Түркия жана дүйнө күн тартиби - 113

"Шах Фырат" операциясы

247892
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 113


Түркия 22 - февралда Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасына 37 километр алыстыктагы жери Сүлейман Шах күмбөзү жана Сайгы пунктуна абадан жардам берилген операциясын жүргүздү. Кагылышуу жана каршы чыгуу болбогон операцияда күмбөздөгү кабыр жана 38 түрк аскери Сириянын Эшме аймагына көчүрүлдү. «Шах Фырат» аттуу операция дүйнөнүн кызыгуусун тартып, эл аралык басма сөздө кенен орун алды. Көпчүлүгү операцияга карата оң баа берүүлөр орун алган. Бирок операция 1921 - жылдагы келишим жана эл аралык укуктун негизинде жана мурунтадан Сирия өкмөтүнө маалымат берүү менен жүргүзүлдү.
Ушуга карабастан Сириядан жана аны колдогон Ирандан катуу каршылыктын келиши таң калтырууда. Себеби Түркиянын Асад башкаруусуна жана аны колдогон Иранга каршы экени белгилүү. Мунун тышында АКШ сыяктуу батыштык жана Орусия сыяктуу чыгыштык өлкөлөрдөн жана БУУ сыяктуу эл аралык мекемелерден каршы чыгуу болгон жок. Бул абал аскердик операциянын эл аралык укукка ылайык экенин жана колдоо көргөнүн көрсөтүүдө. Талкууланып жаткан маселелер болсо булар : Түркия үчүн жана эмне себептен азыркы учурда бул операция жүргүзүлдү? Операциянын импликациялары эмне?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин баа берүүсү.
Оболу Шах Фырат операциясынын күтүлбөгөн окуя эмес экенин белгилөө керек. Акыйкаттан да Түркия күч алган Сириядагы жарандык согуштун ортосунда калган күмбөз жана аскерлеринин коопсуздугу тууралуу олуттуу түрдө тынчсызданып жаткан. Аймактагы ИШИМ жана башка топтордон улам күмбөздөгү аскерлердин кезеги менен алмашып туруусу жана тылдык муктаждыктар тууралуу маселелер болуп жаткан. Ушул себептен бир жылга жакын убакыттан бери күмбөз тууралуу операция күн тартибинен орун алып жана министрлер кеңешинде сөз болуп жаткан. Түркия же бул жерде аймакта аскердик чамбар куруп дайыма коргоого алуусу керек же аймактагы топтор менен кызматташтык түзүп же азыр кылгандай күмбөздү жана аскерлерин коопсуз аймакка көчүрүүсү керек эле. Түркия бул альтернативдерден эң аз чыгым боло турган үчүнчү альтернативди тандады.
Түркия биринчи жолду тандаганда жарандык согуштун актёру болмок. Экинчи жолду тандабастан Түркия ИШИМ менен же башка бир топ менен байланышынын болбогонун жана Сирияда бир аскердик тобунун болбогонун көрсөттү. Түркия тандаган үчүнчү жол тынчтыкчыл, коопсуз жана туруктуу стратегия болду. Түркия ушундайча Сириянын жарандык согушуна кирүүнү каалабаганын жана согуштун бир бөлүгү эмес экенин чечкиндүүлүк менен көрсөттү. Операцияны жүргүзүүнүн убактысы жагынан алып караганда операциянын негизги максаты күмбөзгө жана аскерлерге, Түркияга жасала турган ыктымалдуу бир кол салууга бөгөт болуу эле. Бул тууралуу төрт ыктымалдуу сценарий болушу мүмүкүн эле. Биринчиси Түркиянын АКШ менен 19 - февралда кол койгон билим бер – камсызда келишими ИШИМдин кол салуу ыктымалын жараткан. Акыйкаттан да Түркия бул келишим менен Сирия маселесинде АКШ менен бирдей ойдо экенин, ИШИМге каршы күрөшүүнү каалаганын жарыялаган.
Экинчиси Халеп жана түндүгүндөгү жарандык согушта тең салмактуулук өзгөрүп, ички согушта ИШИМ, оппозициячылдар жана Сирия армиясынын ортосундагы кагылышуулар күч алууда. Бул абал жетерлик коргоосу болбогон күмбөз жана аскерлердин коопсуздугун дагы да коркунучтуу абалга алып келиши мүмкүн.
Үчүнчүсү түрк аскерлеринин мисалы иорданиялык согуш учкучунун тирүүлөй өрттөнүүсү сыяктуу бир кол салуу менен кездешүүсү апаат болор эле. Өзгөчө Түркиянын жалпы шайлоо процессинде болгондой алдыбыздагы айларда боло турган кол салуу, апааттын таасирин дагы да күчтөндүрөт. Түркия мындай кыйынчылыкты жашабоо үчүн Мусулда болгондой 49 консулдук кызматкерин куткаргандай жарандарынын коопсуздугун сактап калууну тандады.
Түртүнчүсү өткөн 4 жылдын ичинде Сириядагы жарандык согуш чыкпас жолго кирди. Түркия АКШ жана башка коалиция күчтөрүнүн Сирия пландарында максаттар ишке ашкан эмес. Шах Фырат операциясы Түркиянын өзүнүн Сирия согушуна карата көз карашында өзгөрүүнүн болушу тууралуу белги берүүдө. Билим – бер камсызда келишиминин алкагында ойлонгондо Түркиянын Обама башкаруусу жана башка актерлор сыяктуу оболу ИШИМ коркутуусуна каршы күрөшкө маани бергени көрүнүүдө. Түркия албетте Асад режиминин алмашуусу максатынан баш тарткан жок жана мындай ыктымал жок. Бирок бул максат ийгиликтүү болушу үчүн эл аралык коомдун кызматташтыгы болгондуктан тийиштүү актерлордун арасындагы азыркы байланыш күчтөндүрүлүшү керек.
Түркия ИШИМге каршы АКШ жана башка мамлекеттер менен эмес, Ирак жана Сириядагы ИШИМге каршы топтор менен да кызматташтык түзүүдө. Мисалы Түркия ушул максатта Ирактагы пешмергелерди машыктырууда. Бир тараптан; Кобанинин ИШИМден куткарылуусуна Түркиянын берген жардамы башында чектелүү болсо да андан кийин күч алды. «Шах Фырат» операциясынын Кобани аркылуу жасалышы ушуга окшогон координациянын бул жерде да болгонун көрсөттү. Мунун Түркиянын Сирия саясатынчалык чечүүчү жол процесси жактан да оң абал экенин белгилөө керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар