Түркия жана дүйнө күн тартиби - 101

Дин жана эл аралык карым – катнаштар

151953
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 101

Католик чиркөөсүнүн жана Ватикан мамлекетинин лидери папа Франциск 28 – 30 – ноябрь күндөрү Анкара жана Стамбулга расмий сапар менен келди. Бул сапар бир тараптан дипломатиялык жана бир тараптан диний максатта болду. Сапардын Анкара бөлүгүндө саясий, Стамбул бөлүгүндө болсо диний жагына көп көңүл бурулду. Папанын Анкарада президент Эрдоган жана дин иштеринин төрагасы менен жолугушуулары, Түркия – Ватикан карым – катнаштарынын өнүктүрүлүшү багытында болду. Папа жана Эрдоган эл аралык тынчтык каалоолорун жана Сирия маселеси сыяктуу аймактык кризистерге жана гуманитардык маселелердин чечилүүсү тууралуу каалоолорун билдиришти.
Бул каалоолорунун жана тилектеринин дипломатиялык риторика болгондон башка маанисинин бар экенин айтуу кыйын. Бирок папа жалпы эл аралык кризистердин жана аймактагы маселелерди чече ала турган таасирдүү актер эмес. Папа Ватикан мамлекетинин башкаруучусу болсо да улут – мамлекет жана эл аралык уюмдарчалык таасирдүү эмес. Папалык жана башка диний мекемелердин эл аралык карым – катнаштардагы ролу жана таасири 400 жылдан ашуун процессте жок болгон.
Заманбап мезгилде секуляризм же лаицизм принцибинен улам диний мекеме жана бийликтердин ордун абдан күчтүү саясий актерлор болгон улут – мамлекет алган. Заманбап мезгилде бардык диний мекеме жана иш чаралар чоң катнашта мамлекеттердин жана мамлекеттер аралык карым – катнаштардын көлөкөсүндө калган.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Ватикан классикалык өлкө чектери болгон улут – мамлекет эмес, Италия мамлекетинин ичиндеги шаар мамлекет сыяктуу. Ватикандын ортоңку доордо болгондой башка эл аралык актерлордо жоопкерчилик жана бийликке ээ экени айтыла албайт. Эмнеге дегенде Рим – Ватикан мамлекети 17 - кылымда кол коюлган Вестфалия келишими менен бардык саясий бийлигин жоготкон. Бир тараптан Стамбул Фенер рум православдык чиркөөсү жана патриарх да Лозан келишимине караганда Түркия республикасынын эгемендигине байланыштуу бир мекеме. Фенер патриархы диний жактан чектердин ары жагындагы карым – катнаштарга жана урмат сыйга ээ болсо да саясий жактан эч бир күч жана жоопкерчиликке ээ эмес. Бирок бул папалык жана патриархтык сыяктуу диний мекемелер саясаттан толугу менен колун тарткан. Папалыктын жана партриархтыктын өздөрүнө ишенген калктар жана жеке кишилердеги таасиринин бар экенин кабыл алуу керек. Мисалы Ватикан мамлекети бир гана католиктик сектанын мекемеси эле эмес, ошол эле учурда 1 миллиарддан ашуун католиктин диний өкүлү.
Папанын Стамбул сүйлөшүүлөрүндө диндер жана секталар аралык карым – катнаштарды өнүктүрүүгө көп көңүл бурулду. Папанын Стамбулда оболу исламдык жерлерди зыярат кылуусу, Султанахмет мечитинде дуба кылуусу, азандын коштоосунда Курандан аяттарды угуусу, диндер аралык карым – катнаштардын өнүгүүсү жактан абдан маанилүү; православ чиркөөсүндө сыйынууга катышуусу, Варфоломей менен жолугушуусу жана католик - православ чиркөөлөр аралык бир декларацияга кол коюсу, христиандардын арасындагы биримдик жактан абдан маанилүү.
Папанын Стамбул ал түгүгл Түркия сапарынын негизги максатынын православ чиркөөсү менен карым – катнаштарды өнүктүрүү экени айтыла алат. Католик жана православ чиркөөлөрүнүн арасындагы карым – катнаштар 1054 – жылы эки чиркөөнүн бири бирин жамандоосу менен үзүлгөн болчу. 1960 - жылдарда кайрадан башталган карым – катнаштар Папа жана Вафолемей тарабынан союздаштыкка айландырылууда. Стамбулда кол коюлган декларациянын максаты бир миллиарддык католик дүйнө менен 300 миллионго жакын православдык дүйнөнүн арасындагы мекемелик жана социалдык карым – катнаштарды күчтөндүрүү. Бул багыты менен декларациянын бир гана диний иш чара экенин айтуу кыйындай көрүнөт. Ватикан – Фенер диний жакындашуусунун жок дегенде эки мамлекеттин абалына оң жана тескери таасир бергени, ал түгүл каршы чыкканы айтыла алат. Булардын биринчиси Түркияга тийгизген потенциал таасири. Патриарх Варфолемей кол койгон келишимдин Түркияны баш ийдирүүчү жагы болбогондой эле пайдалары менен карама – каршы келбеши керек. Бул жерде дин менен мамлекеттин эл аралык карым – катнаштарындагы абалынын арасында абдан жооптуу бир чек бар. Эгерде патриархтын түзгөн бул келишим жалаң диний мааниде болгон болсо жоопкерчилик жана бийликти бузуу маселеси жок; бирок эгерде келишим Түркиянын кандайдыр бир жердеги пайдаларына кийлигише турган болсо өзгөчө диний экумендик ойлор саясий тармакка жыла турган болсо келишпестиктерди жаратат. Түркия экумендик оюнун Түркиянын ички жана тышкы саясатына жүк же маселе алып келүүсүн каалабайт.
Декларациянын мындай бир келишпестиктерди пайда кылбаганы билинүүдө. Декларациянын Папа – Эрдоган жолугушуусунан кийин түзүлүшү Түркиянын бекиткенин көрсөтүүдө. Түркия диний эркиндиктердин негизинде патриархтын папалык менен карым – катнаштарын өнүктүрүүсүнө колдоо берүүдө. Ал түгүл бул колдоонун Түркиянын католик жана православ дүйнөсүндөгү имиджин күчтөндүрөрү айтыла алат.
Католик – православ кызматташтыгы декларациясынын экинчи жагы Фенер – Москва чиркөөлөрүнүн арасындагы карым – катнаштар менен байланыштуу. Бул Орусиянын абалын кызыктырууда. Фенер жана Москва православ чиркөөлөрүнүн арасындагы жогорулук жарышынын Балкандар, Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана дүйнөдөгү православдар менен байланышы бар. Стамбул декларациясы Фенер чиркөөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүшү мүмкүн бул да Москва үчүн тынчсыздандыруучу булак болот. Бул тынчсыздануу негизинен Москва чиркөөсүнө таандык болуу менен бирге Путин башкаруусун кызыктырбаганы айтыла албайт. Бул болсо Стамбул – Москва саясий карым – катнаштарын кызыктырууда. Түркия – Оруия карым – катнаштарында дин жагынын абдан таасирдүү болгону албетте айтыла албайт. Путиндин пападан кийин Түркияга келиши жөн гана дал келип негизги максаты диний эмес, экономикалык жана саясий темалар боюнча токтолду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар