Түркия жана дүйнө күн тартиби

ИШИМ маселеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими

100926
Түркия жана дүйнө күн тартиби

Жакынкы Чыгышта акыркы жылдарда болгон кызыктуу абалдардын бири Ирак Шам Ислам Мамлекети деген ат менен түзүлгөн уюм пайда болду. ИШИМдин күбөлүгү жана алып барган иштери аймакта жана дүйнөдө таң калтырган абалды ортого чыгарды. Бирок андан да таң калтырган абал эл аралык коомдун жана актерлордун бул уюмга көрсөткөн баш аламан жана кечиккен каршы чыгуусу. Бул уюм бир жылдан бери Сирияда жана бир айдан бери Иракта куралдуу кыймылдары аткарып, элчиликтерди басып алып, адамдарды барымтага алып, террор жүргүзүп жатат. Адамдардын башын алып сектанттык согуш жүргүзүшүүдө. Бул коогалаң жана укуксуздукка карабастан өзгөчө аймакта таасирдүү болгон глобалдык жана аймактык актерлордон олуттуу каршылык келбей жаткан. Ирак менен Сириянын чек арасынын сызылуусунда негизги роль ойногон Англия жана Франциядан же болбосо АКШ менен Орусиядан ИШИМге каршы эч үн чыгарбай жаткан. ИШИМ террористтери оболу Эрбил шаарын коркутуп жана езидилерди өлтүрүп, андан кийин Мусул суу сактагычын колго ала баштаганга чейин. Бул абал эл аралык күчтөрдүн жана коомдун катуу каршы чыгуусун жаратты. Обама башкаруусу ИШИМдин Эрбилге карата коркутуусун жана езидилерди кыруу ыктымалын негиз катары көрсөтүп абадан операция жүргүздү. Ушундайча Обама биринчи жолу бир гана ИШИМге каршы эмес Ирак жана Сириядагы абалдарга каршы аскердик операция жүргүзгөн болду. Андан кийин абдан маанилүү каршы чыгуу болду. БУУнун Коопсуздук Кеңеши ИШИМ жана башка террордук уюмдарга каршы добуш биримдиги менен 2170 номердүү чечимин чыгарды. Бул чечим акыркы учурларда аймак тууралуу чыгарылган абдан олуттуу чечим. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү Сирия тууралуу жана башка аймактык абалдарда добуш биримдигин түзө алган жок. ИШИМге каршы бул эл аралык каршы чыгуунун олуттуу мааниси бар.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу бааберүүсү.
2170 номердүү чечимдин маанисин жана таасири тууралуу сөз кылгандан мурда кыскача мазмунунан сөз кылуу керек. Чечим ИШИМ жана Нусра, Ал Каида сыяктуу террордук уюмдардын токтотулуусу үчүн чараларды ортого салууда. Чечим менен эл аралык коом жана актерлордун ИШИМге жана башка террордук уюмдарга материал берүүсү, материалдык жардам берүүсүнө тыюу салынып, ИШИМ жана Нусранын алты мүчөсүнүн кармалуусу кааланып жатат. Андан да маанилүүсү бул чечимге баш ийбеген өлкөлөргө каршы экономикалык эмбаргонун жасалуусу кааланып жатат, бирок аскердик чараларды камтыбайт.
2170 номердүү чечим жана андан мурунку АКШ аба операциялары, ИШИМде жана террордук уюмдарга каршы таасирдүү саясатты жүргүзүү чечкиндүүлүгүн көрсөтүүдө.
Германия, Франция жана ал түгүл Орусиядан ИШИМге каршы согушкан күрттөргө саясий жана аскердик жардам келе баштады. Франция жана Германия пешмергелерди күчтөндүрүү үчүн аскердик, дипломатиялык саясий колдоо берди. АКШ абадан операциясы менен бирдей эле убакта жасалган пешмерге кургактыктан жүргүзүлгөн операциянын акырында ИШИМдин таасири жоголо баштады. ИШИМ Эрбил жана күрт аймактарынан алыстатылды, езидилерге каршы коопсуздук жолу түзүлдү. Мусул суу сактагычы ИШИМ коркутуусунан куткарылды.
Бирок эң негизги абал Иракта премьер минист Маликинин ордуна Хайдар Ал Абадинин премьер министр болуп шайлануусу болду. Үч мезгилден бери премьер министрлик кызматын аткарып келген Маликинин бийликтен алыстоосунда ИШИМге каршы операциялардын абдан чоң таасиринин болгону белгилүү. Бирок Малики башкаруусу ИШИМге каршы өз күчтөрү менен күрөша алган жок жана Иракта коопсуздукту түзө алган жок. Бул абал негизинен анын ийгиликсиз болгонун ортого салды. Бул ийгиликсиздиктин жыйынтыгы башта АКШ болуу менен эл аралык коом Маликинин кызматынан кетүүсүн каалаган. Ал түгүл бул өлкөлөрдүн арасында Ирандын да бар экени белгиленүүдө. Жыйынтык катары ИШИМдин акыркы айларда кыймылга келүүсү жана Иракта басып алуу кыймылдарын кылуусу, Маликини кыйын абалга түшүрүп, премьер министрликтен алыстоосуна жол ачкан.
2170 номердүү чечимдин кенен жана узун мөөнөттүү таасиринин болору айтыла алат. Эл аралык коомдун жана өзгөчө беш туруктуу өлкөнүн ИШИМ жана Нусра сыяктуу террордук уюмдарга каршы кызматташтык түзүүсү, Ирак менен Сирияда жаңы бир мезгил уюмдары Сирия жана Ирактан толугу менен тазалана турган болсо бул эки өлкөдө жаңы бир саясий таблицанын ортого чыгуусу мүмкүн. Бул таблицага караганда Сирияда Орусия жана Иран колдогон Асад режиминин, Иракта болсо АКШ менен Иран колдогон Абади өкмөтү кабыл алынган болуп жатат. Ушундайча Абади өкмөтүнүн ичинде шиит, сунни, күрт коалициясынын түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлө алат.
Бул абалдардын Түркия жана башка аймак өлкөлөрү үчүн да олуттуу жыйынтыктары болушу мүмкүн. Түркия үчүн алгачкы оң жыйынтык ИШИМ барымтага алган кырк тогуз түрк жаранынын эркин койо берилүүсү болот. Терскери жыйынтык болсо Асад бийлигинин эл аралык актерлор тарабынан бекитилүүсү менен Түркия Сирия карым - катнаштарындагы араздашуу бир канча убакыт дагы улантылат. Бирок бир тараптан ИШИМ, Нусра жана Ал Каида сыяктуу уюмдардын Сириядан тазалануусу, Түркиянын коопсуздугу жана пайдаларына ылайык, оң абал болот. Акырында пешмергелердин дагы көп куралдануусу жана жеңишке жетишүүсү, чечүүчү жол процессинин негизинде дагы кызыктуу абалды ортого чыгарат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин бааберүүсү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар