Түркия жана дүйнө күн тартиби - 142

Түркиянын террор менен күрөшүүсү: ИШИМ жана ПКК

352497
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 142

2015 - жылы 20 – июль күнү Суруч жана коңшу шаарларда болгон террордук кол салуулар Түркиянын чыдамын кетирди. Биринчисин ИШИМ жасаган, бирөөсүн да ПКК жасаган кол салуулар Түркиянын коомдук коопсуздугун коркутууда. Ушул себеп менен башталган Түркиянын террор менен күрөшүү саясаты күн өткөн сайын тереңдеп баратат. Күрөшүүнүн биринчи максаты глобалдык маселе ИШИМди, экинчи максат да ПКК террордук уюмун таасирсиз абалга алып келүү.
Түркия жаңы баштаган террор менен күрөшүү саясаты ичкериден жана тыштан колдоо көрдү. ИШИМ менен күрөшүү бардык батыштык жана аймактык союздаштарынан кенен колдоо алып; ПКК менен күрөшүү, бардык союздаштарынан ошондой эле катнашта болбосо да ошол деңгээлде колдоо көрдү. НАТО мекемелери менен мүчөлөрү Түркиянын ИШИМ менен күрөшүүсүн жана ушул максатта Инжирлик базасын ачуусуна союздаштык тилектештиги катары караса, ПКК менен күрөшүн Түркиянын өзүн коргоо укугу катары баа беришти. Бирок Түркиянын террор менен күрөшүү кыймылына карата тыштан жана ичкериден да тескери көз караштар болбой койгон жок. Кээ бирлери Түркиянын ИШИМ менен күрөшүүсүн жетерсиз десе, кээ бирлери да ПКК менен күрөштүн ашыкча экенин ортого салышты. Өзгөчө кээ бир батыштык өкмөттөр аскердик опреациялардын максатын ашкан операция экенин, башкалары да чечүүчү жол процесстин токтотуулуусун сынга алышты. Тыштан жана ичкериден келген башка бир сын да Түркиянын ИШИМ менен күрөшүүнүн ордуна ПКК менен күрөшүүнү алдыга чыгаруу боюнча эле.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазн Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Бул колдоолордун жана сындардын түшүнүлүүсү үчүн болгон абалдарга объективдүү кароо керек. Оболу Түркиянын ИШИМ жана ПККга каршы күрөшүнүн эмне үчүн бирдей убакта жасалганын абдан жакшы түшүнүү керек. Бул абал муктаждык жана мажбурдуулук менен ортого чыкты. Бул бир тараптан ИШИМ жана ПККнын террордук уюмдары болушунан, бир тараптан да экөөсүнүн тең Ирак жана Сирия геополитикасынын ыраатсыздык булактары болушунан чыкты. ИШИМ жана ПКК канчалык ар башка болсо да маңызы террордук кыймыл жолу менен аймактын жана өлкөлөрдүн коопсуздугун коркутууда. ИШИМ Сириянын жана Ирактын жана бардык аймактын коопсуздугун кандай коркутуп жаткан болсо, ПКК да оболу Түркиянын, түрктөрдүн жана күрттөрдүн коопсуздугун коркутууда. Ошол эле учурда Ирак менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн бузууда. ПККнын мыйзамсыз уюмдашуусу жана кыймылдары; Түркия, Ирак жана Сирия эгемендиктерине каршы чыгууда. Бул абал тилекке каршы көрүнбөй же маани берилбей жатат. ПКК менен күрөшүү Түркиянын коопсуздугунун жана эгемендигинин коргоого алынуусу менен эл аралык укукка ылайык.
Түркиянын ИШИМге жана ПККга каршы бирдей убакта кыймыл кылуусу да стратегиялык себептерге таянууда. Түркиянын батыштык союздаштары сыяктуу ИШИМге каршы узун мөөнөттүү күрөшө алуусу үчүн оболу ПКК террордук уюмун пассивдештирүүсү керек. Эч бир өлкө эки террордук уюм менен күрөшө албайт, жана күрөшүүнү да каалабайт. Мындай аракет ал өлкөгө абдан чоң чыгым жаратат. Түркиянын да ИШИМ менен күрөшүүсү үчүн оболу ПКК террорун күн тартибинен толугу менен чыгаруусу керек. Ушундайча Түркия ИШИМге каршы дагы ийгиликтүү бир перформансты көрсөтө алат жана аймактын ырааттуулуктун кайрадан түзүлүшүнө салым кошо алат. Бул жагынан каралганда НАТО союздаштары жана ИШИМге каршы бардык өлкөлөрдүн Түркиянын ПККны ликвидация кылуу аракетине колдоо берүүсү түшүнүүгө боло турган абал жана колдоо берүүнү улантуусу керек.
Бир тараптан кээ бир сындардын да туура түшүнүлүүсү керек. Бул сындар ПКК террордук уюмунун ликвидация кылынуусу үчүн аскердик методдордун туура эмес экенин, мунун ордуна 2013 – 2015 – жылдардагы чечүүчү жол процессине кайтуусун жактап жатат. Албетте чечүүчү жол процесси оң бир абал жана албетте дүйнөдөгү бардык башка террордук уюмдар сыяктуу ПКК террордук уюмдун соңуна чыгуусу үчүн да саясий кадамдарга муктаждык бар. Бирок унутлбашы керек болгон нерсе ПКК террордук уюму чечүүчү жол процессинде куралын таштаган жок жана чек арадан чыкпастан тескерисинче дагы чоң коркунуч болду. ПКК айыл, кыштак жана шаарларда кыймылдары жүргүзүп, мамлекеттин бийлигине каршы куралданууну улантып, акырында террордук операцияларын кайрадан баштаган. Эч бир мамлекет же коом өз адамдарына карата жүргүзүлгөн куралдуу террордук уюмга каршы үнсүз кала албайт.
Акыркы болуп ИШИМ жана ПКК өзгөчө түндүк Сирияда бир бири менен согушуп жатканда бир гана Сирияны эле эмес, Түркияны да коркуткан. Булардын кайсынысы жеңсе жеңсин тийиштүү өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгүн бузат. ИШИМ да ПКК да бири биринен айырмасы жок. Баары коркунучтуу жана экөөсү менен күрөшүү керек. Бул абалдан улам бир гана Түркиянын эмес, аймак өлкөлөрүнүн жана тийиштүү бардык актерлордун да ИШИМ жана ПККны бири биринен бөлбөстөн күрөшүүсү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Түркиянын террор менен күрөшүүсү: ИШИМ жана ПКК тууралуу пикири.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар