Түркия жана дүйнө күн тартиби - 138

16 – жылында булуң жер титирөөсү жана маселелер тууралуу ойлор

338562
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 138

2015 - жылдын 17 - август Түркия үчүн табигый апааттын 16 - жылы. 1999 – жылы 17 - августта эпицентри Ялова болгон рихтер өлчөгүчү менен 7, 8 балл болгон жер титирөөдө миңдеген киши каза болуп, жүз миңдеген киши үйсүз калды, миллиондогон жаран бул кыйынчылыктын психологиялык таасирин жашады. Жер титирөөнүн эпицентри экономикалык, өндүрүш, социологиялык жана демографиялык жактан Түркиянын эң негизги Мармара аймагында орун алууда. Андан да маанилүүсү Стамбул сыяктуу 15 миллион калкы болгон жана жер титирөө аймагында орун алган мегаполдун тынчын алды. Жер титирөө боюнча адистер Стамбулда чоң бир жер титирөөнүн болорун жана керектүү чаралардын көрүлүүсү керектигин дайыма эскертүүдө.
Жер титирөө маңызы жактан жер шарынын табигый активдүүлүгү болуу менен бирге үстүндө жашагандар үчүн турмуштук коркутуунун булагы болууда. Жер титирөө боюнча адистердин айтуусу менен өзгөчө кээ бир аймактарда жер титирөө турмуштун бир бөлүгү жана аны менен бирге жашоону билүү керек. Жер шарынын жана дүйнөнүн табияты боюнча жер титирөө качылгыс бир факты. Башка бардык табигый активдүүлүктөр сыяктуу жер титирөө негизинен маселе эмес, табияттын жандуулук көрсөткүчү. Ал түгүл жамгыр, кар, борошо, жаз – кыш сыяктуу табигый элементтердин бирөөсү. Кураанда «залзала» деген ат жана темада орун алган.
Ошондуктан маселе жер титирөө эмес, адамдардын жер титирөөгө карата чараларынын жетерсиздиги же жаңылыштыгы. Адамдар жамгыр, кар, борошо сыяктуу табият кубулуштарына карата чара көрүп жашап жаткан болсо ошол эле нерселер жер титирөөлөр үчүн да керектүү. Жер титирөө боюнча эксперттердин айтканындай «адамдарды жер титирөө эмес, жер титирөөгө чыдамсыз курулуштар менен чара көрбөө өлтүрөт». Бул сөздүн канчалык туура экенин бир топ өлкөнүн тажрыйбасы да далилдеген. Мисалы жер титирөөлөр көп болгон Японияда эң чоң жер титирөөлөрдө, бир гана жер титирөөдөн да абдан аз чыгым көрүүдө. Себеби Япония сыяктуу өлкөлөр жер титирөөгө каршы күчтүү чараларды көрө алышкан.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөнендин тема тууралуу баа берүүсү.

Түркия жер титирөө менен бетме – бет келген өлкөлөрдүн алдында турат. Миңдеген жылдар жер титирөөлөр форма берген Анадолу жана Тракия аймагы бул процессти жашоону улантууда жана адистердин оюна караганда улантыла берет. Наполеонго айтылган жана кенен жайылган «аймак өлкөлөрдүн тагдыры» деген сөз жер титирөө үчүн да айтыла алат. Тактап айтканда Стамбул жана Түркия сыяктуу аймактын жер титирөө жана геополитика сыяктуу абдан орчундуу өзгөчөлүктөрү да орун алууда. Бирок тилекке каршы Түркия өзгөчө өткөн 50 – 100 жылда жашаган өнүгүү, шаардашуу, демократиялашуу жана заманбап өнүгүү процессинде жер титирөөгө каршы жетеринче даярдык көргөн эмес. Ушул себептен бул чараларга бир гана жер титирөө фактысы же маселесинин алкагында эмес, ошол эле учурда өнүгүү күрөшү катары кароо керек. Тактап айтканда Түркия канчалык өнүгө алган болсо, жер титирөө сыяктуу табигый апааттарга карата ошончолук ишенимдүү жана чыдамдуу болууда.
1999 – жылы 17 - августтагы жер титирөөдөн кийин жана 2000 – жылдарда өнүгүүгө параллель катары олуттуу түзөтүүлөр, эрежелер жана мекемелер түзүлгөн. Булардын арасында АФАД (Апаат жана чукул абал башкаруусу) түзүлгөн, курулуш эрежелери жаңыланган; жер титирөө учурунда жана андан кийин калкка маалымат берилген; жаңы бир жер титирөөнүн болжолдолуусу тууралуу илимий иликтөө жана инвестициялар жасалган; өзгөчө Стамбулда жана башка шаарларда чоң шаарга айлануу проектилери башталган; эски курулуштардын бекемделүүсү тууралуу курулуш иштерине финансылык жардам берилген жана эң негизгиси калктын жер титирөө сыяктуу бардык табигый апааттарга каршы сезимталдуулугу күчөгөн. Бирок албетте бул чаралар бюрократиялык, жергиликтүү жана саясий себептерден улам ылдам, оңой жана абдан жакшы деңгээлде эмес. Шаардашуу жана жаңы шаарларды куруунун экономикалык, социалдык жана технологиялык чыгымы жогору жана социо – маданий жана физикалык кыйынчылыктар менен бөгөттөр бар. Ондогон жылдын ичиндеги жаңылыш шаардашуунун жана курулуштардын жаңылануусу, узун бирок андан да маанилүүсү турмушка карата жаңы бир көз караш жана түшүнүк керек болууда. Жер титирөө менен күрөшүүдө балким эң негизги шарт адамдардын жеке жана социалдык турмушун кандай иретке салганы менен байланыштуу. Адамдардын турмушу канчалык пландуу, иреттүү жана олуттуу түрдө жашаганы менен жер титирөөнүн ортосунда күчтүү байланыш бар. Биринчиси тактап айтканда турмуш стандарттары канчалык сапаттуу, жогору жана ийгиликтүү болсо, экинчиси тактап айтканда жер титирөөгө каршы да ошончолук ишенимдүү болот. Башка бир жактан карай турган болсок белгилүү Адамзаттык Өнүгүү Индекси менен жер титирөөлөргө каршы чыдамдуулуктун арасындагы байланыш да абдан маанилүү. Адамзаттык Өнүгүү Индексинин стандарттары канчалык жогору болсо жер титирөөгө каршы коопсуздук да ошончолук күчтүү жана маселесиз.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар