Түркия жана дүйнө күн тартиби - 85

Түрк ички жана тышкы саясатында орчундуу мезгилдер

96344
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 85

Өткөн жумада Түркиянын ички жана тышкы саясатын кызыктырган абдан маанилүү эки окуя болду. Биринчиси 10 – августта болгон президенттик шайлоодо премьер – министр Р. Т. Эрдогандын добуштардын 51, 8 пайызын алып биринчи турда шайлануусу. Ушундайча Эрдоган 2002 – жылдан бери кирген 9 – шайлоо жарышында биринчи болду. Берки эки талапкерден ЖХП, МХП жана башка 12 партиянын талапкери Экмеледдин Ихсаноглу 38, 4 пайызын, ХДП талапкери Селахаддин Демирташ болсо 9, 8 пайыздык добуш алышты. Бул жыйынтыктар негизинен партия жактоочуларына таянса да маңызы талапкерлердин күчүн ортого салган. Бул жактан каралганда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын куруучуларынан жана лидери Эрдогандын 12 жылдык саясий күрөшү жана ийгилиги эң жогорку чекке жетти. Эми күн тартибиндеги суроо Эрдоган президент болгондон кийин Түркия саясаты кайда багыт алат? Жаңы премьер – министр жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери ким болот? Оппозиция партиялары бул жыйынтыктан кийин кандай кыймыл кылат? Өзгөчө ЖХП жана МХПнин бул шайлоодон кандай сабак алары баары кызыккан суроолор. Айрыкча шайлоодо добуштарын эки эсеге чыгарган күрт кыймылы жана лидеринин мындан кийин кандай стратегияны жүргүзөрү да талкууланууда. Демирташ күрт этникалык саясатына кайра кайтып келеби же шайлоодо көрсөткөн Түркияда бүтүндөштүрүүчү солчул саясатты улантабы? Кыскача белгилей турган болсок 11 – августтан баштап Түркия саясаты дагы кыймылдуу жана толкундантуучу бир мезгилге кирген.
Бир гана түрк ички саясаты эмес, тышкы саясаты да кызыктуу бир мезгилге киргендей көрүнүүдө. Бул жердеги абал Обама башкаруусунун Иракта ИШИД элементтерине бир топ абадан операция жүргүзүүсү. Операция Обаманын тышкы саясаты жактан жана аймак менен Түркия үчүн абдан маанилүү. Бул операция менен Обама доктринасынын жок кылынганын, Түркия үчүн ИШИД барымтага алган 49 жаранын куткаруу үмүтүнүн жаралышы мүмкүн экени айтылды. Жалпысынан операция Ирак жана Сириянын келечеги үчүн абдан маанилүү белгилер ортого чыккан. Оболу Обама ИШИД операциясынын Иракта саясий биримдик түзүлгөнгө чейин процессин билдирген. Бул билдирүү Ирактын үчкө бөлүнөөрү тууралуу ушак – айыңга каршы бир жооп. Бир тараптан операция АКШнын аймакта тандап алган жолун так түрдө көрсөткөн. Обама бул операция менен АКШнын күрттөрдү сактап калуу тууралуу алдыңкылыгын дагы бир жолу ортого салып езидилердин кыргын коркунучуна каршы коргоого алынуусу менен негизги адам укуктарына болгон жоопкерчилигин көрсөттү. Обаманын бул жоопкерчилиги канчалык оң болсо да ырааттуу болбошунан улам сынга алынуусу керек. Бирок Обама башкаруусу Израиль күчтөрүнүн Газада миңдеген кишини канкорлорчо өлтүрүүсүнө же жаралаганына карабастан эч бир каршы чыккан эмес. Ошондой эле Обаманын бул жоопкерчилигин Сирияда жарандардын өлтүрүлүүсү жана ал түгүл химиялык курал колдонулуусуна каршылык көрсөтпөгөнү белгиленүүсү керек.
Мармара университетинин саясий билимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Натыйжада алдыбыздагы мезгилде Эрдогандын лидерлигинде бир саясий процесстин өнүгөрү көрүнүүдө. Бирок бул процесстин кандай өзгөчөлүккө ээ болору азырынча тактала элек. Жок дегенде бул багытта талаш – тартыштар бар. Өзгөчө «президент Эрдоган, премьер – министр Эрдогандан канчалык жакшы лидер боло алат? Эрдогандын лидерлиги тууралуу эки теория бар. Биринчиси Эрдоган жумшак президент болот. Президент болсо да Эрдоган муну бир гана конституцияга жана саясий тең салмактуулукка карата ишке ашырууга аракет кылат. Мунун жолу бир гана азыркы учурдагы конституциянын өзгөртүлүүсү менен мүмкүн болот. Жыйынтык катары Эрдоган ички жана тышкы саясатта улуттук жана эл аралык жоопкерчиликтердин алкагында кыймыл кылат.
Экинчи теория Эрдоган катуу же авторитардык президент болот. Ушуга караганда Эрдоган президенттикти азыркы учурдагы шарттарды мажбурлоо менен колдонот. Конституциядан жана мыйзамдардан келген же келбеген жоопкерчиликтерин окуяларга жана саясий күчүнө ишенип мажбурлайт. Эрдоган ушул максатта өкмөттү, премьер – министрди жана министрлерди ал түгүл бардык мамлекеттик органдарды өз авторитардык шарттарына ылайык багыттайт. Ошондой эле түрк тышкы саясатында бир гана киши катары Түркиянын эл аралык абалын башкарууга аракет кылат. Бул абалдын өлкөдө жана аймакта ашыкча каршы чыгуу жана кризистерге себеп болору болсо белгилүү. Эрдогандын бул эки теориядан кайсынысына карата кыймыл кыларын азырынча айтуу абдан кыйын. Бирок Эрдоган шайлоо жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин «балкондо» сүйлөгөн сөзүндө биринчи теорияга ылайык түрдө күчтүү белгилерди берди. Эрдоган өткөндөрдү бир тарапка таштап бардык 77 миллион киши бир тууганча жашай турган бир Түркия жаратууну сунуш кылды. Партиялардын арасындагы зыяндуу кагылышуларды соңуна чыгарып кызматташтык түзүүгө аракет кылуусу керектигин баса белгиледи. Макулдашуу менен Түркиянын экономикалык жана саясий күчүн бирдикте өнүктүрүүгө аракет кыларын баса белгиледи. Кыскача Эрдоган диктаторлук, ыраатсыздык жаратат деген көз караштарды четке кагып, коомдун баарына оң маалымат берди.
Эрдоган берген бул көрүнүшү ички жана тышкы саясат жактан пайдалуу жана керектүү экени ачык. Өзгөчө Ирак, Сирия жана башка аймак өлкөлөрүндөгү баш – аламандыктын соңуна чыгарылуусу үчүн оболу өлкөдө жогорку консенсус жана ырааттуулуктун болушу керек. Мында ийгиликтүү болгон Түркиянын ошол эле диалог методу менен аймактык маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү да жогору болот.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими Рамазан Гөзендин баа берүүсү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар