Түркия жана дүйнө күн тартиби - 144

70 - жылында БУУ, Башкы Ассамблея жана дүйнөлүк тынчтык

386855
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 144

БУУ түзүлгөндөн бери 70 жыл өттү. БУУнун эң негизги органы болгон Башкы Ассамблея алгачкы жыйынын 1946 – жылы Лондондо өткөргөн, андан кийин Нью – Йоркто улантылды. Өткөн 70 жылда БУУ да Башкы Ассамблея да уюмдун негизги максаты болгон дүйнөнүн тынчтыгы тууралуу күтүлгөн ийгиликти көрсөтө албады. Башкы Ассамблея бардык мүчө өлкөлөрдөн турат жана «1 орундук 1 добуш» принциби боюнча мүчөлөрүнүн теңдигин кабыл алат. Уюмдун жана дүйнөнүн эң күчтүү эл аралык органы катары кабыл алынса да ишке ашыруулары жана жыйынтыктарына караганда андай эмес. Башкы Ассамблея мүчөлөрүнүн маселелерин тең жана таасирдүү түрдө чече албагандай эле бүткүл дүйнөдө да тынчтыкты жана коопсуздукту тең түзө алган эмес. Башкы Ассамблея бүгүн да бардык мамлекеттерди жана дүйнөнү канааттандыра турган ийгиликти көрсөтө албай жатат.
Мунун эң актуалдуу далилдери 1990 – жылдарда Босния согушун, бүгүн болсо 5 жылдан бери болуп келе жаткан Сирия жарандык согушуна бөгөт боло албашы. Бирок мындан да трагедиялуу мисал жеке өзү чыгарган Израиль мамлекетинин 70 жылдан бери басып алуучулугун, эреже бузууларын жана күчүн токтото албашы. Албетте Башкы Ассамблеянын бирок жалпысынан БУУнун эмне себептен ийгиликтүү боло албаганы кызыгууларды туудурууда. Университеттердеги эл аралык карым – катнаштар бөлүмдөрүнүн негизги максаттарынын бирөөсү бул маселенин себептерин иликтөө.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалим, профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
БУУнун таасирдүү болушундагы эң чоң тоскоолдук, уюмдун контролунун Башкы Ассамблеяда эмес, вето күчтөрүнүн туруктуу мүчөсү болгон Коопсуздук Кеңешинде болушу. Бирок БУУнун эл аралык коопсуздук жана тынчтык маселелеринин чечилиши жана башкарылуусу тууралуу эң жооптуу орган Коопсуздук Кеңеши. Андан да маанилүүсү Коопсуздук Кеңешинин бир темада чечим чыгара алуусу 5 туруктуу мүчөнүн (АКШ, Орусия, Кытай, Англия, Франция) добуш бирдигине караштуу. Ошондуктан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эл аралык темаларга карата мамилеси, таасирдүүлүгү туруктуу мүчөлөргө караштуу. Туруктуу мүчөлөрдөн бирөөсүнүн эле вето кылуусу менен БУУнун иш алып баруусу мүмкүн болбой жатат. 1990 – жылдарда Босния согушуна, эми болсо Сириядагы жарандык согушка чечүүчү жолдун табыла албашы ушул себептерден.
Мунун так далилдери Бакшы Ассамблеянын 70 – жыл жыйынында лидерлердин сүйлөгөн сөздөрүнөн так түрдө көрүндү. БУУ жана жалпы дүйнө саясаты тууралуу көз караштарын билдирген мамлекеттердин лидерлери маселелердин эмне үчүн чечиле албаганын көрсөтүп жатышты. Бир гана вето ээси мамлекеттерден Обама менен Путиндин эле эмес, башка кичине – орто мамлекеттердин лидерлеринин да ар башка көз караштарда экени байкалды. АКШ, Орусия жана Кытай сыяктуу чоң күчтөрдүн БУУнун жана дүйнө тынчтыгынын сакталуусу тууралуу макулдашып, бирок мында кандай ийгиликтүү болору тууралуу пикир айырмачылытары бар. Чоң мамлекеттердин акыркы жылдардагы эң орчундуу маселеси болгон Сирия, Украина, Йемен сыяктуу согуштар тууралуу терең пикир айырмачылыктар улантылууда. Мамлекеттер эл аралык укук жана принциптер, демократия, глобалдык ысынуу, улантууга боло турган өнүгүү сыяктуу дагы бир топ маселеде орток пайда эмес, улуттук пайдаларга карата кыймыл кылууну улантууда.
БУУнун эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерине чечүүчү жол таба албашынын негизги себеби мамлекеттер жана алардын күч жана пайда кагылышуулары. Чоң мамлекеттер көзөмөлгө алган эл аралык система кылымдардан бери болуп келгендей эле бүгүн да анархиялык болууну улантууда. Ошондуктан мамлекеттердин бири бири менен кагылышуусуна бөгөт боло турган жогорку бийлик, мекеме, эреже же механизм жок же бар болсо да активдүү иштбей жатат. Бардык айтылгандарга жана риторикаларга карабастан бардык мамлекеттерди жана адамзат бирдикте колдогон дүйнөлүк баалуулуктар системасы иштебей жатат. Андан да ойлонткон тарабы бул анархиялык абал ортого чыгарган жыйынтыктардын жана чыгымдын бүткүл адамзатка зыянын тийгизип жатканында. Бул чыгымдарга карабастан мамлекеттер БУУнун ичинде же тышында кызматташтык түзүү тууралуу ийгиликсиз болууда.
Чынчыл болуу керек болсо эл аралык маселелерге чечүүчү жолдун табыла албашынын негизги бир себеби согуштардын чыгымдарынын өлкөдөн өлкөгө өзгөрүүсүндө. Бардык өлкөлөр, бирок өзгөчө чоң мамлекеттер, өз пайдаларына чыгым алып келбеген согуштарды жөн гана карап турат же кызыкчылыктарын арттырууга аракет кылышууда же керектүү кыймылдарды аткарбай жатышат. Качан гана бир кагылышуу бул мамлекеттерге чыгым алып келгенде олуттуу кадам таштап жатышат.
Мунун негизги мисалы 5 жылдан бери болуп келе жаткан Сирия маселесине биринчи жолу олуттуу чечүүчү жол табуу кыймылынын көрсөтүлүүсү. Мында да эң негизги таасир оболу качкын кризисинин батыштык өлкөлөргө да зыянын тийгизе башташы, андан кийин Орусия – АКШ аскердик кагылышуу рискинин жаралуусу. P5+1 жана Ирандын бири биринин экономикалык жана стратегиялык абалынан пайдалануу үчүн атомдук келишимге кол коюлары да ушуга окшогон абал.
Жыйынтык катары 70 – жылында БУУнун жана Башкы Ассамблеянын дүйнөгө кошкон салымы бир гана мүчө мамлекеттердин эрки менен болуп жатат. БУУ жана органдары мүчө мамлекеттердин арасында келишим болбогон процессте эч бир ийгиликти көрсөтпөстөн, белгилүү бир жерде, келишишкен жерде таасирдүү болгон. Ушул себеп менен эл аралык карым – катнаштарда тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү үчүн оболу мамлекеттик системалардын тынчтык багытында реформа кылынуусу керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин пикири.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар