Түркия жана дүйнө күн тартиби - 109

Грецияда радикал сол бийлик жана ыктымалдуу жыйынтыктары

208262
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 109

2015 - жылы 25 - январда Грецияда болгон жалпы шайлоодо тарыхый жыйынтык ортого чыкты. Борбордук оңчул Жаңы демократия партиясы жана борбордук сол ПАСОК абдан чоң добуш жоготуп, ашыкча радикал сол жана оңчул партиялар алдыга чыкты. Бул жыйынтыктар Грецияны кыйын абалга алып келди. Сол партиялардан турган Радикал сол коалиция – Сириза партиясы добуштардын 36, 3 пайызын жана парламентте 159 орундукту алып биринчи болду. Бирок жалгыз өзү өкмөт кура албагандыктан Көз карандысыз грециялыктар партиясы АНЕЛ менен коалиция курду. Ушундайча Греция тарыхый бир айлампага кирди. Ал түгүл бүткүл Европа, Европа Биримдиги жана дүйнө системасы үчүн орчундуу бир абал ортого чыкты. Себеби Сириза жана лидери Алексис Чипраз Советтер союзунун кулашынан кийин биринчи жолу социалисттик программаны ишке ашыруу убадасын берди. Убадаларынын арасында жакырларга акысыз саламаттыкты сактоо, билим берүү, электр жана башка социалдык жардам, жумушсуздарга жумуш жана акы, байлардан жакырларга капитал трансфер кылуу бар. Берилген убадалардын эң негизгиси Грециянын Европа Биримдиги жана эл аралык мекемелерге тышкы карыздарынын өчүрүлүүсү үчүн баалашуу талабы. Чипраздын азырынча Европа Биримдигине мүчөлүгүн токтотуу сыяктуу оюу жок, бирок олуттуу түрдө күрөшөрүн айтууда. Сиризанын ийгилигинин аймак жана дүйнө үчүн да маанилүү чагылууларынын болору көрүнүүдө. Бирок Сириза дүйнөдө неолиберал жана капиталист экономикалык тартип ээ болгон бир мезгилде алдыга чыкты. Сириза толугу менен Марксист максаттарга ээ болбосо да берилген убадаларга коммунизмдин кайра келиши деп баа берүүгө болот. Бул жыйынтыктар Европа жана аймак өлкөлөрүнө кандай чагылары азырынча билинбесе да Фрэнсис Фукуяманын 1992 - жылы айткан «Тарыхтын акыры» диссертациясын кайрадан талаш – тартышка ачты. Фукуяманын либерализмдин жеңишинен кийин социализм кулаган жана дагы бир жолу ортого чыкпай турганы боюнча шектенүү азырынча ийгиликсиз болуп көрүнүүдө. Бул жыйынтык жана абалдар менен бирге бул суроолорду суроого болот. Биринчиси радикал сол бийлик, Грециянын жана аймактын марксист – коммунист бир багытка карай бара жатат деген мааниге келиши мүмкүнбү? Экинчиси Греция жыйынтыктарды Европа Биримдигине кандай таасир берет? Үчүнчүсү Греция шайлоо жыйынтыктары неолиберал тартипке кандай кабар берет?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Сиризанын социализм көп орун берилген убадалардын марксист идеологиядан башка акыркы мезгилде өлкөдө ортого чыккан экономикалык маселелерге карата каршылыктардан чыкканы көрүнүүдө. Мунун эң негизги далили, өкмөт коалициясынын Марксист Греция Коммунист партиясы менен эмес, оңчул Көз карандысыз грециялыктар партиясы АНЕЛ менен түзүүсү. Мунун негизинде Сириза жана АНЕЛдин орток бир маселеге, тактап айтканда өлкөнүн үнөмдөө саясаттарына соң берүү максатына көңүл буруусу бар. Сириза жана АНЕЛ Грециянын эл аралык экономикалык кризистен жана Европа Биримдиги экономикалык саясаттарынан улам чыккан кыйынчылыкты соңуна чыгарууну максат кылууда. Ошондой эле бул эки партия Европа Биримдигинин жана өзгөчө негизги кредит булагы болгон Германиянын ошол эле учурда ИМФтин финансылык чектерине каршы чыгууда. Грек шайлоочулары акыркы жылдарда ылдам төмөндөгөн айлык маяналарына, жогорулаган инфиляцияга, кыйындаган экономикалык шарттарга жана эң негизгиси экономикалык көз карандысыздыктын толугу менен жок болуусуна каршылык көрсөткөн. Бул каршы чыгуу өткөн күндө 1994 – 2002 - жылдары Түркияда жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан тарайтуучу экономикалык саясаттарга көрсөтүлгөн каршы чыгууга окшоп жатат. Бирок Грецияда башка өлкөлөрдөн айырмаланып радикал сол кыймылдын алдыга чыгуусунун себеби бул өлкөнүн тарыхындагы күчтүү сол жана коомдук көтөрүлүш салты. Акыйкаттан да Сиризанын добуштарынын абдан чоң бөлүгү андан мурда ПАСОКко добуш берген сол көз караштагы шайлоочулардан келүүдө.
Сиризанын каршы чыгуусунун өлкөнүн аймактык жана глобалдык абалына да бир чагылуусу болот. Бирок бул чагылуунун кандай жана канчалык болору, мисалы Грециянын Европа Биримдигине мүчөлүгү, ИМФ жана НАТО ичиндеги абалынын кандай өнүгөрү, Чипраз өкмөтүнүн бул актерлору менен жүргүзө турган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына карата болот. Бул сүйлөшүүлөрдүн маңызында болсо өзгөчө Европа Биримдиги жана ИМФтин Сиризанын талаптарын кандай кабыл алары, мисалы тышкы карыздардын өчүрүлүүсүн кабыл алып же албай турганы болот. Эң негизги тема да ушул. Европа Биримдиги жана ИМФтин карыздарды өчүрүүсү, экономикалык жана финансылык жол берүүсү Грецияда бир эс алуу жаратышы мүмкүн жана Сириза өкмөтүнүн ийгилигин такташы мүмкүн. Бул абал башка өлкөлөргө домино ташы таасирин жаратат. Грецияга берилген жеңилдиктер жана эс алуу ушуга окшогон абалдагы башка өлкөлөрдө ушундай радикал партиялардын жаралуусун жана бийликке келүүсүнө жол ачат. Бул жайылуу Европа Биримдиги жана неолиберал дүйнө системасынын радикал каршы чыгуулардын негизинде реформа кылынуусун качылгыс абалга алып келет. Бирок эгерде Европа Биримдиги жана ИМФ Сиризанын талаптарына каршылык көрсөтпөсө Греция дагы олуттуу кризиске кириши мүмкүн. Сириза Европа Биримдигин жана эл аралык экономикалык мекемелерди көндүрө албаса коомго берген убадаларын орундатуусу кыйындайт. Шайлоочулардын күтүүлөрүнүн ылдам жана таасирдүү түрдө камсыз кылынбашы өлкөнү дагы да радикалдаштырышы мүмүкн; же Сириза тажрыйбасынын ийгиликтүү эмес деген ой менен борбордук жана ылайыктуу бир багытка карай жылышы да мүмкүн. Эки абалда да Грецияда абдан баш – аламан бир мезгилдин башталганы жана баш – аламандыктын Европа Биримдиги жана башка өлкөлөргө да таасир берүүсүнөн шектенүүгө болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар