Түркия жана дүйнө күн тартиби-145

Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы.

353261
Түркия жана дүйнө күн тартиби-145

БУУнун жыйналыштарынан кийин дароо Сириядагы жарандык согуштарда кыймылдуулук башталды. Бул кыймылдуулуктун борборунда Орусиянын Сирияда абадан операцияларды баштоосу орун алды. Бул операцилардын эл аралык укук жана террор менен күрөшүү жагынан талашка ачык жактары менен катар, чыныгы талаштуу жагы Орусиянын операцияны эмне үчүн кыла баштаганы, максатынын эмне экени? Орусия ДЕАШ менен күрөшүү үчүн операция баштаганын билдирсе дагы, ишке ашырууда мындан оор аба оперциялары болуп жатат. Операцияларда ДЕАШтан тышкары оппозициячылдар да атылганы жана көп сандаган жарандын каза тапканы жарыяланды. Орусия, ДЕАШ менен күрөшүп жатканда эл аралык укуктун чектеринен ашууда. Бул абал дүйнөлүк коомдук пикирде олуттуу кооптонууларды жаратканы сыяктуу ДЕАШка каршы коалициянын 7 өлкөсүн да санаага салды. Түркия, АКШ, Франция, Англия, Германия, Катар, Сауд Арабиянын биргелеше жарыялаган орток декларациясында операциялардын ыраатсыздыкты жана радикализмди дагы да күчөтө турганы менен Орусияны эскертишти. Эң күчтүү каршылык көрсөтүү да табигый түрдө Түркиядан болду. Ал эмес бул операциялар убагында бир орус учагы Түркия чек арасынан кыска мөөнөткө өтүп кетип, кичине бир кризис жаратты. Президент Эрдоган Орусиянын аскердик операцияларын жана эреже бузууларынын от менен ойноо болгонун, Сириянын, аймактын жана Түркиянын коопсуздугун коркунучка салганын айтты.
Орусиянын абадан оперциялары жана андан кийин пайда болгон абал абдан олуттуу болуп, Сирия жана аймактык тең салмактуулуктар жагынан коркунучтарды камтууда. Булар 3 жагдайда анализ кылынса болот; биринчиси, Орусиянын Украинадан кийин эми Сирияда ишке ашырган аскердик саясатынын мыйзамдуулугу жана чектери кандай болот? Экинчиси Орусиянын аскердик күчүн орой түрдө көрсөтүшү, Сирияда, аймакта жана жалпысынан эл аралык системада кандай жыйынтыктарды туудурат? Үчүнчүсү бул абалга карата НАТО жана Батыш шериктештигинин ишеничтүүлүгү жана каршылыгы кандай болот?
Эң оболу операциянын мыйзамдуулугу күмөн санатууда. Канчалык Орусия бомбалоолорду өзү мыйзамдуу көргөн Асад режиминин талабы менен кылганын жарыяласа да, жарандардын өлүмү бул мыйзамдуулукту жарактан чыгарууда. Ал эмес согуш укугунун талабы боюнча, согушта дагы жарандардын өлтүрүлүшүнө тыюу салат. Бир тараптан операциянын мыйзамдуу болушу үчүн БУУнун токтомуна негизделиши керек эле, а бирок бул темада атайын токтом жок. Орусия, операцияларын БУУнун коопсуздук кеңешинин ДЕАШ террор уюмуна каршы токтомдоруна негиздеген болушу мүмкүн. Ал эми мунун БУУнун токтомдорунун негизинде жалгыз бир өлкө тарабынан ишке ашырылбоосу жана БУУнун мүчөлөрүнүн коллективдүү катышуусу менен жасалышы керек эле. Ал эмес операциялардын башка бир өлкөнүн коопсуздугун коркунучка салышы кабыл алынгыс жана чээнден чыккан абал болуп саналат.
Бир тараптан Путин, БУУ жана башка жерлердеги сөз сүйлөөсүндө Сириядагы жарандык согуштун саясий-жаран ыкмалары менен чечилиши керектигин декларация кылган. Аскердик операциялар Путиндин декларациясына дал келбейт. Ал эмес Орусиянын өзгөчө Украинадагы жаман тажрыйбасы,операциялар туурасында олуттуу санааркоолорду туудурууда. Орусия, Украинанын террриториясы Крымды басып алып, аннекция кылды жана андан соң расмий түрдө өзүнө байлады. Бул абал БУУ принциптерине жана эл аралык укукка эч жатпайт. Эми ушуга окшогон бир нерсенин Сирияда да жасалышынан шек саналууда. Орусия, Сирияда да айла жок болуп жатат деген шылтоо менен жаңы чек араларды түзөбү?
Экинчиси Орусиянын операцияларынын аймакта жана дүйнөдө кандай жыйынтыкарды туудура турганы жана эл аралык коопсуздукка кандай таасир тийгизе турганы болуш керек. Операциялар эмитеден эле Сирияда жана аймакта кооптонууну туудурду. 7 чоң өлкөнүн каршы чыгуусун тартып, бирок өзгөчө чек аралаш Түркияны санааркатууда. Сирия өз ичинде жарандардын, мыйзамдуу оппозициянын жан коопсуздугун коркунучка салды. Бул абал аймактагы саясий жана аскердик тең салмактуулуктун бузулушуна жана дагы көп ыраатсыздашууга себепчи болушу мүмкүн. Орусиянын Иран, Ирак жана Сирия менен түзгөн ДЕАШка каршы союздаштыгы, аймакта жаңы полярдуулуктун белгиси. Бул төрт өлкөнүн кызаматташуусу террорго каршы колдошуубу же жаңы полярдуулукпу? Эгер экинчиси болсо Жакынкы Чыгышта жаңы геосаясий кризис болуп жатат жана аймакта абал чыңалууда. Бул полярдуулук Жакынкы Чыгыштагы маселелердин чечилиши эмес, күч тең салмактуулугу маневрлары менен жаңы кризистердин жана кагылышуулардын пайда болушуна жол ачышы мүмкүн.
Бул болсо үчүнчүдөн, так эле Суук согуш мезгилинде болгону сыяктуу, жаңы Чыгыш-Батыш кагылышуусун пайда кылышы мүмкүн: Бир тарапта Орусия багытында Жакынкы Чыгыш блогу, экинчи тарапта АКШ жана НАТО багытында Жакынкы Чыгыш блогу. Мунун аймак жана дүйнө саясатына терс таасирлери мындай турсун эмитеден НАТО шериктештигин кыйын абалга түшүрдү. Ал эмес НАТО Орусиянын Украинаны басып алуусунун алдында эч кандай таасир көрсөтпөгөнү сыяктуу, Сирия темасында да көзгө урунаарлык мамиле көрсөтө алган жок. АКШ да арасында болгон эскертүү билдирүүсү, так жыйынтык алып келе элек.
НАТО жана Батыш шериктештиги Орусиянын аскердик күчүнүн алдында баш тарттыруучулугун камсыздай албай, Орусияны токтото албай турат. Мунун абдан орчундуу түшүнүгү бар: Орусия барган сайын жогорулаган аскердик күчкө айланып баратканда, АКШ жана Батыш аймакта жана дүйнөдө, аброю менен абалын начарлатууда. Бул абалдын дүйнө системасы жана адамзат үчүн кандай жыйынтык туудура турганы чоң талаш. Ал эми бул жыйынтыктын оң болбой турганын азыртадан айтуу апыртмалуу болбойт.
Мармара университетинин саясат илимдери жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу проф.Рамазан Гөзендин бул темага байланыштуу баамдосун окудуңуздар.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар