Түркия жана дүйнө күн тартиби - 136

Түркия жана Кытай: сыйкырдуу күчтөр, потенциал өнөктөштүк

319862
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 136

Президент Р. Т. Эрдоган узун убакыттан кийин Кытайга сапар менен барды. Тыгыз программасы жана абалдарды камтыган сапар орчундуу учурда ишке ашты. Түркиянын тегереги оттон чамбар менен курчалган бир мезгилде өткөн Түркия – Кытай диалогу кызыктуу чагылууларды ортого салды. Бул кызыктуу абалды жараткан фактор дүйнө күчү болгон Кытайдын Түркия да ичинде болгон эл аралык карым – катнаштардын өнүгүүсүндө ойногон ачкыч ролу.
Кытай эл аралык системанын эң сырдуу жана талаш – тартыштуу актерлорунун башында турат. Кытай кандай күч жана дүйнө саясатында канчалык таасирдүү?-, деген суроо эл аралык литературада талкууланууда. Бирок Кытай ээ болгон көлөмдүн өзгөчөлүктөрү жана мунун тышка же дүйнөгө чагылуусу таң калтырган контрасттарды камтууда. Булардын арасында эң негизгилери Кытайдын экономикалык – саясий системасы менен тышкы саясаты. Кытай коммунист мамлекет модели менен капиталист экономикалык моделин бүтүндөштүргөн уникалдуу бир экономикалык – саясий системага ээ. Дүйнөнүн эң көп калкы жана аймагы, борбордук мамлекеттик түзүлүшү, стратегиялык абалда, эң чоң экономикалык күчтөрдүн арасында жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето мүчөсү болуу сыяктуу өзгөчөлүктөрү, аны дүйнө системасынын сырдуу актеру кылууда. Бирок бул модель;капитализм менен Марксист этатизмди, абдан чоң деморгафия менен глобалдык бир экономиканы жанаша алып келген.
Кытай дүйнөлүк саясатта күчпү же бир жүк жана коркунучпу?,- деген суроолор жаралууда. Кытай «бир дөөбү же бир эргежээлби» деген суроо абдан чоң маселе. Акыйкаттан да Кытайдын калың калкы, экономикасы, мамлекети жана БУУнун таасири болгончолук абдан олуттуу этникалык, адам укуктары, аскердик күч, экономикалык жактан күтүлбөгөн абалдардын болушу менен бетме – бет келип турат. Булар Кытайдын чоң күчүн жок кылуу таасирин жаратышы мүмкүн.
Мармара университетинин саясий жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Жогоруда айтылган абалдардай эле Кытайдын аймактык күч болгону, Түркия менен карым – катнаштарынын мүнөзүнүн кандай экени жана кандай өнүгөрү да бир маселе. Бирок Түркия Батыш – НАТО системасынын ичинде орун алган, дүйнөнүн 17 - чоң капиталист экономикасына ээ жана Евразия гео – саясатынын, гео - маданиятынын жана гео – экономикасынын күчтүү өлкөсү. Ушуга карабастан Түркия – Кытай карым – катнаштары Түркиянын ички жана тышкы саясатынын күн тартип беренелеринин арасында орун албайт. Түркиянын Кытай менен соода, экономикалык, аскердик саясий, социалдык жана туризм карым – катнаштары бул эки актердун потенциалдарына ылайыктуу деңгээлде эмес. Акыркы жылдарда Түркия – Кытай карым – катнаштары ылдам өнүгүп жатса да азырынча эки өлкөнүн потенциалын чагылдырбайт. Акыркы он жылда соода карым – катнаштарынын 2 миллиард доллардан 30 миллиард деңгээлге чыгуусу, Түркиянын Кытайдан аскердик ракета системасын жогорулатуусу сыяктуу абалдар болгон. Бирок бул көрүнүш Түркия – Кытай карым – катнаштарынын потенциалын чагылдыра албайт. Мына ушул себеп менен дүйнөнүн эң чоң экономикаларынын арасында биринчи 20нын ичинде орун алган Түркия жана Кытайдын дагы көп экономикалык карым – катнаштарды өнүктүрүүсү, бири бирине карата инвестициялардын өсүүсү, социалдык – маданий- туризм – билим берүү – үйрөтүү карым – катнаштарынын күчтөнүүсү мүмкүн.
Негизинен Түркия тарабында бул багыттагы кызыгуунун жана аракеттин бар экени көрүнүүдө. Президент Эрдогандын саякаты бул аракеттин маанилүү көрсөткүчү. Бир тараптан бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жана оппозициядагы Республикалык элдик партиясынын Кытай менен карым – катнаштарды өнүктүрүү багытында күчтүү каалоосунун бар экени айтыла алат. Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы өкмөтүнүн 13 жылдык демилгелери менен бирге Республикалык элдик партиясынын « Борбордук өлкө Түркия» проектиси да чоң өлчөмдө Кытай менен карым – катнаштарды өнүктүрүү боюнча. Ошондуктан бийлиги менен оппозициясы менен Түркияда Кытай менен кенен карым – катнаштардын өнүгүүсү тууралуу талап жана аракеттер бар.
Түркия – Кытай карым – катнаштарынын бул потенциалын кыймылга өткөрүүсү үчүн бир гана каалоо жетерлик эмес; ошол эле учурда орток болгон маселелерди да ашып өтүүсү керек. Булардын эң башында Кытайда жашаган уйгур түрктөрү менен башка мусулман жарандардын диний жана адам укуктарынын коргоого алынуусу жана өнүктүрүлүүсү бар. Кытай башкаруусунун бул тууралуу сезимтал экени билинүүсүнө жана адам эркиндиктери тууралуу каалоолорунун болгонуна карабастан кээ кээде ортого чыккан саясий же аскердик эреже бузуулардан алыс турууга мажбур. Албетте бир тараптан Түркиянын жана кытайлык мусулман жарандардын да болуп жаткан маселелерди Кытай башкаруусу менен диалог куруу менен чечүүсү күтүлөт. Эки өлкө бул тууралуу провакацияларга каршы абдан этият болуусу керек.
Кытай – Түркия карым – катнаштарынын өнүгүүсүнүн негизинде башка бир нерсе, эл аралык маселелер тууралуу Түркия жана Кытайдын арасындагы айырмачылыктар. Мисалы Сирия ички согушуна чечүүчү жол тууралуу эки өлкөнүн тышкы саясаттарынын башка болушу, кагылышуу болбосо да тескери түшүнүк жана чөйрө жаратууда. Жыйынтык катары Түркия жана Кытай ички динамикалары жана эл аралык абалы бири бирине жакындашуу потенциалы жогору болгон эки актер. Бул багытта бири бирине карата эрк жана аракеттин бар экени да белгилүү. Бул жерде маанилүү нерсе бул потенциалды кыймылга өткөрүү жана бул потенциалдын алдындагы бөгөттөрдү жок кылуу. Күчтүү Кытай – Түркия кызматташтыгы, аймактык жана глобалдык системада тектүү алмашууларга жол ачышы мүмкүн.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Түркия жана Кытай: сыйкырдуу күчтөр, потенциал өнөктөштүгү тууралуу пикири.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар