Түркия жана дүйнө күн тартиби - 117

Осмон императорлугунун Биринчи дүйнөлүк согушуна кирүүсү

285416
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 117

Биринчи дүйнөлүк согушунун 100 жылдыгына карата талкууланган маселелердин бирөөсү Осмон империясын соңуна чыгарган бул согушка эмне себептен киргени тууралуу тема болду. Албетте осмондук башкаруучулары бул согуштун өздөрүнүн жеңилүүсү менен бүтөрүн билген эмес, бирок согуштан жеңиш менен чыгарына да ишенишкен эмес. Бирок 100 жыл мурда да азыр да абдан жакшы билинген нерсе бар Осмон империясы - Германия- Австрия – Венгрия союздаштыгынын аскердик күчү атаандаштары болгон Англия - Франция – Орусия союздаштыгынын күчүнөн аз эле. Осмон иператорлугу жана Австрия – Венгрия ансыз да бир топ согушта жоготууга учурап жана салыштырмалуу күчсүз болуп турган Германия болсо акыркы 40 – 50 жылда гана өскөн жаңы бир күч эле.
Англия менен Франция 300 жылдан бери, Орусия болсо 200 жылга жакын Европанын эң чоң күчү болгон. Англия жана Франция 200 жыл мурда өнөр жай төңкөрүшүн турмушка ашырып жана алдыга жылса, Германия 45 жыл гана мурун Борбордук мамлекет болгон. Осмондуктар болсо өнөр жай төңкөрүшүн аткара албагандай эле европалыктар тарабынан «Европанын оорулуу адамы» деп аталган. Осмондуктар 19 - кылымда бирок өзгөчө 1877 – 1878 - жылы Орусия согушунда жана 1912 - 1913 - жылдагы Балкан согшутарында көптөгөн жерин жоготкон. Бардык ыңгайсыздыктарга карабастан Осмон империясынын Биринчи дүйнөлүк согушка кирүүсүнүн себеби эмне?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими рофессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Осмон императорлугунун Биринчи дүйнөлүк согушка кирүү чечимин Иттихат жана Теракки партиясынын башкаруучулары чыгарган. Бул партиянын алдыңкы ысымдары болсо мезгилдин күчтүү мамлекеттик кызматкери жана коргоо министри Энвар паша эле. Бул башкаруучулардын эмне үчүн Германия жана Австрия – Венгрия менен кызмтташтык түзүү чечимин чыгарганын түшүнүү үчүн оболу ичинде болгон шарттарга көңүл буруу керек. Бул шарттардын башында Осмон империясынын 1877 – 1878 - жылдагы Орусия согушу жана андан кийинки чоң коркунуч болгон Англия, Орусия жана Франция менен чыккан Германиянын ортосунда калуусу. 2 - Абдүлхамит согуштан кийин чогулган 1878 - жылдагы Берлин конференциясынан кийин Германия менен союздаштыкка кирген. Осмондук – Германия союздаштыгы өзгөчө аскердик тармакта абдан күчтөнгөн, немис аскерлери жана куралдары осмондук армиясынын түзүлүшүндө чоң роль ойногон.
Осмондук - немис союздштыгы экономикалык, соода, транспорт жана башка тармактарга жайыла баштаганда Англия менен Орусияны тынчсызданта баштаган. Англистер Берлин - Багдат темир жолунун Англиянын Жакынкы Чыгыш кызыкчылыктарын коркутуусунан тынчсызданып жаткан. Бир тараптан орустар немистердин жана союздашы Австриянын Балкандарга өзгөчө Сараевого жайылуусунан тынчсызданган. Бул эки өлкө Германияны жана осмондукту өздөрүнө каршы коркунуч катары көрө башташкан. Эки мамлекет тең 1878 - жылы жеңип чыккан Осмон империясын бөлүп Германияны да таасирсиз абалга алып келүүнү пландап жаткан. Башкача айтканда бир ок менен эки коён ата турган мүмкүнчүлүктү издеп жана Биринчи дүйнөлүк согушуна ушундай мүмкүнчүлүк катары карашкан. Ошондуктан осмондуктар Германия союздаштыгынан улам кааласа да Англия жана Орусия менен кызматташтык түзүүсү мүмкүн эмес эле. Акыйкаттан да Иттихат жана Теракки өкмөтү Балкан согуштарынан кийин Англия, Франция жана Орусия менен жакындашууга аракет кылган, бирок ийгиликтүү боло алган эмес. Ал түгүл Англия менен жаңыдан карым – катнаштарын күчтөндүрүү үчүн 2 согуштук кемеге заказ берген. Акчасы да учурунда төлөнгөн. Бирок күтүлгөн жакындашуу болгон жок. Англия осмондукту рисктүү өлкө катары көргөн.
Осмон императорлугу бул шарттарга карабастан Орусия менен Австрия – Германия ортосундагы согушта тарапсыз болууну теориялык жактан кыйындата алмак, бирок муну аткарган эмес, кыска убакыттын ичинде Германия – Австрия тарабында орун алды. Мунун себеби болсо Иттихат жана Теракки партиясынын тышкы саясат идеологиясы менен байланыштуу. Иттихат жана Теракки башкаруучуларынын Германиянын жанында согушка кирүү менен 2 максатты ишке ашырууга аракет кылганы айтыла алат; биринчиси Англия, Франция жана Орусияга алдырган жерлерин кайрадан алып мурунку күндөрүнө кайра жетишүү. Экинчиси Орусиянын жана Англиянын жеңилүүсүнөн кийин бул эки өлкө таасирдүү болгон Орто Азиядагы түрк калктары менен биригүү планы болгон. Туранжылык деп да аталган бул проекти менен Осмон империясы чоң бир түрк мамлекетине айландырылуусу пландалып жаткан. Акырында Иттихат жана Теракки партиясы да Германиянын Осмон империясы менен терең союздаштыкка киргенин билген. Осмон империясынын армиясында миңдеген жогорку мартабалуу командир кызмат кылган, немис куралдары жана согуштук автоматтар колдонулган. Кошумча катары эки өлкөнүн биргелешкен проектиси болгон Берлин – Багдат – Хижаз темир жолу көптөгөн аралыкты басып өткөн болчу. Бул проекти бүтө турган болсо Стамбулдун ыйык жерлер менен жана Балкандар менен Европа менен байланышы күчтөнмөк. Ушундай тереңдеген союздаштыктын ташталуусу мүмкүн эмес жана оңой эмес эле. Жыйынтык катары осмондуктардын Биринчи дүйнөлүк согушуна кирүүсү эл аралык шарттар менен Иттихат жана Теракки башкаруучуларынын биргелешип чыгарган чечими болгон. Осмон - немис союздаштыгы канчалык мүмкүнчүлүгү болбосо да согушта жеңүүчү болуу ыктымалы бар эле. Чанаккале согушунда болгондой фронттор жеңишке жетишкен болчу. Бирок бул согуштун тагдырын белгилегендер Англия менен Франция эмес, 1917 - жылы болгон эки орчундуу абал. Биринчиси большевиктик төңкөрүштөн кийин Орусиянын согуштан чегинүүсү, экинчиси да ордуна дагы чоң күч болгон АКШнын Англия жана Франциянын жанында орун алуусу.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Осмон императорлугунун Биринчи дүйнөлүк согушуна кирүүсү тууралуу пикири.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар