көңүл калтырган башка бир элемент болсо аймактык жана глобалдык күчтөр да кирген согушка айланган Сирия кризисинде башынан бери АКШ жактырган кыймыл. Асад режиминин көтөрүлүштү бастыруу үчүн жасаган зомбулук, химиялык курал колдонууга чейин баруусуна карабастан АКШ башкаруусу маселенин чечилүүсүндө жалпысынан мажбурлоочу тарап болуудан алыс турду. ДЕАШтын 2014 – жылы күтүлбөгөн жерден Иракта жана Сирияда өзү тууралуу сөз кылдырган актер катары ортого чыгуусу АКШнын Сирия күрт уюмдарынан ПЙД жана анын куралдуу күчү ЙПГ менен абдан жакын байланыш куруусуна себеп болду. Бул абал Түркия үчүн башынан бери маселе жаратып келген. Себеби ПЙД 1970 – жылдан бери Түркияга каршы күч колдонуп келген жана Түркия тарабынан террорист катары кабыл алынган жикчил ПКК менен жакын карым – катнашы бар. Ал түгүл Түркия үчүн ПЙД – ЙПГ, Сириядагы ПКК болуп саналат.

Акыркы бир жылдын ичинде оболу АКШдан жана 2015 - жылы октябрь айынан баштап Орусиядан жардам алган ПЙДнин дайыма аянтын кеңейтүүсүн, Түркия өз коопсуздугуна карата коркутуу катары түшүнгөн.

Өзгөчө акыркы эки жуманын ичинде Түркия менен АКШнын ортосундагы келишпестик чоңойо баштады. Асад режиминин оппозициячылдарына карата Орусия баштаган кол салуу ПЙД – ЙПГ үчүн абдан ыңгайлуу чөйрө жаратты. Уюм Сириянын түндүгүндө бардык Түркия чек арасын камтыган аянтты өз бийлиги астына ала тургандай түрдө кыймылга өттү. АКШнын ПККны террордук уюм катары кабыл алганына карабастан ПЙДге башка баа берүүсү, ПЙДнин күчүн арттырган. Уюм Түркиянын нааразычылык билдиргенине карабастан оппозициячылдардын колундагы Менаг аба базасын жана Тел Рифат кыштагын колго алган жана Азезге жакындаган. Менаг базасынан чыкпашы, Түркиянын Сириядагы ПЙД – ЙПГ буталарын атуусуна себеп болгон.

Түркия жетекчилеринин сындарында «оюнчуктун артындагы күч» катары реферанстын Орусияга карата экени так. Асад режиминин кургактыктан алдыга жылышына абадан жардам берүү менен Халеп жакындарындагы оппозициячыл күчтөргө каршы кол салууга өткөн Орусия мектеп жана оорукана сыяктуу жарандык буталар менен аскердик буталардын арасында айырмачылыкты көрсөткөн эмес. Бирок Асад режиминин жашап калуусу үчүн акыркы төрт айда 22 оорукана жана 27 мектепти бомбалаган, жүздөгөн жаранды өлтүргөн Орусия ПЙДге карата алдына алган чараларынан улам Түркияны Коопсуздук Кеңешине арызданган. Түрк өкмөтүнүн көзүндө болсо, Орусия, ПЙДни бир оюнчак катары колдонгон күчтүн дал өзү.

Жарандардын атылуусу жана режимге колдоо берүү менен бирге Түркия үчүн кабыл алынбай турган башка бир абал да араптардын жана түркмөндөрдүн үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушу. ПЙДнин аракетке өтүүсү менен аймактагы этникалык түзүлүштү өзгөртө тургандай түрдө миңдеген киши көчүүгө мажбур болгон. Иштин чыны Орусиянын операцияларында ДЕАШ негизги бутасы болгон.

Орусия бул кол салууларында эң көп Түркиядан Халепке карай кеткен, оппозициячылдар колдонгон коридорду жабуу деген ой менен кыймыл кылган. ЙПГ да Орусиянын жалпы планына колдоо берүү жана өз пайдасын ойлоо менен аракетке өткөн. Мындай абалда Түркия эки жолго кайрылган. Биринчиси АКШны ПЙДни колдоо менен Түркияга залал бергенине ишендирүүгө аракет кылган. Экинчи болуп ПЙДнин дагы көп алдыга жылуусуна бөгөт болуу үчүн аскердик чараларды көргөн.

Бирок АКШнын ПЙД тууралуу Түркия менен бирдей көз карашта болбошу жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен баш ийдирүүчү болбосо да добуш бирдиги менен Түркияга каршы чечимдин чыгуусу, саясий жактан Түркиянын баш тарттыруучу күчүнө тескери таасир берген. Акыйкаттан да мындан кийин Анкарада Түркиянын аскердик кызматкерлерине карата террордук кол салуунун жасалашы түрк өкмөтүнүн абдан чоң каршы чыгуусуна жол ачты.

Террорду азыркы учурда эл аралык коом бетме – бет келген маселелер тизмесинин эң башында турат. Террорго каршы чечкиндүү күрөш, бирок бардык улуттардын бирдикте кыймыл кылуусу менен мүмкүн болот. Антпесе террор балээсинен эч ким кутула албайт. 35 жылдан бери террордон кыйынчылык тартып келген өлкө катары Түркиянын эл аралык коомдун убадасында туруп, чечкиндүү болушун күтүүсү туура.



Тектеш кабарлар