Түркия жана дүйнө күн тартиби - 114

Сирия маселесине тынчтыкчыл чечүүчү жолду кайрадан ойлонуу

251482
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 114

Бешинчи жылында Сириядагы граждандык согуш күн өткөн сайын дагы да күчөп, эл аралык чечүүчү жол кыймылдары да улантылууда. Орусиянын демилегси менен башталган, АКШ колдогон жана БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мисурата да кирген сүйлөшүү процесси күн тартибинде. Сирия оппозицияларынан кээ бир өкүлдөр менен Асад башкаруусу катышкан Москва сүйлөшүүлөрүнөн так жыйынтык чыккан жок. Мисуратанын Дамакстагы демилегелеринен эмне чыкса да азырынча белгисиз. Бул процесстен күтүлгөн үчүнчү Женева жыйынынын өткөрүлүүсү тууралуу чечимдин пайда болушу. Андан мурунку БУУнун атайын өкүлдөрү мезгилинде эки Женева жыйыны өткөрүлгөн. Бирок Аннан мезгилиндеги 1 - Женева жана Брахими мезгилиндеги 2 - Женева жыйындарында чыгарылган чечимдер ишке ашырылган эмес. Бул демилегелердеги ийгиликсиздиктин негизги себеби, Сирияда граждандык согуштун бүтүшү үчүн Асад жана бийлигинин кетүүсү тууралуу терең келишпестик эле. АКШ, Европа Биримдиги, Сауд Арабстан, Катар, Түркия жана оппозициячылдар Асаддын кетүүсүн алдыңкы шарт катары ортого салып ; Орусия, Иран жана Асад башкаруусу Асаддын калуусунда катуу турган. Негизинен Сирия граждандык согушунун жөнөкөй эле бир келишпестикке келип такалганын айтууга болот.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Негизинен Сирия маселеси бир гана Асад маселеси эле эмес, ошол эле учурда Баас режиминин зулумчулугу жана тышкы саясаттагы союздаштары менен байланыштуу. Бирок эң негизги маселе Асаддын бийлиги экени белгилүү. Айрыкча бул системаны кармап турган күчтүн Асад жана олигархиялык түзүлүш экени да унутулбашы керек. Бир топ сириялык үчүн Сирия мамлекети Асад жана башкаруусу менен тең каралып, башкалары үчүн бул тең кароо диктаторлук жана зулумчулук катары кабыл алынууда. Негизинен бул абал Жакынкы Чыгышта жана бир топ өлкөдө бар. Жарандар мамлекеттерин бир киши жана идеология менен тең караган өлкөлөр бар. Туура болбосо да мында таң каларлык нерсе жок, бирок Жакынкы Чыгышта мамлекет жалпысынан ушундай символдор жана күбөлүктөр менен курулган. Ортоңку кылымдагы Европада королдук жана феодализм мезгилиндеги модель, азыр болсо аз өнүккөн диктатор мамлекеттерде көрүнүүдө. Сирия булардын бирөөсү. Андан да жаманы бул диктатор - тоталитардык мамлекет модели көптөгөн мисалда калкына каршы кысым жасоочу жана чектөөчү турмушту киргизүүдө. Жарандарынын күбөлүктөрүн, эркиндиктерин, иш чараларын чектеп жатат. Эгерде жарандар бул чектөөлөргө баш ийбесе жазаландырылууда; эгерде жарандар чектөөлөргө нааразычылык билдире турган болсо зомбулук жана кыргын методу колдонулууда. Тилекке каршы диктатор жана тоталитардык мамлекеттерде жарандык калкка карата зомбулук жана кыргын кылуу потенциалы бар. Бирок Сирия мисалында көрүлгөндөй бул потенциал кээде граждандык согушка чейин барышы мүмкүн.
Албетте бардык авторитардык – тоталитардык мамлекет моделдери жана ишке ашыруулары катуу сынга алынуусу керек, андан да маанилүүсү токтотулуусу керек. Негизги адам укуктарынын жана эркиндиктеринин өнүгүүсү үчүн бийликтегилерге каршы күрөшүү керек. Дүйнөлүк адам укуктарына баш ийбеген диктаторлорго каршы улуттук жана эл аралык кызматташтык түзүлүшү керек. Негизинен араб жазы деп аталган процесстин маңызы ушул максатта болчу. Тунис, Египет, Ливия жана башкаларында демократиялык реформалардын жана алмашуулардын ишке ашуусу күтүлүп жаткан. Бирок бул процесс оболу Ливияда андан кийин Сирияда жана ал түгүл Египетте болуп эле калган жок дагы да жаман абалга түштү. Бул абалга карата диктаторлордун эмне себептен алмаша албаганын териштирип жана бул үчүн эмне жасоо керектигин иликтөө керек. Оболу бардык саясий режимдердин алмашуусунун оңой болбогонун кабыл алуу жана процесстин методу тууралуу абдан этият болуу керек. Экинчиси бардык маселелер сыяктуу авторитардык режимдердин алмашуусу да жарандык, демократиялык, сүйлөшүүчү жана керек болгондо глобалдык каражаттар колдонуу менен ишке ашырылуусу керек. Мисалы «жумшак күч» методу, маселелерди жана диктаторлуктарды аскердик кагылышуунун ордуна саясий күрөш менен алмаштырууну сунуштайт. Акыйкаттан да аскердик метод жана стратегиялар, Сирия жана Ливияда болгондой абдан аянычтуу жыйынтыктарды жаратып ; жумшак күч методу жана стратегиялары Чыгыш Европа өлкөлөрүндө (1990 - жылдарда Польша, Венгрия) жана Түркияда (2012 – жылдан бери чечүүчү жол процессинде) көрүнгөндөй абдан жакшы жыйынтыктарды берет. Булардын бир канчасын баса белгилөөгө болот:
• Куралдуу метод; кагылышуу, кыргын жана өлүмгө жол ачып, жарандык - саясий метод кансыз жана өлүмсүз бир диалог процессин жаратат.
• Куралдуу метод; курал колдонуу менен өлкөнүн экономикалык жана финансылык түзүлүшүнө тескери таасирин тийгизсе, жарандык - саясий метод экономикалык үнөмдөөлөрдүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына өткөрүлүүсүнө жана өнүгүүсүнө жол ачат.
• Куралдуу метод; акырында бир граждандык согушту күчтөндүрүп жана өлкөнүн бөлүнүү коркунучун ортого салат; жарандык - саясий метод болсо мамлекет менен коомдук топторду дагы да бүтүндөштүрүп, социалдык күчтөнүүгө жол ачат.
• Куралдуу метод өлкөнүн жана дүйнөнүн булактарынын курал өндүрүүчүлөрүнө өткөрүлүүсүнө жана баюсуна бирок, согушкандардын жакырдашуусуна жол ачса, жарандык – саясий метод болсо өлкө жана дүйнө булактарынын калктын жана адамзаттын баюсу үчүн колдонулуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
• Куралдуу метод согушкан өлкөнү дүйнөлүк супер күчтөрүнө көз каранды абалга алып келип, жарандык - саясий метод тийиштүү өлкөнүн дүйнөдөгү үнүнүн жана жашоосунун дагы күчтүү болушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан башка Сирия маселесинин бул жерге эмне себептен келгени жана мындан кийин тынчтыкчыл чечүүчү жол үчүн эмне жасалуусу керектиги тууралуу пикир берет. 2015 - жылы башталган тынчтык демилгелеринин ийгиликтүү болушу үчүн эл аралык коомдун бул пикирге көңүл бурууда пайда бар.




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар