Түркия жана дүйнө күн тартиби-146

Түркиянын бири кубанычтуу бри кайгылуу күнү.

393337
Түркия жана дүйнө күн тартиби-146

Өткөн аптада Түркия бири кубанычтуу, сыймык булагы болгон окуяга күбө болсо, экинчиси кайгылуу жана жаман окуя менен чайпалды. Экөө тең Түркия тарыхында алгач ирет болгон абал болсо да карама-каршылыктуу жана чындыгында маанилүү белгини берип турду. Биринчи Түркия Республикасынын атуулу проф. др Азиз Санжардын химия тармагында «Нобель» сыйлыгы менен сыйланышы боюнча кабар келди. Кабар эң аз эки себеп менен тынчтык жана кубаныч булагы эле. Биринчиси проф. Санжардын эмгектеринин рак менен күрөшүүдө олуттуу жүрүш жана адамзат тарыхын өзгөртө ала турган табылга катары каралышы.
Экинчиси да проф. Санжардын сабатсыз бир үй-бүлөнүн баласы катары ушул деңгээлге чейин жогорулашы болду. Бул жогорулоо Түркия Республикасындагы эң мүмкүнчүлүгү аз кишилердин дагы өзүн эң мыкты түрдө жетилте алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло ала турганын көрсөтүүдө. Бул болсо Түркиянын өзгөчө айрым өлкөлөр үчүн мисал боло ала турган сапатка жана стандартка ээ болгонун көрсөтөт.
Ушул жагынан алганда абдан маанилүү жагы да проф.Санжардын сыйлыктан кийинки жарыясында өзүн этникалык теги же диний агымы менен эмес, улуттук өздүгү, түрктүгү менен тааныткан болушу. Бул жарыялоолору, этникалык жана агымдык бөлүнүүлөргө туш болгон Сирия жана Ирак сыяктуу жакынкы Чыгыш өлкөлөрү эске алынганда маанилүү билдирүү болуп саналат. Бул билдирүүнүн ошондой эле коркунучту Түркияга да жаюуга аракет кылган, б.а. түрк-күрт же суннит-алеви сыяктуу жикчилдикти өндүрүүгө аракет кылган жаман ниеттүү бирөөлөр жагынан да маанилүү экени айтылса жаңылыш болбойт.
Проф. Санжардын бул оң билдирүүсү ушунчалык таасирдүү болуп, айрым жаман ниеттүүлөр бул билдирүүдөн тынчсызданышты жана Түркия 3 күндөн кийин буга карама-каршы окуяга дуушар болду. 10-октябрда Анкаранын борборунда болгон террордук кол салууларда 99 киши каза болду, жүздөн ашуун киши жаракат алды. Түркия тарыхынын эң чоң террордук кол салуусу, бүтүндөй өлкөнү аза күттүрдү. Коомдук саясий жана башка актерлор, кол салууга каршы дароо бир добуштан каршылык көрсөтүштү.
Кол салуу эки жанкечтинин үстүнө байланган бомбаны жардырып жиберүүсү менен болгону расмий түрдө жарыяланып, кылмышкерлерден бири ким экени азарынча тактала элек. Бул темага байланыштуу изилдөөлөр дагы эле уланып жатканы менен бирге, премьер-министр Ахмет Давутоглу жана айрым тийиштүү кишилер кол салгычтын ДЕАШ террористтери болушу мүмкүн экенин жарыялаган. Айрым адистер да, Анкара кол салуусунун формасынын ДЕАШ кылганы такталган 20-июлдагы Суруч кол салуусу менен бирдей болгонун жарыялашты. Бул маалыматтар көрсөтүп тургандай ДЕАШ террор уюму Сирия жана Ирак менен катар Түркияда да террордук кыймылдарын кылып жатат.
