Түркия жана дүйнө күн тартиби - 87

Түркиянын дүйнө системасындагы орду

111172
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 87

Түркиянын дүйнөлүк системанын ичиндеги абалы тууралуу кенен жайылган талаш – тартыш бар. Бул теги Осмон императорлугу мезгилине чейин барган, бирок республика мезгилинде да эч бүтпөгөн талаш – тартыш. Талаш – тартыштын тараптарлары Түркиядагы саясатчылар жана интеллектуалдар жана дүйнөдөгү кээ бир чөйрөлөр. Бул чөйрөлөрдү жана көз караштарды үчкө бөлүүгө болот. Биринчиси модернисттер тарабынан ортого салынган, Түркиянын Батышка жана заманбап дүйнөгө таандык экенин айткан көз караштар. Экинчиси исламчылдар же консерваторлор тарабынан ортого салынган, Түркиянын ислам дүйнөсү жана Жакынкы Чыгышка таандык экенин белгилеген көз караш. Үчүнчүсү орто жолдогу интеллектуалдар тарабынан ортого салынган Түркиянын батыштык - заманбап жана исламдык нарктарды дал келтирип оригиналдуу абалды түзүүсү керектигин жактаган көз караш. Албетте булардын тышында башка азчылыктардын да көз караштары бар. Мисалы Түркиянын Марксист – Ленинист блоктун ичинде орун алуусу керектигин жактагандар, ал түгүл өзүн дүйнөдөн изоляциялоосу керектигин ойлогондор да болду.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Түркиянын абалы тууралуу талаш – тартыш акыркы жылдарда болгон абалдар менен бирге дагы так түрдө кайрадан ортого чыккандай. Түркиянын 2000 – жылдарда Европа Биримдигине толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштагандан кийин мүчөлүк күнү тууралуу болжолдор айтылууда. Бул мезгилде Түркия абдан маанилүү заманбап реформаларды жүзөгө ашырып ал түгүл Европа Биримдиги министрлигин түздү. Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнөн күтүлгөн нерсе бир гана мүчө болуу эле эмес. Европа Биримдиги да ээ болгон жана жактаган дүйнөлүк принциптерге ээ болуу. Чыныгы мааниде демократия, укуктун жогорулугу, адам укуктары жана эркиндиктери, базар экономикасы жана булар менен курулган тынчтыкчыл жана түзүүчү тышкы саясатка ээ болуу. Булар жалпысынан биринчи көз караш ээлеринин тактап айтканда модернисттер жактаган нерселер. Батышты жактагандар, Түркиянын Европа Биримдиги жана НАТО сыяктуу уюмдардын ичинде орун алуусунун качылгыс шарт жана максат экенин ойлошууда. Башкача айтканда Түркиянын багыты Батышка, сырты чыгышка жана ислам дүйнөсүнө кайтуусу керек. Бул көз караш жаңылыш, себеби жетерлик деңгээлде эмес. Түркиянын Батыш жана Европа Биримдигинин ичинде орун алуусу жана дүйнөлүк нарктар менен бирдей кароону сунуш кылуусу Түркиянын геополитикалык, тарыхый жана маданий нарктарына көңүл бурбай жатат. Акыйкаттан да Түркиянын коомдук, маданий жана диний өзгөчөлүктөрү, тарыхый жана геополитикалык шарттары, аны оболу Жакынкы Чыгыш аймагынын жана жалпысынан ислам дүйнөсүнүн бир мүчөсү кылды. Бул жерден Түркиянын ошол эле учурда Ислам Кызматташтык Уюмунун ичинде активдүү орун алуусу керектигин оңой эле түшүнүүгө болот. Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмга мүчөлүгү, ислам дүйнөсүнүн өнүгүүсү жана заманбап өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Түркиянын бул тууралуу жалпысынан 1970 – жылдандан бери бирок өзгөчө 2000 – жылдарда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкмөт курган мезгилинде аракет кылганы билинет.
Түркиянын бир тараптан Европа Биримдигинин нарктары менен заманбап бир актер болуусу, бир тараптан ислам дүйнөсүндө бул нарктардын өнүгүүсүнө салымын кошуусу, аны глобалдык бир аракет кылат. Негизинен орто жолду жактагандардын айтканы ушундай нерсе эле. 1950 – жылдарда Аднан Мендерес менен башталган, 1970 – жылдарда Сүлейман Демирел менен улантылган орто жолду жактаган мамиле 1980 – жылдарда Тургут Өзал менен күч алган. 2000 – жылдарда Эрдоган – Гүл лидерлигиндеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен эң жогорку чегине жетти. Өзал, Гүл жана Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу ислам дүйнөсү жана Жакынкы Чыгыш жакындашуу процессинде маанилүү роль ойношкон. Бул лидерлер Түркиянын ордунун бир гана батыштык дүйнөлүк нарктар менен эмес, бул нарктарды өз маданий жана диний нарктар менен бүтүндөштүрүүсүнүн натыйжасында күчтөнөрүн ойлошкон. Ал түгүл бир кадам алдыга жылып, негизинен дүйнөлүк жана исламдык нарктардын көптөгөн жерде дал келгенин айтууга болот. Ушунун негизинде абдан маанилүү нерсе Европа Биримдиги жана исламдык философиянын маңызында орун алган тынчтыкты каалоо. Европа Биримдигинин негизги философиясы жана исламды жактаган негизги стратегия, эл аралык карым – катнаштардын оболу тынчтыкчыл болуусун жактайт. Бул жерде маанилүү бир тарыхый чындык, түрк тышкы саясатынын негизинде Мустафа Кемал Ататүрк баса белгилеген «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принцибинин болушу. Бул принцип Түркиянын жана тышкы саятынын маңызынан баштап тынчтыкты жактаган өлкөлөр тарабында орун алууну каалаганын көрсөтүүдө. Бул жолдун абдан маанилүү так бир көрсөткүчү, Түркиянын БУУму курган 45 өлкөнүн бирөөсү, тактап айтканда куруучу мүчөсү болушу. Түрк тышкы саясаты салттык түрдө бул негиздер боюнча курулуп, өз чектеринен баштап бардык аймактарда жана дүйнөдө тынчтыктын жайылуусун тандаган.
Акыркы жылдарда бул жалпы теорияга терс сыяктуу көрүнгөн араб жазынан кийин Сирия жана Ирак саясаттарын, жалпы эреже эмес, аномали катары көрүү керек. Түрк коомчулугу бүгүн аймакта болгон хаос, согуш жана кагылышууларды көрүүдөн тынчсызданууда. ИШИМ, Ан Нусра жана Ал Каида сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөштү колдоодо. Албетте ПКК сыяктуу террордук уюмдардын соңуна чыгуусу үчүн аракет кылууда. Түркиянын бүгүнкү дүйнөлүк абалын ушул алкакта көрүү керек. Бул аймактар Түркия жетүүгө аракет кылган дүйнөлүк нарктарга жана ээ болгон өз нарктарына ылайык келбейт.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалимим профессор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар