Түркиянын экинчи космонавты өлкөгө кайтып келди

Түркиянын экинчи космонавты  Тува Жихангир  Атасевер түрк космотук илимий миссиясынын негизинде ишке ашырган «Суборбиталдык изилдөө учушунан» кийин  өлкөгө кайтып келди.

2151660

Өнөр жай жана технология министрлигинде министр Мехмет Фатих Кажыр жана биринчи түрк космонавт Алпер Гезеравжынын катышуусу менен өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Атасевер алган милдети үчүн кубанычтуу экендигин айтты.

Атасевер : «Бул процесстен алган бул казынаны, тажрыйбаны жаштарыбыз менен бөлүшүү, алардын биз таштаган алгачкы кадамдардан дагы ишенимдүү кадамдарды таштоо жана бөлүшүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр да : «Өлкөбүздүн космос тармагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча өлкөбүздүн потенциалын жогорулатабыз», - деди.

Министр Кажыр глобалдык космос экономикасынын үлүшүнүн жогорулата тургандарын айтып : «Космос сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдөн жогорку деңгээлде пайдаланабыз»,- деди.

Тектеш кабарлар