Ал эми андан да маанилүүсү ким кылса дагы бул кол салуулардын себебине токтолуу керек болуп турат. Бул кол салуулардын үч неизги себеби бар экени алдыга коюла алат. Биринчиси Түркиянын Сирия жана Ирак жарандык согуштарына тартылуу планы болуп саналат. ДЕАШ, ПКК жана башка террордук уюмдар же булардын артындагы караңгы күчтөр, Түркияны дагы көп ыраатсыздаштыруу үчүн Жакынкы Чыгышка тартууну ойлогон болушу мүмкүн. Түркия, албетте ДЕАШ менен дагы ПКК менен дагы жана башка террордук уюмдар менен дагы күрөшүүдө, БУУ эл аралык коалициянын алкагында террорго каршы күрөш жүргүзүүдө. Ал эми саясат, так түрдө Түркиянын Жакынкы Чыгыш баш аламандыгына кире турганы түшүнүгүн бербейт жана бербеши керек.
Экинчиси Анкара кол салуусу, Түркиянын 1-ноябрда өткөрө турган парламенттик шайлоосуна таасир тийгизүү жана ушундайча ыраатсыз чөйрөдө шайлоого барылышы максаты менен жасалган болушу мүмкүн. Бул ыктымалдуу ыпылас пландын дагы Түркиянын демократиялык системасын кулатууну ойлогон болушу мүмкүн. Жаман ниеттүү бирөөлөрдүн түрк саясатын манипуляция кылып, өз текшерүүсүнүн астына киргизүүгө аракет кылганы ойлонулса болот.
Үчүнчүсү жана эң маанилүүсү да Анкарадагы жана башка кол салуулар, Түркия Республикасынын өнүккөн, цивилизациялуу өлкө болушун токтотууну пландаган болушу мүмкүн. Түркияны проф.Санжар сыяктуу өзүнө, өлкөсүнө жана адамзатка илимий табылгаларды жасаган өлкө болуудан чыгарууну жана караңгылыкка алып барууну максаттаган болушу мүмкүн. Түркиянын заманбапташуу, өнүгүү жана гүлдөө процессин токтоткусу келгендер болушу мүмкүн.
Кол салуулардын максаты, белгиси же кылмышкерлери ким болсо дагы, тарыхый тажрыйбалар көрсөтүп тургандай, Түркия Республикасы жана акыл эстүү башкаруучулары бул тузактарга түшпөйт. Түркия балким мындан да жаманын көргөн 1970-жылдардагы жана 1990-жылдардагы террордук коркунучтарын жеңип чыгууда ийгиликтүү болду. Бул акыркы толкунду да жеңе алат. Анткени 78 миллиондук Түркия, керек болсо орто эсеп менен 700 жылдык осмондук тажрыйбасы, керек болсо орто эсеп менен 100 жылдык республика ийгилиги, ушундай түрдөгү коркунучарды ашып өткүдөй аң-сезимге ээ болууда.
Албетте Түркиянын билим берүү, окутуусу жана башка бир топ мекмелери проф.Санжар сыяктуу баалуулуктарды адамзатка белек кылуусун улантат. Айрым убакта бир жаман окуя миңдеген ийгиликтин себеби болушу мүмкүн болгондуктан, акыркы жумада болгон карама-каршы окуяларга ушул жагынан да кароо мүмкүн. Түркиянын татаал күндөрдү башынан өткөргөн Суук согуш жылдарынан суурулуп чыгып Нобелге жетишкен 69 жаштагы проф.Санжар да муну далилдеп тургансыйт! Албетте бул ийгиликтердин уландысы болот, террор сыяктуу апааттар эң кыска убакта соңуна чыгат. Ал эмес Түркиянын багыты Европа Биримдиги жана өнүккөн дүйнө ичинде орун алуу, «өлкөдө тынчтык болсо, дүйнөдө тынчтык болот» дегендей, ошон үчүн күрөшүүдө.
Мармара университетинин саясат илимдери жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу проф.Рамазан Гөзендин бул темага байланыштуу баамдосун окудуңуздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар