Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш

Орусия Сирияда негизги чечим чыгаруучу болууну каалайт

425380
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш

Орусия, Сирияда ДЕАШка каршы согушуу урааны менен түздөн түз Сириядагы согуштун ичинде орун алганына карабастан стратегиясын Сириянын саясий келечегин белгилөө максатында кыймыл кылууда. Орусия, Асад режимине каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүлөрдү эки категорияга бөлүүдө: Асад менен сүйлөшүүгө жана Асад болгон өткөөл мезгилине ыраазы болгондор жана болбогондор. Ушунун негизинде Орусия, мыйзамдуу оппозициячыл түзүлүш катары бир гана Эркин Сирия армиясын жана Демократиялык биримдик партиясы менен анын аскердик бөлүгү болгон Элди коргоо бөлүктөрүн кабыл алууда.

Сириялык көтөрүлүшчү уюмдардан Ислам армиясынын лидери Зехра Аллуштун өлтүрүлүшү Орусия жана Сирия үчүн маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кимдердин катышып катышпай турганын жаздырды деген мааниге келүүдө. Муну менен бирге өзгөчө Асад режиминин алмашуусунда катуу турган аймак өлкөлөрүнүн таасирин да чоң өлчөмдө чектөөнү максат кылууда. Бул ошол эле учурда Обама өкмөтү үчүн да берилген белги мүнөзүндө.

Орусия Сириянын кийлигишүүсү менен баарыдан мурда Украина кризисинен улам учураган изоляциядан өтүп кайрадан эл аралык коомго кирүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Путин Сирияда абдан жөнөкөй жана куру кыял болбогон максаттардын алкагында кыймыл кылууда. Бул максаттар Орусиянын чектүү мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктуу түрдө белгиленгендей. Асад режимин саясий абал катары коргоого аракет кылууда. Бул Орусиянын аймактагы таасирин улантуу жана келечектеги чечүүчү жолго бөгөт болуу үчүн керектүү. Путиндин максаты Сириянын расмий чек араларынын баарында өкүмдүк кыла турган Асад режимин кайрадан жандандыруу эмес. Иранды четке кагып анын ордун толтура турган күч катары Сирия теңдемесинде орун алууну да пландап жатат. Путин үчүн Асаддын жеңилбеши жана саясий актер катары майдандан чыкпашы жетерлик болот. Муну ишке ашыруу менен Орусиянын аймактагы Америка жана союздаштарынын таасирин бир аз дагы жоготорун айта алабыз. Ошол эле учурда Орусия 1970 – жылдардан бери аймакта эч качан таба албаган бир аскердик күч болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондуктан Асаддын бийлигин коргоп калуусу Москвага Жакынкы Чыгышта жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде орун алуунун пай дубалын түзүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Мындай абалда Орусиянын аймакта НАТОнун болушуна каршы бир альтернатив күч түзүүнү стратегиялык бир максат кылганын айта алабыз.

Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында биринчи жолу бир Орусия аба базасынын курулушу бул стратегиялык максатка карата демилге катары алдыбызга чыгууда. Бул максатта ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде колдонулуусу эч мүмкүн болбой турган алдыңкы технологиядагы ракеталык системалары, аба үстөмдүгүн түзүүгө карата учактар жана ракета ташыган кемелер да аймакка алып келинген. Унутулбашы керек болгон башка бир жагдай да : АКШ жана Улуу Британиянын тышында суу түбүнөн ракета жиберген үчүнчү аскердик күч катары да ушул кийлигишүүнүн саясында Орусия аскердик күчтөрдүн арасына киргенин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Азыркы учурдагы шарттар менен Сирия Орусиянын чыгарган куралдарын тест кылуу мүмкүнчүлүгүн тапкан аянт болууда. Башка бир сөз менен айтканда Сирия азыркы учурда Орусиянын АКШ жана союздаштарынын алдында күчүн көрсөткөн кагылышуу логикасы. Орусия бир тараптан Батышка каршы аймакта өз аскердик жана стратегиялык абалын күчтөндүрүп, бир тараптан да ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн кызматташтыктын негизинде Иран жана Асад режиминин Сирия куралдуу оппозициясына каршы согушта да мыйзамдаштыруучу стилде кыймыл кылууда. Бул абал Орусия жол башчылык кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Иран жана Асад режиминин легитимдүү тараптар катары орун алуусун жеңилдетүүдө. Муну менен бирге Орусиянын Ирандын союздаштык желеси менен курган карым – катнаш аймактагы бир орус жоопкерчилигинин өнүгүшүнө салым кошууда. Путин колундагы булактарга ылайык максаттарды белгилеп, бир стратегист сыяктуу кыймыл кылууда. Бирок жүргүзгөн саясатынын рационалдуулугуна карабастан ичинде бир дилема бар. Стратегиясы Орусия үчүн эсептери туура чыкса да кыска мезгилдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатат. Узун мезгилдүү Сирия кризиси чечүүчү жолго баш ийдириле албаса Орусиянын олуттуу бир кризистин ичине түшүүсү качылгыстай көрүнүүдө.


Этикеткалар: #Программа , #анализ

Тектеш кабарлар