Түркия жана дүйнө күн тартиби - 88

Түркия саясатында жаңы бир мезгил башталдыбы?

123600
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 88

Режеп Таййип Эрдоган 28 – август күнү президенттик кызматын 11 – президент Абдуллах Гүлдөн расмий түрдө өткөрүп алды. Президент Эрдоган андан кийин тышкы иштер министри Ахмет Давутоглун премьер – министр катары милдеттендирди, Давутоглу да эртеси күнү жаңы министрлер кеңешин жарыялап ишин баштады. Мунун Түркиянын ички жана тышкы саясатында жаңы бир мезгилдин башталышы экени айтылууда. Жалпысынан айтылган бул алмашуулар жаңы бир Түркиянын курулуш процесси экени багытында. Эрдогандын президент болуусу жана ордуна партиянын лидери жана премьер – министр катары Давутоглунун келүүсү жаңы бир абал. Бирок президенттик жана премьер – министрликтеги өткөрүп берүүлөр жаңы мезгил тууралуу кабарды берүүдөбү? Андан да маанилүүсү бул жаңы абал Түркиянын ички жана тышкы, экономикалык жана башка саясаттарында өзгөрүүгө жол ачабы? Давутоглунун премьер – министрлигиндеги 62 – өкмөт кандай көз караш жана миссияга ээ болот?
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Жаңы абалдын кандай жаңылыктарды камтыганын түшүнүү үчүн колубузда эки маалымат бар. Биринчиси жаңы кабинеттин композициясы, бири болсо бул процессте Эрдоган, Давутоглу жана башка жетекчилердин жасаган билдирүүлөрү. Оболу 62 – өкмөттүн композициясынын мурунку өкмөттөн айырмасы жок. 1 – премьер – министр жана 25 министрден турган өкмөттөн бир гана 3 министр кеткен, 4 жаңы ысым министр болду жана 1 министр да министрлик кызматын алмаштырган. Мурунку жана жаңы министрлердин профилине караганда 62 – өкмөттө олуттуу бир өзгөрүүнүн болбой турганы, ырааттуулуктун улантылары көрүнүүдө. Эң орчундуу темалар экономика жана тышкы иштер министрликтери, бул эки министрликте да үзгүлтүктүн болбой турганы айтыла алат. Экономикалык саясатынын мурунку актерлору позицияларын сактагандай. 62 – өкмөттүн экономика саясаты 12 жылдан бери болуп келе жаткандай эле дагы Али Бабажандын жол башчылыгында улантылат. Түркия экономикасы дүйнөлүк экономика менен синхронизацияланууга, экономикалык тең салмактуулуктар сакталууга жана ишеним фактору күчтүү болууну улантат.
Эң көп кызыгуу жараткан бир тармак да тышкы саясат. Тышкы саясатта эки өзгөрүү болду. Давутоглунун ордуна Европа Биримдиги министри Мевлүт Чавушоглу келип, Мевлүт Чавушоглунун ордуна Европа Биримдигинин мурунку генералдык секретары жана дипломат Волкан Бозкыр келди. Бул эки дайындоо тышкы саясатта өзгөрүү жана үзгүлтүксүздүктүн белгилерин берген. Оболу алмашуунун көлөмүнө карай турган болсок Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинде жандануунун болору көрүнүүдө. Мунун биринчи белгиси Эрдогандын президенттик кызматты өткөрүп алуу сөзүндө баса белгилеген Европа Биримдигине мүчөлүк. Эрдоган Европа Биримдигине мүчөлүктүн Түркиянын стратегиясы экенин айткан. Бул басым жасоонун биринчи кадамы Волкан Бозкырдын Европа Биримдиги министрлигине дайындалуусу болду. Акыйкаттан да Бозкыр Европа Биримдиги мүчөлүгүн кесиптик жана интеллектуалдык жактан өздөштүргөн дипломат. Европа Биримдиги тууралуу күчтүү тажрыйбага ээ. Бозкыр жалпы шарттарга ылайык түрдө Түркия – Европа Биримдигине толук мүчөлүк карым – катнаштарын күчтөндүрүү үчүн аракет кылат. Эгерде бул аракет оң жыйынтыктарды бере турган болсо алдыдагы мезгилде түрк тышкы саясатында жаңы бир рухтун чыгуусу абдан чоң ыктымал. Эрдогандын басым жасоосу менен бирге ойлонула турган болсо бул рухтун ишке ашуу ыктымалы күчтөнүүдө.
Бирок бир тараптан Түркиянын өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Сирия саясатында өзгөрүүнүн болбой турганы көрүнүүдө. Эрдоган жана Давтуоглу сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын жалпысынан Сирияда арап жазы саясатынын адамзаттык экенин айтууну улантышты. Ошондуктан Түркиянын Асад жана режимине каршы турууну, Асад оппозициячылдарын колдоону, Сисиден алыс жана Хамасты колдоону, Израилди сынга алууну, Иракта саясий жана жеринин бүтүндүгүн жактоону, күрт маселесин чечүүнү улантары күтүлө алат.
Бул жерден чыккан жыйынтык бул. Эгерде Түркия бул саясатын уланта турган болсо, бул саясаттын негиздөөчүсү болгон Давутоглунун сөзү өтүмдүү болот. Давутоглу премьер – министр катары жана тышкы иштер министри Чавушоглу менен бирдей түрк тышкы саясатын башкарууну жана багыттоону улантат. Бул жактан каралганда түрк тышкы саясатында өзгөрүүнүн болушу күтүлбөшү керек.
Жаңы мезгилде өзгөрбөй турган башка бир саясат, чечүүчү жол процесси, параллель мамлекет деп аталган, мыйзамдуу болбогон түзүлүшкө каршы күрөш, жаңы бир конституция түзүү аракеттери болот. Чечүүчү жол процессинин премьер – министр Давутоглунун башкаруусунда бирок вице – премьер Бүлент Арынчтын координациясында улантылары билдирилди. Бирок башка вице – премьерлеринин да бул процессте керектүү абалдарда роль ойной турганы билдирилди. Мунун тышындагы башка темаларда үзгүлтүксүздүк улантылат. Демократиялаштыруу, адам укуктары, шаардашуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка бардык тармактарда 12 жылдык салт улантылат. Жыйынтык катары 62 – Давутоглу өкмөтүнүн болжол менен 9 айлык мөөнөтүндө радикал жана башка саясаттарды жүргүзүүсү күтүлүүдө. Бул өкмөт 2015 – жыл 7 – июнь күнү болуусу пландалган жалпы шайлоого чейин ырааттуулукту сактоого жана жаңы бир Түркиянын базисин түзүүгө аракет кылат. Албетте бардык саясаттын негизгиси демократиялык конституцияны түзүү. Түркиянын жаңы бир конституцияны түзүп же түзбөй турганы болсо 2015 – жылдагы шайлоодон чыга турган жыйынтыктарга байланыштуу. Балким мындан кийин Жаңы Түркия дагы так абалга жетишет деп ойлойбуз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар