Түркия жана дүйнө күн тартиби - 99

2014 – жылдын чоң жыйырмалар саммити жана Түркия

200910
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 99

15 – 16 - ноябрь күндөрү Австралияда чоң жыйырмалардын лидерлер саммити өткөрүлдү. Чоң жыйырмалар дүйнө экономикасындагы эң чоң 20 өлкө менен Европа Биримдигинен турат. Түзүлүшүнүн себеби 2008 - жылы башталган финансылык жана экономикалык кризиске чечүүчү жол табуу максатында бул өлкөлөрдүн биргелешкен саясаттарды жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү. Ушундайча дүйнө экономикасынын кризистен чыгышына жана андан кийин ырааттуу өсүүнүн жолдорун табууга аракет кылуу. Ушул күнгө чейин өткөргөн жыйындардын жок дегенде финансылык кризистен чыгуусуна жардам бергени айтылса да дүйнөлүк экономикалык маселелерге толугу менен чечүүчү жол тапканын айтууга болбойт. Ушул себеп менен чоң жыйырмалардын бул жылкы жыйынында глобалдык экономиканын өсүүсү, салык салуу маселелеринин чечилиши сыяктуу темаларга көп көңүл бурду. Бирок чоң жыйырмалар эч качан бир гана финансылык жана экономикалык темалар менен чектелип калган жок. Жылдык жыйындарда күн тартибиндеги эл аралык саясий жана коопсуздук темалар да талкууланган. Бул талкуулардын борборунда көпчүлүк учурда АКШ, Орусия, Кытай, Европа Биримдиги өлкөлөрү орун алууда. Негизинен экономикалык, саясий жана коопсуздук маселелерде күн тартибин БУУдагы беш вето өлкөсү же болбосо Г – 8 өлкөлөрү белгилөөдө. Дүйнөлүк экономика жана саясатынын башкы актерлору азыр да ушул өлкөлөр. Бирок башкы актерлор дүйнө экономикасы жана саясатын БУУнун же Г – 8дердин ичинде чечиле тургандай эмес. Эми дүйнө экономикасы, саясаты жана коопсуздугунун пайда болушунда акыркы он жылда алдыга чыккан башка кээ бир мамлекеттер да роль ойноодо. Булардын арасында Түркия, Бразилия, Индонезия, Сауд Арабстан, Индия сыяктуу аймактык жана глобалдык таасири болгон өлкөлөр өзгөчө абдан маанилүү. Ар бири өз аймагында экономикалык жана саясий жактан ачкыч роль ойногон бул өлкөлөр чоң жыйырмалардын ичинде орун алууда.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Түркиянын чоң жыйырмалар тобунун ичинен орун алуусунун себеби дүйнөдөгү 16 - чоң экономика болушу жана аймагындагы саясий, коопсуздук, аскердик темаларда роль ойноосу. Экономикалык жактан Түркия глобалдык финансылык жана экономикалык кризистен олуттуу сокку албастан чыкты. Президент Эрдоган убагында айткандай глобалдык экономикалык кризис Түркияны жандап өттү. Түркиянын экономикалык өсүүсү, финансылык ырааттуулугу, жумуш менен камсыз кылуусу, тышкы соода жана эң негизгиси ишенимдүүлүк бул процессте чыгымга учураган жок. Ушул себептен да Түркиянын перформансы башка өлкөлөргө үлгү кылып көрсөтүлгөн. Бир тараптан Түркия аймагындагы саясий жана коопсуздук маселелердин чечилүүсүндө олуттуу роль ойногон. Ушунун алкагында 2009 – 2011 - жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Убактылуу мүчөлүгүнө шайланып, андан кийин 2011 - жылдан баштап араб жазы процессинде модель өлкө сыяктуу роль ойногон. Жалпысынан каралганда Түркия бул мезгилде аймактык маселелердин чечилүүсүндө жана демократиялык алмашууларда роль ойноп дүйнөнүн коопсуздугуна салымын кошкон. Мунун акырында Түркия чоң жыйырмалардын ичинде жана тышында чоң мааниге ээ болду.

Чоң жыйырмалардын бул жылкы күн тартибинде экономикалык темалар менен бирге эң көп аймактагы саясий темалар да бар. Булардын биринчиси Орусиянын Украина жерлерин басып алуусу, бирөөсү да Түркиянын АКШ жана башка чоң өлкөлөрдү Сирия тууралуу көндүрүү аракеттери болгон. Негизинен экөөсү тең Түркияны жакындан кызыктырган бул темалардын борборунда Орусия да орун алууда. Орусия бир гана Украинаны басып алган өлкө эмес, эң негизгиси Сирияда Асад башкаруусун колдогон негизги чоң күч. Орусия эки темада да Кытайдын колдоосун алып, БУУнун Коопсуздук Кеңешине тоскоол болуп аскердик жана саясий күчүн колдонду жана аймактагы өлкөлөр менен кызматташтык түзгөн. Орусиянын Украина жана Сирия саясаттары батыштык өлкөлөр менен бирге Түркиянын максатына жетүүсүндө кыйынчылыктарды чыгарган, азыр да чыгарууну улантууда. Ушул жактан каралганда чоң жыйырмалар саммитинде үмүт берүүчү абалдар болгон. Оболу АКШ, Англия жана Канада лидерлеринин Орусияны сынга алган маалыматтары алдыга чыккан. Саммитте Орусияга дагы оор санкциялардын жасалуусу тууралуу талаптар билдирилген. Бир тараптан премьер – министр Давутоглу президент Обама жана премьер – министр Кэмерон менен жыйындарды өткөргөн жолугушууларда ИШИМ менен бирге Асадга каршы да кызматташтыктын түзүлүшүн каалаган. Басма сөзгө чагылган маалыматтарга караганда Обама жана Кэмерон Асад башкаруусу соңуна чыкпастан ИШИМ менен күрөштүн ийгиликтүү боло албай турганын билдиришкен. Бул маалыматтар Түркиянын Сирия саясатынын Обама тарабынан колдоого алына баштаганы айтыла баштаган. Тактап айтканда Обаманын Асадга каршы операция жүргүзүүнү ойлогону же Асадды кыйноо үчүн Сирияда учууга тыюу салуу жана коопсуз аймак түзүү деп анализделди. Бул маалымат Обама тарабынан жарыяланган болсо да чоң жыйырмалардын күн тартибинин Орусия аркылуу таасирдүү болгону байкалды. Орусиянын президенти Путиндин чоң жыйырмалар саммитинен эрте чыгып кетиши жана фотографияда орун албашы бул таасирдин жыйынтыгы катары көрүлүүдө. Албетте чоң жыйырмалардагы Украина жана Сирия кыймылында Орусиянын узун мөөнөттө кандай таасир тийгизерин күтүп көрүү керек. Орусия дээрлик чоң жыйырма өлкөлөрү бекиткен Украина жана Сирия сындарынын алдында эмне кылат? Төмөндөгөн нефть баалары жана күч алган санкциялардын Орусия бюджетине тийгизе турган таасири, Орусиянын Украина жана Сирия саясатын өзгөртүүсүнө жол ачабы? Бул суроолор келерки чоң жыйырмалар саммитине чейин жооп таба алабы. 2015 - жылы чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучулугун аткара турган Түркия бул суроолорго жооп берүүдө роль ойношу мүмкүн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар