Түркия жана дүйнө күн тартиби - 124

1980 – жыл 12 - сентябрдагы зомбулук, Кенан Эврендин өлүмү жана мааниси

277293
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 124

1980 – жылы 12 - сентябрда аскердик зомбулук менен Түркияда жарандык башкарууну кулатып жана аскердик режим курган хунтанын лидери Кенан Эврен 98 жашында каза болду. Кээ бир эл аралык медиа каналдары тарабынан Чилинин Пиночетине окшотулган Эврен Түркиянын акыркы 35 жылдык тарыхына абдан жаман мурас калтырды. Аскердик зомбулуктан кийин анти - демократиялык режимди куруп жана өзү да бул режимдин президенти болду. Эврендин аскердик зомбулугу бир гана мезгилдин жарандык өкмөтүн жана парламентин кулатуу менен эле калган жок, бүгүн да абдан чоң катнашта жарактуу болгон 1982 - жылдагы конститутциянын жазылуусуна мүмкүнчүлүк түздү. 1982 - жылдагы Конститутция жарандык жана демократиялык системаны жок кылып, ордуна кысым жасоочу, миллитарист жана тоталитардык системаны курду. Эркиндиктер чектелип, миңдеген киши өлүм жазасына тартылды, кыйноо көрдү жана сотсуз абакта жатууга мажбур болду. Эврен 3 жыл сокку лидеригин жана 7 жыл президенттик мезгилинде түрк ички жана тышкы саясатын өз эркине жараша багыттого аракет кылды. Ички саясатта миллитарист түзүлүштү мыйзамдаштырууга карата саясий, диний жана билим берүү моделин ишке ашырууга, тышкы саясатта болсо Түркияга аймактык жана глобалдык ролун ойнотууга аракет кылды. Бирок Эврендин бардык ички жана тышкы саясий кыймылдарында ийгиликтүү жана тасирдүү болгону айтыла албайт. Мисалы 1983 – 1987 - жылдардагы шайлоолордо ачыкча добуш суранган жана колдогон партиялары ийгиликтүү боло албай, Түркиянын араб жана ислам өлкөлөрү менен жакындашуусун каалабаса да тоскоол боло албады. Бул эки жыйынтык Эврендин аскердик күчүнүн чексиз эмес экенин көрстөттү. Ал түгүл Эврен жана 12 - сентябрдагы соккусунун негизинен түрк ички жана тышкы саясатынын шарттары менен чектеринин ичинде өнүккөнү айтыла алат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Эврендин бийлигин Түркиянын ички жана эл аралык шарттарына көңүл бурулбаса түшүнүү кыйын. Ал түгүл Эврен жана зомбулугунун Түркиянын ички жана эл аралык шарттарынын бир продукциясы экенин унутпоо керек. Зомбулуктун шылтагы катары эч качан кабыл алынбашы керек болгон бул шарттар Эвренди жана хунтаны күчтөндүрүп жана мотивация берген. Оболу зомбулуктан мурда Түркия ичинде болгон коомдогу саясий хаос зомбулуктун негизи катары көрсөтүлгөн. Мезгилдин саясий партия жана лидерлеринин ийгиликсиздиги кечирилгис эле. Ички саясат жактан ойлонтуучу нерсе аскердик соккуга каршы жарандык коомдон жана мекемелерден олуттуу бир каршылык келген эмес. Башта мезгилдин экономика, академия жана медиа актерлору, аскердик соккунун алдында үнсүз калышкан. Андан да маанилүүсү Эврендин жеке өзү жаздырган 1982 - жылдагы конституциясы референдумда 92 пайыз добуш алып бекитилген. Бул жыйынтык аскердик сокку режиминин калктын легитимдүүлүккө жетишкенин көрсөтүүдө. Кээ бир адистер бул жыйынтыктын аскердик кысым астында жана Эврендин коомдук пикирди багыттандыруусу менен ортого чыкканын жазды. Кээ бирлери да зомбулуктан мурда күч жана хаосту соңуна чыгарганы үчүн коомдун аскердик зомбулукка жана конституцияга колдоо бегенин айтышты. Ар бир эки көз караш да туура болуу менен бирге Эврен жана зомбулуктун коомдук колдоосун көрсөтүүдө.
Эврендин ийгилигиндеги башка бир фактор эл аралык шарттар жана колдоолор. 12 - сентябрдагы аскердик зомбулуктун 1979 - жылдагы Иран төңкөрүшү, 1980 - жылдагы Советтер союзунун Афганстанды басып алуусу жана 1980 - жылдагы Иран – Ирак согушу мезгилинде болгонун баса белгилөө керек. Бул эл аралык абалдар Түркияны жана тегерегиндеги аймактарды олуттуу түрдө чайпалткан жана орчундуу ыраатсыздык жараткан. Түркиянын да ал мезгилдеги ички сокку маселелери жана хаостун себебинен эл аралык ыраатсыздыктын четинде турганы айтыла алат. Түркиянын НАТО мүчөсү экени, капиталист системанын маанилүү бир актеру экени жана АКШнын аймактагы эң күчтүү союздашы экенине да көңүл буруу керек.
Эврен жана аскердик сокку бийлигинде эл аралык системадагы тең салмактуулуктар да маанилүү роль ойногон. Эврен жана хунта лидерлери өзгөчө батыш дүйнөсүнөн абдан чоң симпатия көргөн. Батыш дүйнөсү Эврен жана соккусуна эки түрдүү каршылык көрсөткөн. Европа Биримдиги мекемелери жана жарандык коом уюмдары менен АКШ адам укуктары уюмдары Эврен жана аскердик соккуну катуу сынга алып, финансылык жана саясий жолдор менен жазаландырууга аракет кылган. Мисалы Түркиянын Европа Биримдиги жана Европа Кеңеши менен карым – катнаштары токтотулган. Европа Биримдиги жана АКШдагы жарандык мекемелер Эвренге жана соккуга демократияны жана адам укуктарын бузуусу себеби менен каршы чыгышкан. Бирок бир тараптан батыштык мамлекеттик башкаруулары Эвренге жана зомбулукка категориялык жактан каршы чыккан, бирок жумшак эскертүүлөрдү берген. Мисалы НАТО жана союздаш мамлекеттерден кээ бирлери Түркияга аскердик жардам берүүнү улантуу менен бирге демократияга кайтуу үчүн Эвренге кысым жасашкан. Жыйынтык катары Эврен жана зомбулугу керек болсо ишке ашуусу, керек болсо чектери жактан улуттук жана эл аралык шарттарды эсепке кошпостон түшүнүүгө болбойт. Бирок эч бир шарт Эврендин Түркия тарыхында калтырган кыйратууну кечире албайт. Эврен эми тарых болду, бирок калтырган мурасы 33 жылдан жашап келет. Эми кезекте 1982 - жылдагы конституцияны да тарыхтын таштандысына ыргытуу керек. Ушул кезге чейин муну аткара абаган саясатчылар мындан кийин аткара алышабы? Күтүп көрүү керек.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин 12 - сентябрь 1980 – жылдагы зомбулук Кенан Эврендин өлүмү жана мааниси тууралуу пикири.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар