Түркия жана дүйнө күн тартиби - 107

Франциянын 11 - сентябрыбы?

187453
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 107

7 - январда Париждеги «Шарли Эбдо» сатира журналына жасaлган террордук кол салууларында 12 киши каза болуп, 11 киши жараланды. Кыргын салган 2 кол салуучу өлкөдөн качып баратып француз полициясы тарабынан басмаканада өлтүрүлдү. Ошол эле күнү Парижде башка бир террорист маркетте кишилерди барымтага алды жана ал да өтүрүлдү. Бул өзүнчө террордук окуя болуп, террористтердин француз жараны мусулмандар болушу дагы да татаалдашты. Эл аралык басма сөз бул окуяны исламдык террор деп аныктады. Ал түгүл андан мурункуга таянган шектенүү менен бул окуялардын Франциянын 11 - сентябры деп чагылдырууга аракет кылды. Тактап айтканда 2001 - жылы 11 - сентябрда АКШда жасалган кол салуу менен байланыштырылды. Ушундайча мусулмандар, ислам дүйнөсү жана ислам дини тууралуу тескери факты түзүлүүгө аракет кылынды. Окуя Францияда жана дүйнөдө исламофобияны күчтөндүрө тургандай түрдө колдонулууга аракет кылынды. Бул кыймылдар албетте териштирилүүсү керек. Андай болсо бул кол салууларга кандай карап, кандай баа берүү керек? Бул окуя чындыгында Франциянын 11 - сентябрыбы? Кандай коркунучтар бар?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин бул тууралуу баа берүүсү.
Оболу Франция кол салуу жана кыргындардын террордук кыймыл экенин ачык, так жана катуу тил менен белгилөө керек. Негизи эмне болсо болсун, бул кол салуу туура кабыл алынбайт, террорго каршы эл аралык кызматташтык күчтөндүрүлүшү керек. Ушул алкакта Түркия жана көптөгөн өлкө президент Олландга жардам берүү тилектерин билдиришти.
Журналга жасалган кол салуунун жана террористтер кандай катуу айыпталуусу керек болсо бул кол салуунун пайда болушунда роль ойногон Франция коопсуздугундагы кемчилик да сынга алынуусу керек. Франция полициясы кол салуучуларды көптөн бери иликтегенине карабастан бул кол салууну кандай аткарышты? Азырети Мухаммеддин карикатураларынан улам коркутууларды алган «Шарли Эбдо» журналы эмнеге ийгиликтүү коргоого алына албады? Кол салуучулар эмне себептен тирүү кармалган жок? Ушул сыяктуу маселелер тынчсыздануу жаратууда. Франциянын премьер – министри Вальс айткан чалгындоодогу кемчиликтин дедективдик маселелердин жана бул суроолордогу шектенүүлөргө бөгөт болуусу күтүлгөн.
Француз мамлекети жана коомунун кол салууларга каршы көрсөткөн каршы чыгуу жана перформанстын жок дегенде алгачкы күндөрдөн баштап ийгиликтүү болгону айтыла алат.
Олланд жана Вальстын билдирүүлөрү менен француз коомунан келген кабарлар үмүттөндүрүүчү кабарлар эле. Премьер – министр Вальс кол салуулардын бир динге, исламга жана мусулмандарга жүктөлбөй турганы билдирилген. Андан да маанилүүсү террор менен күрөштүн укуктун үстөмдүгүнүн алкагында билдирилген. Бул кыймылдар; 2001 - жылы 11 - сентябрда АКШнын президенти Буштун «бизденсиң же бизге каршысың»,- деп каршы чыгуусунан, террор менен күрөштү «крестүүлөр жортуулуна» окшотуусунан жана Буштун кол салуучу тышкы саясатынан айырмаланып турат. Бул абал Франциядагы окуяны 11 - сентябрга окшотуусунун жаңылыш экенин көрсөтүүдө. Андан да маанилүүсү 11 - январь күндөрү Парижде жана бир топ шаарда өткөрүлгөн террорго каршы биримдик митингдери. Париждеги митингдерге 40тан ашуун мамлекет лидерлери жана бир миллиондон ашуун жарандык калк катышты.
Митингге Олланд жана Кэмерон сыяктуу батыштык лидерлер менен бирге премьер – министр Давутоглу жана Палестинанын мамлекет башчысы Аббас сыяктуу мусулман лидерлер менен калктын да катышуусу абдан маанилүү. Эң чоң мааниси да террорго каршы күрөштүн маданий жана диндер ортосундагы кагылышууга айланбай турганы боюнча багытта күчтүү бир белги берилиши. Бул да АКШнын 11 - сентябрынан айырмаланып турат. Бирок 7 - январдагы кол салуулар Францияда жана Европада абдан катуу толгоо жаратууга талапкер. Бул кол салуулардын Европада ансыз да жашап жаткан исламофобия маселесинин дагы да жайылтуу жана тереңдетүү таасири бар. Азыртадан эле Францияда жана башка Европа өлкөлөрүндөгү улутчул жана исламга каршы топтордун сындары чыга баштады. 7 - январдагы кол салуулардын бул топтор тарабынан расизмди күчтөндүрүү үчүн пропаганда катары колдонулуусу абдан чоң ыктымал. Эгерде бул пропагандалар жыйынтык бере турган болсо Европада исламофобиянын дагы да коркунучтуу абалга келери айтыла алат.
Бул жыйынтык оболу Францияда жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын шарттарын кыйындатат. Бул кол салуу менен эч бир байланышы болбогон, ал түгүл каршы чыгышса да миллиондогон мусулмандын негизги укуктары бузулушу мүмкүн. Маселе муну менен эле калбайт. Андан да маанилүүсү исламофобия жайыла турган болсо укуктун жогорулугу, көп маданияттуулук жана адам укуктары сыяктуу дүйнөлүк нарктардын бузулушу дагы да күч алышы мүмкүн. Мындай эреже бузуулар Европа Биримдигинин 70 жылда курууга аракет кылган коомдук жана эл аралык тынчтык менен коопсуздук идеалдарынын кулашы демек. Ошондуктан исламофобия жыйынтыгы дүйнөлүк нарктардын бузулушу менен Европа Биримдигинен сөз кылуу кыйындайт. Мунун жыйынтыгында Европа Биримдигинин таркоо риски унутулбашы керек.
Мына ушул себептер менен башта Франция болуп, бардык Европа коомдук пикири жана лидерлеринин 7 - январдагы кол салуунун Франциянын 11 - сентябры болбошу үчүн катуу турушу керек. Ислам өлкөлөрү да буга колдоо берип, албетте баары террорго каршы күрөшүшү керек, бирок бул процесс күнөөсүз кишилерге каршы күрөшкө айланбашы керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар