Түркия жана дүйнө күн тартиби - 100

Түрк тышкы саясатынын активдүүлүгү

143831
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 100

Түрк тышкы саясатында акыркы жумаларда жана алдыдагы күндөрдө абдан активдүү дипломатиялык кыймылдуулук болууда. Дүйнөлүк саясаттын жүрөгү Түркияда болгон процессте пайда болууда десек жаңылышпайбыз. Сириядан Иракка, Украинага, Ирандан Египетке чейин бир топ орчундуу маселе Түркиянын тегерегинде жана Түркия бул маселелердин чечилүүсүндө роль алууга аракет кылууда. Албетте Түркиянын эл аралык карым – катнаштардагы ролу жаңы эмес. Акыркы он жылда алдыга чыккан бул роль кыскача төмөнкүчө жыйынтыктала алат: 2003 – 2007 - жылдарда Европа Бирмдигине толук мүчөлүк сүйлөшүү процесси, 2007 – 2010 – жылдары Жакынкы Чыгыш, Кавказдар жана Балкандарда тынчтык аракеттери, 2009 – 2011 - жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгү, 2011 – 2013 - жылдары араб жазында модель өлкө болуу аракеттери. Бирок 2013 - жылдан баштап Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк сүйлөшүү процессинде жана араб жазында тескери абалдар болгон. Бул начарлоодо Европа Биримдиги жана Сирия саясатынын Түркиянын күткөнүндө багытта кетпеши таасирдүү болгон. Бирок бул терстиктерге карабастан түрк тышкы саясатында активдүүлүк улантылууда. Кээ бир келишпестиктерге карабастан Түркиянын АКШ, Орусия, Европа, Иран жана Ирак менен карым – катнаштары динамизмин улантууда. Эл аралык карым – катнаштардын негизинде Түркия бул өлкөлөр менен ээ болгон айырмачылыктарды сүйлөшүүлөр жана дипломатия жолу менен жок кылууга аракет кылууда. 2014 - жылдын акыркы айларында Түркиянын тыгыз дипломатия жүргүзүүсүнүн негизги себеби ушул.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Акыркы жумаларда алдыга чыккан тыгыз дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизги элементтери булар: президент Эрдогандын БУУнун Жалпы Кеңеш жыйынына катышуусу, премьер – министр Давутоглунун чоң жыйырмалар жыйынына катышуусу жана кезектешкен башкаруучулукту өткөрүп алуусу, премьер – министр Давутоглунун көптөгөн жылдардан кийин Багдат жана Эрбилге жасаган сапары, АКШнын вице – президенти Байдендин Стамбул сапары жана бул жерде Атлантика кеңешинин энергетика жана экономикалык конференциясына катышуусу жана ушул алкакта президент Эрдоган менен 4 саатка созулган сүйлөшүүсү. Кошумча катары алдыбыздагы күндөрдө Түркия эки негизги сапарга дагы күбө болот : 28 - ноябрда католик диний лидер Папа жана 1 - декабрда Орусиянын президенти Путин Анкарага сапар менен келет.
Бул сапарлар түрк тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү. Оболу Түркия – Ирак карым – катнаштары ИШИМге каршы күрөшүүдө өнүгүүдө. Түркиянын пешмерге жана Ирак армиясына аскердик билим бере башташы, ушундайча ИШИМге каршы күрөшкө аскердик жардамды күчтөндүргөн бул кыймыл АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын ийгилигин күчтөндүрөт. Бирок мунун Асаддын кулашы боюнча бир процессти баштап же баштатпай турганын айтуу үчүн азырынча эрте. Вице – премьер Байден Эрдоган менен Стамбулда жолугушкандан кийин Асаддын саясий метод менен алыстоосу керектигин жана эки өлкөнүн арасындагы стратегиялык кызматташтыктын улантыларын билдирди. Бул маалыматтын АКШнын Асад саясатынын өзгөрүүсү тууралуу бир белги болушу мүмкүн экенин айткан адистер бар. Түркия жана АКШнын НАТО жана эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгынын маанилүү бир өлчөмү энергетика коопсуздугу. Атлантика кеңешинин Стамбулдагы жыйыны Түркиянын энергетика өндүрүүнүн жана бөлүштүрүү тууралуу борбордук абалын аныктады. Байден жана Давутоглу конференцияда сүйлөгөн сөздөрүндө бул борбордук абалдын өнүгөрүн билдиришти. Жакынкы Чыгыш, Кавказдар жана ал түгүл Жер Ортолук деңиздеги нефть жана жаратылыш газынын булактарынын Түркия аркылуу дүйнө базарына бөлүштүрүлүүсү күн тартибинде. Түркиянын чыгыш – батыш, түндүк - түштүк энергетика жолдорунун коопсуздугу тууралуу абалын күчтөндүрүү.
Бул абалдар бир топ өлкөнүн көңүлүн бурууда: булардын бирөөсү Орусия. Орусиянын дүйнөлүк нефть жана газ өндүрүүдөгү чоң үлүшү жана мунун Орусия экономика - саясатына кошкон салымы белгилүү. Орусия ошол эле учурда Түркиянын эң негизги энергетика партнерлорунун бирөөсү. Эки өлкөнүн ортосундагы Көгүлтүр Агым проектиси бир тарапка атомдук энергетика тууралуу биргелешкен инвестиция проектилери жана акырында күчтүү соода, экономика, жумушчу күчү жана технологиялык кызматташтыгы билинет. Түркия – Орусия карым – катнашы абдан жогору жана эки өлкөнүн Сирия саясатындагы терең ажырым да бул карым – катнашка таасирин тийгизе албайт. Бирок эки өлкөнүн Сирия тууралуу саясий айырмачылыктарына абдан көңүл буруу керек. Түркия АКШ жана европалык өлкөлөрдүн Асаддын кулатылышы боюнча саясатына Орусия менен Иран каршы чыгууда. Бул каршы чыгуу бир гана Сирия кризисин эмес, ички согушун да тереңдетүүдө. Ошол эле учурда түрк ички жана тышкы саясатына тескери чагылууда.
Эл аралык коомчулуктун Сирия кризисинен кандай чыгары чындыгында билинбейт. Түркия жана башка бир топ өлкөнүн аракеттери жана демилгелеринен жыйынтык чыккан жок. Бул маселени чечүү үчүн дагы таасирдүү жолдорду колдонуу керек. Бул кризистен чыгуу үчүн саясат тышында актерлордун ролу жана салымы болобу? Мисалы Папа Франциск ушундай ролду аткара алабы? Папанын Анкара сапары Түркиянын Сирия маселеси тууралуу көз караштарын түшүнүү жана дүйнөгө түшүндүрүү үчүн мүмкүнчүлүк боло алабы? Папанын эл аралык саясий темаларга кийлигишпегени билинсе да диний кадыр – баркынын христиан дүйнөсүндөгү саясатчылар, жарандык коомдун актерлору жана калктарда таасирдүү болушу мүмкүн экени унутулбашы керек. Ушул себептен папанын 28 – 30 - ноябрь күндөрү Анкарага жасай турган сапарына бул жактан алып караганда пайдалуу болушу мүмкүн.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар