Түрк жана дүйнө күн тартиби - 125

Жакынкы Чыгыш маселесинин булагы

298147
Түрк жана дүйнө күн тартиби - 125

Жакынкы Чыгыш 19 - кылымдын акыры менен 20 - кылымдын башында англис жана француз ипмериализми менен ортого чыккан. Ал түгүл Жакынкы Чыгыш түшүнүгү биринчи жолу 1902 - жылы англис документтеринде колдонулуп, оригиналы Англиянын көз карашын чагылдырат. Европа империализминин таасири менен пайда болгон Жакынкы Чыгыш суук согуш мезгилинде бул жолу АКШ менен Советтер союзунун арасындагы атаандаштыкка карата форма алган. Жакынкы Чыгыш глобалдык системанын алкагында жана таасиринде болууну уланткан. Суук согуштан кийин аймакка батыштык күчтөр менен бирге Кытай сыяктуу чыгыштык күчтөрдүн да кире баштаганын көрөбүз. Кытай өзгөчө экономикалык жана БУУнун ичиндеги саясий күчүнөн улам аймакта жашоосун сездире баштаган.
Жакынкы Чыгышка бир гана аймак тышы өлкөлөрдүн таасири жактан кароо жетерлик эмес. Бардык маселелердин булагы тыштан келген деп ойлонуу жаңылыш болот. Негизинен бардык тышкы кийлигишүүнүн ийгилиги, Жакынкы Чыгыш системасынын жана мамлекеттердин күчсүздүгүнүн жыйынтыгы. Өзгөчө 19 - кылымда абдан белгилүү болгон күч тең салмаксыздыгынын бир продукциясы. Европа жана батыштык өлкөлөр 17 – 18 - кылымда ишке ашырган заманбапташуу төңкөрүштөрүнүн жыйынтыгы дүйнөгө жайылып, Жакынкы Чыгыш жана башка ислам аймактары бул процесстен чыга алган эмес. Жакынкы Чыгыш жана ислам өлкөлөрү бул кылымга чейин ээ болгон үстөмдүгүн ылдам жоготкон сайын тышкы кийлигишүүлөргө учураган. Бул процесс батыштын жогорулашынчалык Жакынкы Чыгыш жана ислам өлкөлөрүнүн күчтөн таюусу менен байланыштуу. Ушул себеп менен Жакынкы Чыгыш маселелеринин булагынан аймактык актерлордун жана факторлордун ролун сөзсүз эсепке алуу керек.
Жакынкы Чыгыш аймагы исламдын 7 - кылымда ортого чыгышынан 19 - кылымга чейин бир гана аймактык динамикалар тарабынан форма алган. Кезеги менен эмевилер, аббасилер, селжуктуктар, осмондуктар сыяктуу чоң императорлуктар жана пикирлер 14 - кылымда Жакынкы Чыгышты бүтүндөштүрүүлөр жана тышкы кол салууларга каршы коргошкон. Бир тараптан да сафавилер жана бабурийлер Инд жана Түштүк Азия аймактарында белгилөөчү күч болгон. Бул чоң императорлуктар мезгилдеринин эң алдыңкы модель жана пикирлерин ортого салып жана буларды ийгиликтүү түрдө уюмдашуу жана саясаттарды ишке ашырып чоң ислам цивилизациясын чыгарышкан. 14 – кылымда бар болгон тышкы коркутуулар жана кол салууларды жеңүүнү жана таасирсиз абалга келүүдө ийгиликтүү болушкан. Андай болсо бул суроону суроо керек : Жакынкы Чыгышты мындан мурда башкарган аймак империялары 19 – 20 - кылымдарда таасирин эмне үчүн жана кандайча жок кылышты.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Бул суроолор өткөн күндөрдө да миңдеген жолу суралган жана көптөгөн киши тарабынан жүздөгөн жолу жооп берилген. Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсүнүн маселелеринин чечилүүсү максатында сансыз проекти жана ушул алкакта миңдеген китеп жана литература бар. Бардык бул проектилерге каралганда 3 көз караш ортого чыгат. Кээ бирлери өткөн күндөрдөгү императорлук мезгилиндеги модель жана пикирлер ушул күнгө чейин алып келүүнү сунуш кылган болсо, башкалары өткөн күндү толугу менен четке кагууну жана заманбапташууну сунуш кылган, кээ бирлери да өткөн күндөгү жана заманбап мезгилдегиден айырмаланган модель жана пикирлерди ортого салышкан. Бул көпчүлүк нормалдуу катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок эң кызыктуусу бүгүн Жакынкы Чыгыш маселесинин негизинде бул башка жана көпчүлүк менен кыймыл кылуунун саясий конкуренцияга айлануусу жатат. Нормалдуу шарттарда макул келген көпчүлүктүн пикирлер жана моделдер Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсүндө тилекке каршы кагылышуулардын булагы болду. Так айтканда кээ бири диний же сектанттык мүнөздө, кээ бири саясий же идеологиялык мүнөздө, кээ бири да экономикалык жана энергетика мүнөздүү моделдер кагылышууда. Булар кээ бирлери тарабынан түрк модели, Иран модели, Сауд Арабстан модели деп аталууда. Ошондуктан Жакынкы Чыгыштын негизги маселеси, бардык аймакты курчоого алган, аймактын масштабында жарактуу жана таасирдүү бир модель же пикирдин болбошу. Аймак ээ болгон маданиятты жана ишеничти ислам болгонуна карабастан мындай бир маселенин болушу таң калтыруучу болушу мүмкүн. Бирок негизинен негизги маселе ушул жерден чыгууда. Бардык аймакты жана мусулмандарды бир көз караштын тегерегинде чогулткан бир модель жок. Мисалы бардык Европа аймагын чогулткан «Европа Биримдиги» сыяктуу пикир же модель Жакынкы Чыгыш үчүн жок. Жүздөгөн жыл бир бири менен согушкан европалыктарды бүтүндөштүргөн жана көптөгөн маселесин чечкен Европа Биримдиги сыяктуу бир модель Жакынкы Чыгыш үчүн ишке ашырыла алабы?
Бул суроонун жообу бүгүнкү шарттарда оңой менен жооп бериле албайт. Ушул себептен бул жерде бир жооп чыгарууга аракет кылуу да мүмкүн эмес. Мунун ордуна аймактык бир модель үчүн негизги суроолорду же элементтерди ортого салуу пайдалуу. Кайсы модель болсо болсун, Жакынкы Чыгыш маселелерине чечүүчү жол таба турган ар бир демилге сөзсүз түрдө төмөнкү факторлорго көңүл буруу керек.

1 – Аймактын диний, саясий жана экономикалык бөлүнүүчүлүктөрдү кандайча соңуна чыгаруу керек?

2 - Аймактын күчтүү мамлекеттер менен аймак тышы күчтүү мамлекеттердин арасындагы карым – катнаштар кандай жана кайсы багытта өнүгүүсү керек?
3- Аймак тышы актерлордун аймактык империализмине жана пайдаларына кандай мамиле кылуу керек?

4- Аймак өлкөлөрүндөгү калктар, өлкө башкарууларын демократиялык жана өнүккөн методдор менен текшерүүнү кандайча ийгиликтүү аткара алат?
5 - Аймактын структуралык маселелер (Израиль - Палестина, диктаторлук, бай – жакыр, билим берүү) кайсы метод менен чечилүүсү керек? Жакынкы Чыгыш маселени чечүү үчүн бул же башка көптөгөн маселени бир бирден эмес, бирок таасирдүү бир моделдин ичинде бир бүтүн катары жооп берүү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Жакынкы Чыгыш маселесинин булагы тууралуу пикирин уктуңуздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар