Түркия жана дүйнө күн тартиби - 139

Обаманын тышкы саясаты

370993
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 139

Обаманын президенттик мөөнөтүнүн толуусуна бир жылдан ашуун убакыттын бар экенине карабастан азыртадан Обаманын саясаттары талкуулана баштады. Булардын башында да тышкы саясат перформансы турат. Обаманын тышкы саясатынын ийгиликтүү же ийгиликтүү эмес экени күн тартибине келүүдө. Президент Обама бийликке келген 2009 - жылдан бери кайсы чоң кадамдарды таштады жана булар кандай жыйынтыктарды жаратты? Бул суроонун жообу үчүн оболу жалпысынан андан кийин так мисалдарына карообуз керек.
Жалпысынан караганда Обама башкаруусунун тышкы саясатынын мурунку башкаруудан айырмасы көп тараптуулук принципке таянуусу. Мурунку президент Буштун 2000 – 2008 – жылдар менен салыштырылганда президент Обама эл аралык маселелердин чечилүүсүндө глобалдык жана аймактык актерлор менен кызматташтык методун тандаган. Мунун эң негизги мисалы P5+1 өлкөлөрү менен бирдикте жүргүзгөн Иран атомдук процесси. Муну менен бирге Украина жана Афганстан маслелери, эл аралык экономикалык кризис, НАТОнун кайрадан курулушу, эл аралык экологиялык маселелеринде да чоң өлчөмдө глобалдык күчтөр менен кызматташтык түзүүсү. Булардын ар бири Иран атомдук процессинчелик ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратпаса да эл аралык карым – катнаштарда дагы жакшы атмосферанын пайда болушуна салымын кошкон.
Президент Обаманын башка саясаты Буштун террор менен күрөшүү саясатын өзгөртүүсү. Обама Аль Кайданын лидери Усама Бин Ладендин өлтүрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү; Афганстан, Ирак жана башка өлкөлөрдө террор менен күрөшүүгө карата мамилесин өзгөрткөн. АКШнын Жакынкы Чыгыш жана ислам өлкөлөрүнө болгон көз карашындагы террор шектенүүсүн жок кылууга аракет кылган. Бирок, бул тууралуу толугу менен ийгиликтүү болгонун айтуу албетте абдан кыйын. Бирок өзгөчө Сирия жана Иракта ортого чыккан ИШИМ/ ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар Обаманы олуттуу кадам таштоого мажбурлаган.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Обама тышкы саясат перформансынын алдыга чыккан башка тарабы тарыхый кризистерге жана маселелерге карата радикал кадамдарды таштоосу болду. Ушул алкакта үч маанилүү мисал бар. Ар бири АКШнын тышкы саясатына, АКШнын тарыхына жана эл аралык карым – катнаштарга тамгасын баса турган үч окуя булар : 1) Иран атомдук келишими, 35 жылга жакын АКШ – Иран кризисине чекитти койду. 2) Кубага карата эмбаргону жоюп жана дипломатиялык карым – катншатарды баштады, бул кадам 50 жылга жакын болуп келе жаткан маселени соңуна чыгарды. 3) Араб жазынын чыгуусунда роль ойноп, 100 жылдык аймактык системанын демократиялашуусу багытында салым кошкон. Обаманын күн тартибинде болгон, бирок ишке ашырыла албаган төртүнчү тема да Палестина маселесин чечүү. Бул тууралуу таштаган кадамдар Палестина мамлекетинин курулушу боюнча үмүттү жараткан, бирок улантылган эмес. Булардын тышында башка мисалдарды берүүгө болсо да Обаманын тышкы саясатына тамгасын баса турган деңгээлде болгон эмес.
Обаманын тышкы саясатынын азыртадан эле ийгиликсиз болуп тарыхка өткөн мисалдары да аз эмес. Булардын башында Египет жана Сирия саясаттары турат. Обама араб жазынын башталышында оң роль ойногонуна карабастан араб жазы желинин тескери кетүүсүнө бөгөт боло алган жок. Обаманын Египетте Сиси аскердик соккусуна каршы таасирдүү болбошу же боло албашы, Сирияда Асад режиминин кол салуучулугун токтото турган саясат жүргүзө албашы жана Ливия, Йемен жана Ирактагы маселелерди чече албашы мисалдары маанилүү.
Бирок баарынан маанилүүсү ИШИМ террордук уюмунун жаралышынын жана алдыга жылуусунун токтотула албашы. Ортого чыгуусун биле албаган жана бөгөт боло албаган Обама башкаруусу 2014 - жылы август айында ИШИМге каршы 4 кадамдан турган күрөшүү стратегиясын белгиледи. ИШИМге каршы аба операциялары, жергиликтүү күчтөр менен кызматташтык, финансы булактарынын үзүлүүсү жана чек ара көзөмөлдөрүнүн түзүлүшүн каалады. Бирок бүгүн келинген жерге каралганда ИШИМге каршы аракеттеринин азырынча олуттуу бир жыйынтык бергени айтыла албайт. ИШИМ азыр да Ирак жана Сирияда активдүү болууну улантып жатат. Албетте ийгиликсиздикте башка коалиция өлкөлөрүнүн да үлүшү болушу мүмкүн, бирок коалиция стратегиясынын таасирдүү болбошунда Обаманын кемчилиги унутулбайт.
Бирок булардын баарынын жана башка маселелердин Иран келишиминин көлөкөсүндө калганы көрүлүүдө. Ал түгүл Иран келишими толугу менен ишке ашуусу менен башка маселелердин да оң багытта өзгөрөрү күтүлө алат. Келишимдин башта АКШ – Иран карым – катнаштарында өнүгүү болуу менен башка аймактык темаларга да чагылаары айтыла алат. Болжолдорго караганда Иран – АКШ карым – катнаштарынын оң багытта өнүгүүсү, башка маселелердин чечилүүсү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул да АКШнын тышкы саясат перформансына оң чагылат. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушу жана ийгиликке айлануусу үчүн аймак өлкөлөрүнүн да процесске колдоо берүүсү керек. Түркия жана Ирак сыяктуу бир топ өлкө келишим процессине ачык колдоо беришкен. Муну менен бирге Сауд Арабстан, Булуң өлкөлөрү жана өзгөчө Израиль сыяктуу аймак өлкөлөрүнүн да процесске кошулуусу жана колдоо берүүсү керек. Иран келишиминин оң жыйынтыктарды чыгара алуусу үчүн бул келишимдин аймактык жана глобалдык аянтка жайылтылуусу күтүлүүдө.
Обаманын тышкы саясатына таасир бере турган акыркы мисал Сирия согушуна карата перформансы болот. Обама бул маселеге чечүүчү жол таап же таба албай турганына караганда бул дайым эске келет. ИШИМ жана ПКК сыяктуу террордук уюмдарга ы чечкиндүүлүгү, Обаманын аймактагы имиджин күчтөндүрөт. Иран жана Куба кыймылдарынан кийин Асадсыз Сирия тынчтыгын түзүүсү, Обама тышкы саясатынын эң чокусу боло алат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Обаманын тышкы саясаты тууралуу баа берүүсү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар