Түркия жана Дүйнө күн тартиби - 103

АКШда Фергюсон окуяларына Түркиядан көз караш

158892
Түркия жана Дүйнө күн тартиби - 103

АКШ дагы бир жолу өлкө машстабында жасалган коомдук кыймылдар менен бетме – бет келди. Миссури аймагы Фергюсон шаарчасында бир полиция кызматкеринин бир кара кишини өлтүрүүсү менен башталган окуялар, күч алуу менен жалпы өлкөгө жайылды. Күч алууну дагы да ылдамдаткан абал болсо АКШ сотунун полицияны күнөөсүз деп тапкан чечими болду. Нью – Йорк жана бир топ шаарда болгон митингдерде полициянын ашыкча күч колдонуусу жана соттун полицияны коргогон чечими протест кылынды. Бирок коопсуздук күчтөрүнүн бардык чараларына карабастан окуялар токтотула албады; АКШ тууралуу дүйнөдө бир хаос көрүнүшү чыкты. АКШдагы окуялар Түркия коому да көңүл бурулууда. Муну себеби АКШнын Түркиянын союздашы болушу, бирок эң көп буга окшогон коомдук хаостун 2013 - жылы Стамбул Гези паркы окуяларында болушунан улам. Гези паркы окуялары да бир жерде башталып, бирок кийинчерээк Анкара жана бир канча облуска жайылган. Гези окуялары өзгөчө батыш медиасында абдан күчөтүлүп жана Түркия кудум бир алоолонгон оттун астында калгандай көрүнүштөр берилген жана булардын арасында АКШ телекөрсөтүү каналдары да бар эле. Бул берилгендер канчалык басма сөз эркиндиги катары көрүлсө да окуянын күчөтүлүүсү жана кудум Түркия өрттөнүп жаткандай маалыматтын берилүүсү туура эмес. Ушул себептен Түркияда АКШ жана батыш медиасына карата каршы чыгуулар күч алган.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Мындай абалдарда медианын мамилесин бир тарапка таштап окуялардын чыныгы жүзүн туура түшүндүрүү керек. Бирок АКШдагы окуялар бир гана АКШнын өзүн эмес ошол эле учурда дүйнөнүн бир топ аймагын да кызыктырат. Мунун себеби Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн АКШ менен карым – катнаш жана кызматташтык ичинде болушунан, АКШдан чыккан кандайдыр бир проблеманын башка өлкөлөргө экономикалык жана финансылык маселе катары чагылуу рискинин болушунан улам. Буларга АКШнын чоң бир күч катары дүйнөгө укук, эркиндиктер, адам укуктары сыяктуу баалуулуктарды жаюга аракет кылуусун жана бул баалуулуктарга баш ийбеген өлкөлөргө кысым же жаза берүүсүн кошуу керек. Ушул себептен АКШнын бул баалуулуктарды өз ичинде канчалык аткарганы дайыма байкоодо. Фергюсондогу сыяктуу окуялардан улам өлкөлөрдүн АКШга кысым кылуу же жаза берүү күчү болбосо да АКШнын имиджин жоготуусу мүмкүн. Түркиядан каралганда АКШдагы окуялар АКШнын ички ырааттуулугунчалык дүйнөлүк баалуулуктардын ишке ашуусу жактан да тынчсыздандыруучу. Бул тынчсыздануунун себептерин 4 темада тизмелөөгө болот. Биринчиси Фергюсон окуялары, АКШ полициясынын жарандарга каршы ашыкча күч колдонгонун жана мунун акырында адам укук жана эркиндиктерин бузганын көрсөтүүдө. АКШ экрандарына бат- бат чагылып турган көрүнүштөрдө полициялар кылмышкер болсо да кээ бир кишилерди соттобостон өлүм жазасына тартканы көрүнүүдө. Албетте полициянын кол салуучу бир кылмышкерге каршы мыйзамдуу түрдө кийлигишүү укугу жана жоопкерчилиги бар; бирок мунун чеги болушу жана эч качан пропорциялуулук принцибин бузбоо керек.
Экинчиси полициянын ашыкча күч колдонуу менен жарандарды өлтүрүүсү менен АКШ сотторунун чыгарган чечимдери менен байланыштуу. Акыркы окуяларда көрүнгөндөй, соттор жалпысынан полициянын күнөөсүз экенин айтышууда. Бул абал сот – полиция союздаштыгы катары көрүнүүдө, ал түгүл мамлекеттик органдардын жарандык калкка каршы туура эмес мамилеси катары түшүнүлүүдө. Бул жыйынтык мамлекеттин эң негизги принциби болгон адилеттик күчүнүн жок болушу деген мааниге келүүдө. Түрк калкында айтылгандай «адилеттик коомдун пайдубалы». Бул пайдубалдын кулашы бир гана АКШнын эле маселеси эле, адилеттүүлүк жоопкерчилиги болгон бүткүл дүйнөнүн тынчсыздануу булагы.
Үчүнчүсү Фергюсон жана ушуга окшогон окуялар тууралуу дагы маанилүү бир жер окуялардын тереңдиги менен байланыштуу. Тактап айтканда бул маселе убактылуу бир окуябы же структуралык бир маселеби? Негизинен экөөсү тең айтыла алат. Оболу мындай маселелердин актуалдуу экономикалык себеби бар. АКШда акыркы жылдарда болгон терең экономикалык кризис өлкөдөгү жакырларга дагы көп таасир берип кылмыш кылуу потенциалына салымын кошкон. АКШнын хроникалык киреше адилетсиздиги маселеси, акыркы мезгилдеги экономикалык кризисте тереңдешүүдө. Башка бир маселе да барган сайын күч алган көчмөндөр маселеси. АКШнын көп маданияттуу жана көп этникалуу түзүлүшүнө карабастан мыйзамсыз же мажбур түрдөгү көчмөндөр өлкөдөгү социо – экономикалык түзүлүштүн тынчын алууда. Обама башкаруусунун бул маселе тууралуу чыгарган акыркы чечими маселени чечпестен кечеңдеткен.
Төртүнчүсү маселенин эң негизги себеби коомдук тереңдерде жаткан структуралык улутчулдук маселеси. АКШда мыйзамдуу түрдө улутчулдук жоюлган болсо да коомдук – психологияда азыр деле жандуу экени билинүүдө. Структуралык улутчулдук маселеси полиция – жаран карым – катнаштарына да ар кандай фирмада бат - бат чагылууда жана ушундай бир түшүнүк бар. АКШнын негизги мекемелери болгон полиция жана укуктун жарандык калкка, түсүнө карата мамиле кылганы жайылып жатат. Бул тууралуу абдан кызыктуу мисалдар бар. Булардан бирөөсү гана 2009 - жылы 23 - июлда Гарвард университетинин кара профессору Генри Луис Гейтстын ак бир полиция тарабынан үйүнө кирип баратканда кармалуу окуясы.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Фергюсон окуялары тууралуу баа берүүсү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар