Түркия жана дүйнө күн тартиби - 132

Греция референдумунда кабыл болбогон жыйынтык жана мааниси

344700
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 132

5 - июль күнү болгон референдумда грек калкы 61 пайыздык катнаш менен Европа Биримдиги жана ИМФнин куткаруу пакетине «кабыл болбогон» чечим чыгарды. Бул чечим референдумдан мурда 50 пайызды алуу рискин алган премьер – министр Ципраз жана Сириза өкмөтү үчүн бир жеңиш катары көрүлдү. Бирок премьер – министр Ципраз грек калкынан Европа Биримдиги жана ИМФ менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдө өзүнө колдоо берүүлөрүн суранган, тескериси боло турган болсо арызын берерин билдирген. Грек калкы Ципраз өкмөтүнүн артында дагы күчтүү жана чечкиндүү түрдө туруп, сүйлөшүүлөрдө колун күчтөндүргөн.
Грек референдуму жана жыйынтыгы жөн гана бир демократиялык ишке ашыруу эмес эле. Керек болсо метод катары, керек болсо мазмуну жактан тарыхый бир мааниге ээ. Саясат билими жана эл аралык карым – катнаштар боюнча адистер көп токтолгон академиялык эмгектерди жарата турган бир абал ортого чыккан. Бирок бул абал жүздөгөн жылдык классикалык саясий абалдардан жана түшүнүктөрдөн көптөгөн жактан айырмаланып турат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катншатар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Референдумдун натыйжасында алдыга чыккан нерсе эл аралык карым – катнаштар жана тышкы саясатта демократиянын орду менен байланыштуу. Классикалык жактан каралганда демократиялык шайлоолор жана референдумдар жалпысынан мамлекеттин башкаруусу жана башкаруучуларынын чечимдеринин белгиленүүсү темаларында өткөрүлөт. Бир өкмөт жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн калктын көз карашына жана бекитүүсүнө сунулуусу абдан аз кездешкен абал. Грек референдуму бул классикалык түшүнүктөн башка бир кыймыл эле. Ципраз грек карыздарынын төлөнүүсү жана жаңы карыздар тууралуу Европа Биримдиги жана ИМФ каалаган оор талаптарды түздөн түз калкынан сураган. Европа Биримдиги жана ИМФ программасынын ишке ашуусунан түздөн түз таасирлене турган жеке калктын көз карашы алынган. Ципраздын мажбур болбосо да бул жолду тандоосу байыркы грек демократиясын эске салууда. Байыркы Грецияда саясий чечимдер түздөн түз демократиялык башкаруу менен тактап айтканда башкаруучулардын калк менен кеңешүүсү менен чыгарылчу. Заманбап демократияларда аз болгон түздөн түз демократия салтынын орчундуу бир темада болушу абдан маанилүү.
Экинчиси грек референдуму мисалы жалпысынан глобалдашуу Европа Биримдиги системасында аз көрүлгөн абал. Глобалдык актерлордун жана Европа Биримдиги ишке ашырган неолиберал саясаттар, тийиштүү өлкөлөр жана жеке кишилерге чоң экономикалык жоопкерчиликти жүктөйт. Греция сыяктуу экономикасы чөгүү жерине келген өкмөттөр ИМФ, Европа Биримдиги же башка мекемелерден жардам алуу үчүн өздөрүнө сунушталган үнөмдөө программаларына жалпысынан түздөн түз «кабыл» чечимин чыгарышат. Ушундайча өлкөлөрүн тынчтандыруучу жолду тандашат. Бул программалар жалпысынан оң жыйынтык бербегендей эле тийиштүү болгон калкка узун мөөнөттө кошумча жүктөрдү алып келет. Негизинен мындай оор программалардын калктын бекитүүсү менен кабыл алынуусу күтүлөт. Ципраз нормалдуу болгон нерсени аткарып, ИМФ жана Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдө күчтөнүп, калкынын колдоосун алды.
Ушундайча грек өкмөтү жана калкы Европа Биримдиги - ИМФ кысымына демократиялык жоопту берди деп айтыла алат. Грек эгемендүү башкаруусу неолиберал үнөмдөө программасын жактырган эмес, мунун ордуна жаңы жана башка бир чечүүчү жолдун ишке ашырылуусу кааланган. Бул мамиле; глобалдашуу жана эгемендик, неолиберализм жана демократия, Европа Биримдиги критериялары жана мүчөлүк пайдаларынын арасындагы баш – аламандыктарда экинчилерди жактаган жыйынтыкты ортого чыгарган. Башка бир сөз менен айтканда балким да эки жолу Греция калкы; глобалдашуу, неолиберализм жана Европа Биримдиги критерияларынын алдында эгемендик, демократия жана мүчөлүк пайдаларын алдыңкы планга чыгарган.
Мындан кийин көптөгөн суроолор, талкуулар же процесстер болот. Булардан эң негизгиси булар :
1) Грециянын Европа Биримдиги жана ИМФ менен сүйлөшүүлөрү кандай улантылат, бир тараптан Европа Биримдиги жана ИМФ кабыл болбогон чечимге кандай жооп берет?
2) Европа Биримдиги евро аймагы бул чечимден кандай таасирленет жана Европа Биримдиги мындан кийин кандай улантылат?
3) Бул чечим Греция экономикасын кризистен чындыгында чыгара алабы же экономикасы жана Европа Биримдиги менен карым – катнаштары дагы да начарлайбы?
4) Европа Биримдиги жана ИМФ кабыл болбогон чечимден кийин мамилесин өзгөртүп жана неолибералдык система жана саясаттар мындан кандай таасирленет?
5) Эң негизгиси да бул жыйынтык евро аймагынын жана Европа Биримдигинин таркоосу же кризиске кирүүсү деген мааниге келеби?
Бул суроолорго кыскача жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок эки жактан карай турган болсок кыскача баа бериле алат. Жаман жагынан карай турган болсок бул абалдын алдында Греция дагы кыйын шарттар менен беттешет, мунун жыйынтыгында евро аймагынан чыгып Драхмиге кайтат жана ал түгүл Европа Биримдиги мүчөлүгүнөн чыгат. Ушундайча Европа Биримдиги, ИМФ жана неолиберал кысым жеңип чыгат. Жакшы жагынан карай турган болсок Европа Биримдиги жана ИМФтин референдумга каршы экенин көрүп, Грецияга чечүүчү пакет сунуш кылат жана ушундайча Греция ошол эле абалда улантат. Экөөсү тең да олуттуу чыгымдар жана маселелерди камтыган альтернативдерден кайсынысынын ишке ашары тууралуу спекуляциялар жасалышы мүмкүн, бирок эң негизгиси күтүп көрөбүз. Бирок андан мурда бул кризистин Европа Биримдигине мүчө болгон жана болбогон башка өлкөлөргө да жайылбашы, аймак жана дүйнө экономикасынын жана саясатынын терең кризиске кирбеши үчүн ылдам түрдө керектүү чараларды көрүүсү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими професор Рамазан Гөзендин тема туралуу пикири.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар