Түркия жана дүйнө күн тартиби - 140

30 - Август жеңиш майрамы жана Түрк Боштондук согушу

375009
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 140

 

30 - Август Боштондук согушунун аскердик согушун жеңиш менен бүтүргөн түрк улутунун салттык түрдө белгилеген майрам күнү. Боштондук согушу 1919 - жылдын 15 - майында гректердин Измирди басып алуусу менен башталып, 1922 - жылы 9 - сентябрда түрктөрдүн гректерди Измирден кууп чыгуусу менен соңуна чыккан. 1922 - жылы 30 - августта бул процесстеги абдан маанлүү бурулуш жери болуп, гректердин Анадолуну басып алуусун соңуна чыгарып, жалпысынан империалисттердин (Англия, Франция, Иатлия) пландарын бузган. Жалпысынан каралганда 30 - август жеңиш майрамы Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин курулган түрк улут -мамлекетинин курулушунун негизин түзгөн. Бул согуш : түрктөр, күрттөр, араптар жана башка этникалык жана маданий тектерден турган Осмондук – Анадолу мусулмандарынын акыркы согушу. Албетте бул согушту бүтүргөн бир гана 30 - август аскердик жеңиши эмес; ошол эле учурда сүйлөшүүлөрү 9 айга созулган Лозанна келишими. Лозанна келишими андан кийин жарыяланган Түркия Республикасынын эл аралык укуктук таянычы болгон. Мустафа Кемал Ататүрктүн лидерлигиндеги Боштондук согушу жана тынчтык келишими, өнүгүү менен улантылган бүгүнкү Түркиянын пайдубалын түзгөн.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Бул кыска маалымат Түркия республикасынын 1919 – 1923 - жылдагы Боштондук согушу жана андан кийин пайда болгон фактылар боюнча курулганы көрүнүүдө. Жалпысынан каралбай калган бул фактылар жана абалдар үч темада жыйынтыктала алат. Боштондук согушунун жеңиши жана Түркия республикасын курган бул үч теманы аскердик кийлигишүү, дипломатиялык стратегия жана саясий миссия жана максат. Кээ бир түрк тарыхчыларынын жана саясатчылар көп турган жер бир гана аскердик жеңиш болуу менен бирге Мустафа Кемалдын негизги стратегиясы ушунчалык маанилүү дипломатиялык жана саясий негиздерге таянган. Боштондук согушунун аскердик күрөшү герктер менен жана француздарга каршы болуп, дипломатиялык жана саясий күрөш мезгилдин дүйнө күчтөрүнө каршы болгон. Улуттук күрөш армиясы түштүк Анадолуда фрнацуздарга каршы, бирок негизинен орто жана батыш Анадолу жана Фракияда грек баскынчыларга каршы согушкан. Бул аскердик операциялар улуттук күрөштүн аскердик жактан жеңиле албай турганын көрсөткөнү үчүн албетте абдан маанилүү жана орчундуу фактор. Бирок аскердик согушта жеңишке жетишүүдө негизги дипломатиялык жана саясий өлчөмдөр негизинен унутулууда. Мустафа Кемалдын негизги генийлиги аскердик күрөштө ийгиликтүү болуу үчүн чыгарган дипломатия жана муну түзгөн саясий кыймылдарда жатат. Мустафа Кемал оболу гректерди колдогон жана күчтөндүргөн Англияны жана Францияны таасирсиз абалга алып келген. Бул максатта бир тараптан Англия жана Франция менен тыгыз дипломатия түзүп, алардын согушуту соңуна чыгаруусу үчүн аракет кылып, бир тараптан бул эки мамлекетке каршы Советтер союзу менен кызматташтык түзгөн. Советтер союзу менен түзүлгөн 1920 – 1921 - жылдагы келишимдерди Англия жана Францияга каршы баш тарттыруучу бир күч тең салмактуулугун түзгөн. Бул процессте англис жана француз колониялары менен өзгөчө Индия мусулмандары менен курулган байланышка жеңил карабоо керек. Бардык бул карым – катнаштар англис жана француздардын тынчын алып жана гректерге берген колдоонун алынуусунда роль ойногон. Түрк Боштондук согушунун аскердик жеңиштерди жана дипломатиялык тактикаларына багыт берген жол көрсөткүч болсо согуштун саясий миссиясы жана көз карашы. Бул саясат; жаңы курула утрган мамлекеттин Осмон империясына кайтып келбей турганы, бирок батышташуу жана заманбап өнүгүү процесстерине ылайык кыймыл кылары тууралуу болгон. Түркия республикасынын курулушунда «Батышка карабастан батышташуу» идеологиясы абдан чоң роль ойногон. Ушул себеп менен Англия жана Франциянын гректердин Мегали идеа тактап айткнада Чоң грек идеалы кыялына берген колдоосу окуядан башка эч бир мааниси жок эле.
Түрктөрдүн батышка карабастан батышташууну тандоосунун терең тарыхый негиздери бар. Бул жол осмондуктардын 18 - кылымга чейин барган саясий жана тышкы саясат күрөшүнө таянат. Осмондуктар жогорулап жаткан Батыш күчү жана империализминин алдында бекем туруу үчүн Танзимат, Пан – Исламизм, Жөн түрк саясаттарын жүргүзүп, бирок үчөөсү да паландалгандай бүткөн эмес. Биринчи Дүйнөлүк согушунда осмондуктардын ийшиликсиз болуусу менен Мустафа Кемалдын лидерлиги төртүнчү бир саясатты же проектини тактап айтканда улут - мамлекетти ишке ашырган. Улут - мамлекет болсо маңызы боюнча француз төңкөрүшүнүн жана заманбаптыктын чыгарган бир модели болуп, 20 - кылымда бүткүл дүйнөдө таасирдүү болгон. Боштондук согушу жана андан кийин курулган Түркия республикасы бул саясий негизге таянгандыктан Батыш өлкөлөрү тарабынан таанылуусу жеңилдеген. Жыйынтык катары 30 - август жеңиши, Түркиянын курулушунда абдан маанилүү аскердик баскыч болуу менен бирге дипломатиялык жана саясий өлчөмдөрү менен бирге баа берилүүсү керек. Андан да маанилүүсү Түркиянын бардык ички жана тышкы саясаты бул дипломатиялык жана саясий алкакта өнүгүп, мунун да маңызында «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принциби болгон. Ушундан улам 30 - август жеңиш майрамында алдыга чыккан аскердик күч көрсөтүүлөрү «душмандардын коркуусу, достор ишеничи» болду. Түркиянын салттык саясаты аскердик күчү бир гана эл аралык тынчтык жанак оопсуздуктун негизи катары көрүп, ушундай болууну да улантат. 1920 - жылдарда болгондой бүгүн да райионалдык жана ахлактык болгон аймак жана дүйнө тынчтыгынын түзүлүшү үчүн дипломатия жана саясатка алдыңкылык берүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар