Түркия жана дүйнө күн тартиби - 110

Кайсы Европа, кайсы Батыш?

213060
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 110

Адамдар дүйнөгө ар кандай түшүнүктөр жана көз караштар менен карашат. Баа берүүлөр түшүнүктөргө карата оң же тескери болот. Бул баа берүүлөргө карата пайда болгон жыйынтыктар кээде чындыгынан башка же туура эмес таасирлерди жаратат. Бул тууралуу албетте көптөгөн мисалдар бар, бирок булардын арасында акыркы жумаларда же жылдарда эң көп алдыга чыккандар Батыш, ислам, мусулмандар туралуу баа берүүлөр. Булардын ар бирин ар башка иликтөө керек, бирок бүгүнкү программабызда Батышка көп орун беребиз. «Шарли Эбдо» кол салуусунан кийин ислам жана мусулмандарчалык Батыш жана батыштыктар талкууланууда. Бул абал бир гана кол салуунун Парижде болушунан эмес, ошол эле учурда мусулман өлкөлөрдө Батыш тууралуу жасалган оң – тескери баa берүүлөрдөн улам.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Батыш тууралуу баа берүүлөрдө жалпысынан батыштыктардын колониячыл, империалист, кол салуучу жана жок кылуучу тарыхы жана саясаттары алдыга чыгат. Батыштык өлкөлөр 20 - кылымга чейин Азия, Африка жана Латын Американы колонияга алган. Бул колония дүйнөнүн бир топ аймагын экономикалык, аскердик жана саясий жактан жок кылган. 20 - кылымда болсо Европада ортого чыккан расизм, фашизм, нацизм жана коммунизм идеологиялары дүйнөлүк согуштарды чыгарып жана Суук согушта дүйнөнү идеологиялык лагерлерге бөлгөн. Акырында 21 - кылымдын башында Афганстан, Ирак, Палестина жана башка аймактарда аскердик басып алуу операцияларын жүргүзгөн. Акыркы жылдарда өнүккөн исламофобия Европанын жаңы бир «социологиялык» расизм же бөлүүчүлүк маселеси катары көрүлө алат. Бирок батыш түшүнүктөрүнүн оболу Европа жана Америка болуп эки башка материктин өкүлү болгону баса белгилениши керек. Бул бөлүүчүлүк бир гана аймактык эле эмес, ошол эле учурда акыркы жарым кылымда жүргүзгөн тышкы саясат жактан да маанилүү. Батышта бир тараптан күчкө, аскердик методдорго жана басып алууга таянган «императорлук модели» бир тараптан да дипломатия, укук жана экономикалык жакындашууга карата берген «интеграция модели» бар. «Императорлук модели» мисалы Жаңы консерваторлор башкаруусундагы АКШнын Афганстан жана Иракта болгондой Жакынкы Чыгышты мажбурлоо менен өзгөртүүгө аракет кылып; интеграция модели мисалы Европа Биримдигинин жасаганындай каалаган өлкөлөрдү дипломатиялык жана экономикалык методдор менен өзгөртүүгө аракет кылууда. Биринчиси бир тараптуу жана авторитардык мамиле болсо экинчиси диалог жана түзүүгө карата демократиялык бир мамиле. Биринчисинде байланышта болгон кишилердин эч биринин сөзүнө кулак салынбаса, экинчисинде ылайыктуу көз караштары менен бири бирине таасир берүүчү процесс.
Интеграция модели максат жана метод катары турмуштук сапатты өнүктүрүү максатында тескери шарттарды алмаштырууну максат кылат, демократия, адам укуктары, көпчүлүк сыяктуу баалуулуктарды жактайт жана бул багытта алмашууну маданий түрдө ишке ашырат. Ушуга карабастан императорлук модели душманына көңүл бурбастан жана маданий өлчөмдөрдү жокко чыгарып текшерүү астына алууну каалайт.
Батыш тууралуу башка бир нерсе Европа Биримдиги уюмдашуусу менен Европа мамлекеттеринин арасындагы бөлүүчүлүк. Оболу Европа өлкөлөрү же мамлекеттери менен Европа Биримдиги уюмдашуусунун бир нерсе эмес экенин баса белгилөө керек. Европа Биримдиги Европа мамлекеттеринин уюму болсо да өзүнө таандык укуктук субъективдүүлүгү, мамлекеттердин жогорку идеалы, баалуулуктары, максаттары жана ишке ашыруулары бар. Европа Биримдиги, Европа мамлекеттеринин реалдуу саясат терстиктерин, маселелерин жана кемчиликтерин, идеалист – либерал философия жана баалуулуктардын алкагында чечүү үчүн курулган. Бул жагы менен Европа Биримдиги, Европа өлкөлөрүнүн ары жагында жана багыттоочу күчкө ээ. Ушул себеп менен Франциянын же Германиянын ички жана тышкы саясаттары менен Европа Биримдигинин саясаттарынын теңдештирилиши жаңылыш. Франция, Германия же кайсы бир Европа Биримдиги мүчөсү болгон өлкөнүн улуттук ички жана тышкы саясаттары Европа Биримдигинин философиясын жана максаттарынын өкүлү боло албайт. Европа Биримдигине мүчө болууну каалаган бир талапкер Францияга же Германияга эмес, Европа Биримдигине мүчө болууда. Албетте бул уюмда Франция менен Германиянын абдан чоң үстөмдүгү бар, бирок Европа Биримдигинин күчү алардан жогорку күчкө жана таасирге ээ. Ушул себеп менен Европа Биримдигинин ичинде ар башка маданияттардын, коомдордун жана ал түгүл цивилизациялардын бирге жашоосу мүмкүн болуп турган кезде императорлук моделинде бул кыйындай көрүнүүдө. Бирдикте жашоо философиясынын көпчүлүк, ырааттуулук жана тынчтыкты өнүктүрүү потенциалы болгондуктан ар башка кишилердин жана салттардын кызматташтыгын жана тилектештигине мүмкүнчүлүк түзөт. Европа Биримдигинин тажрыйбасы бул потенциалга ээ. Нобель тынчтык сыйлыгын алган Европа Биримдигинин кадыры мына ушул жерден чыгууда. Европа аймагында тарыхтын эң узун тынчтык мезгилин курган. Бир тараптан Европа Биримдиги уюмунун ислам өлкөлөрү менен тынчтыкты өнүктүрүү максаты да бар, булардын башында Түркиянын мүчөлүгү турат. Түркия Европа Биримдигине толук мүчөлүк үчүн сүйлөшүүгө кирген өлкө. Кошумча катары Европа Биримдигинин мүчөлөрү менен ислам өлкөлөрүнүн арасында түзүлгөн Цивилизациялар диалогун кемсинтпөө керек. Бул проекти батыш менен ислам цивилизацияларынын ортосундагы маселелерди жана келишпестиктердин сүйлөшүү менен жана кызматташтык менен чече алат деген мааниге келүүдө. Европа Бирмидиги азыркы учурда бетме – бет келген маселе интеграция моделин мүчө мамлекеттердин кысымдарынан жана исламофобия сыяктуу социо – маданий тузактардан алыс кармай алууда. Мында ийгиликтүү болгон сайын жашоосун күчтөндүрүп, ийгиликтүү боло албаса таркоо коркунучу турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар