Түркия жана дүйнө күн тартиби - 131

70 – жылында БУУму ийгиликтүүбү же ийгиликсизби?

338731
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 131

2015 – жылы БУУ келишиминин бекитилүүсүнүн жана уюмдун курулушунун 70 – жылы. БУУ Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин согуштун алдыңкы жеңүүчүлөрү АКШ, Англия жана Советтер союзу тарабынан даярдалган келишимге таянат. 1945 - жылы 26 - июнь күнү ишке кирген келишим менен 24 - октябрда курулган БУУ адамзаттын абдан чоң үмүтү болгон. Жүздөгөн жыл согуштар жана коопсуздук маселелери менен беттешкен адамзаттын БУУ менен жаңы бир мезгилге кирүүсү пландалган болчу. БУУ эл аралык согушка бөгөт болуу жана тынчтыкты өнүктүрүү үчүн керектүү мекеме жана эрежелерди түзүүнү максат кылган. 19 бөлүм жана 111 беренеден турган БУУнун келишими улут – мамлекттерден турган эл аралык системаны кайрадан түзүүнү максат кылган идеалдуу бир проекти. Бул идеалдуу проектинин бул максатына жетип же жетпегени, перформансынын канчалык ийгиликтүү экени дайыма талкууланып келди.
Балким да адамзат эң көп талкуулаган темалардын бирөөсү БУУ болгон. Бул талкуу бир тараптан уюмга каршы сындарды, бир тараптан БУУнун бардык нерсеге карабастан дайыма жашоосун жана баш тартылгыстыгын камтыган. БУУ баары сынга алган бирок эч качан баш тарта албаган парадокс менен бир түзүлүш болду. БУУна карата айтылган катуу сындар жана ар башка талаптарга карабастан 70 жылда уюмдан чыккан эч бир мамлекет болгон эмес. Азыр да жандуулугун коргоп турган БУУ тууралуу бул парадоксту түшүнүү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу пикири. ГЕЧИШ......

БУУ парадокстун себеби келишимдин жана уюмдун бир гана функциясы бар сыяктуу көрүлүүсү, уюмдун бир гана эл аралык согуш – тынчтык үчүн каралуусу. Ал түгүл БУУ бир гана жергиликтүү же аймактык согуштардагы ийгиликсиздиги аркылуу баа берилүүдө. Ооба БУУ 70 жыл жүздөгөн жергиликтүү жана аймактык согушту токтотуп жана мүчөлөрүнүн арасында тынчтыкты жана коопсуздукту түзө алган эмес. Мунун мисалдарынын арасында эң негизгилери Палестина маселеси, Израилдин ачык түрдө эреже бузуулары, 8 жылдык Иран – Ирак согушу, 5 жылдык Босния согушу жана азыр болсо 4 жылдан бери болуп келе жаткан Сирия жарандык согушу. Башка дагы жүздөгөн мисалдары бериле ала турган согуштар БУУнун келишимин жана принциптерин ачыкча бузуусуна карабастан чечүүчү жол таба алган эмес.
Бул ийгиликсиздикке карабастан жок дегенде тийиштүү мамлекеттер эмне үчүн БУУнан бөлүнө албай жатат, БУУ 70 жыл чөкпөстөн жашап келүүдө? Себеби негизинен БУУ негизинен үч тармакта абдан ийгиликтүү болгон. Биринчиси БУУ ар түрдүү мекеме жана механизмдеринин саясында үчүнчү дүйнөлүк согушунун болушуна бөгөт болууда роль ойногон. Экинчиси БУУ дипломатия, укук, кызматташтык, арачылык жана диалог сыяктуу каражаттарды колдонуу жолу менен эл аралык маселелердин тынчтык жолу менен чечилүүсүндө роль ойногон. Мекеме жана эрежелери менен дүйнөлүк коомчулугунун түзүлүшүнө салымын кошкон. Үчүнчүсү БУУ өлкөлөрдүн жана адамзаттын турмуштук стандарттарынын өнүктүрүлүшү максатында кенен масштабдуу функциялык уюмдашуу жана колдошуу түзүлгөн. Эл аралык транспорт, соода, экономика, акча, саламаттык, климат, космос сыяктуу бир топ техникалык тармактын функциясында жол башчылык кылып же координация түзгөн.
Булардын арасында эң негизги мисал БУУнун эл аралык жарандык авиация уюмунун эрежелери менен иштеген аба жолу транспорту. Бул мисал БУУнун эл аралык карым – катнаштардын иштешинде баш тартылгыс салым кошкон. Буга окшогон бир топ БУУ мекемеси дүйнөлүк масштабда бир топ киши ичинде орун алган бирок байкабаган иштерди аткарууда. Кишилер да мамлекеттер да бул жардамдардан алыс калууну каалабай жатат.
БУУ бул тармактардагы ийгилигин жергиликтүү жана аймактык согуштар тууралуу эмне үчүн, бардык жерде жана ар дайым көрсөтө албай жатат? Мунун терең философиялык ачыктоосу болуу менен бирге үч так себеби көрсөтүлө алат. Биринчиси ысык согуш жана коопсуздук маселелери жана улут – мамлекеттердин текшерүүсү астында жана бул тармактын түзүлүшүнүн саясий жана аскердик чыгымы абдан жогору. Ушул себеп мамлекеттер өз улуттук пайдаларына ылайык болмоюнча согуш, коопсуздук жана тынчтык темаларында өздөрүн рискке киргизүүнү каалашпайт. Бирок өз пайдаларына ылайык келе турган болсо милдет алууну каалашат. Ар бир улут – мамлекет БУУмун өз улуттук пайдаларына ылайык түрдө колдонууну каалайт. Экинчиси БУУнун түзүлүшү, өзгөчө Коопсуздук Кеңеши 5 чоң мамлекеттин (АКШ, Орусия, Кытай, Англия, Франциянын) чечимдерине байланыштуу иштеп жатат. Бул 5 туруктуу мүчө өз араларында аскердик жактан карама – каршы келип чоң согушка кирүүнү каалашпай жатат. Дүйнөнүн калган бөлүгү бул 5 мамлекеттен албетте чоң, бирок мүнөзү жана күч катары кыйын эмес. Акыйкаттан да 5 мамлекет дүйнө экономикасы, аскери, технологиясы жана саясий күчүн көзөмөлгө алууда. Мынчалык күчтү колунда кармап турган чоң мамлекеттер БУУмун каалагандай колдонуудан качышпайт.
Үчүнчүсү 5 мүчөнүн тышындагы 195ке жакын мүчө өз араларында кызматташтык жана тилектештикти көрсөтүүдө ийгиликсиз. 195 мамлекеттин бирдикте кыймыл кылуусу жана БУУмун реформага мажбурлай алат жана бир топ маселенин чечилүүсүндө таасирдүү боло алат. Бирок тилекке каршы бул тууралуу жетерлик демилгелер болбогондой эле мисалы Түркия жасаган «Дүйнө бештен чоң» сыяктуу демилгелер күтүлгөн жыйынтыкты ала албай жатат. Ошондуктан БУУнун ийгиликсиздиги бул мамлекеттердин күчсүздүгүнөн же таасирсиздигинен чыккан нерсе.
Жыйынтык катары БУУ абдан жакшы эл аралык уюм эмес. Бирок дагы жакшы бир альтернативи болбогондуктан 70 жылдан бери жашап келе жатат. Абдан жакшы бир альтернатив табылганга чейин да жашоосун улантуу ыктымалы бар.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин 70 – жылында БУУму ийгиликтүүбү же ийгиликсизби бул тууралуу пикири.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар