Шимшек Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы менен жолугушту

Басма сөзгө жабык өткөрүлгөн жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

2151499
Шимшек Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы менен жолугушту

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы Ажай Банга менен жолугушту.

Шимшек менен Банганын жолугушуусу борбор шаар Анкарада Казына жана каржы министрлигинде өттү.

Басма сөзгө жабык өткөрүлгөн жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

Банганын сапары узак убакыттан кийин Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы деңгээлинде Түркияга алгачкы сапар болуу жагынан маанилүү.

Жолугушууда түрк экономикасындагы өнүгүүлөр сүйлөшүлүп жатканда Ажай Банга Түркиянын экономикалык программасын колдоорун дагы бир жолу баса белгиледи.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк менен Түркиянын ортосундагы 2024-2028-финансылык жылдарды камтыган каржылык жана техникалык кызматташтыктын негизин түзгөн «Өлкө кызматташтыгынын алкактары» да талкууланды.

Бул контекстте апааттарга туруштук, энергетика, жашыл трансформация, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, экспортту колдоо, реалдуу сектор, инфраструктура, логистика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана инклюзивдүүлүк сыяктуу көптөгөн тармактарда өнүктүрүлүшү мүмкүн болгон кызматташтыктарга басым жасалды.

Түркиянын сентябрь айында жарыялаган Орто мөөнөттүү программасынан кийин дароо Дүйнөлүк банк программага колдоо көрсөтүү үчүн Түркияга карата каражаттын көлөмүн 17 миллиард доллардан 35 миллиард долларга көтөргөн.

Бул ресурс Орто мөөнөттүү программа жана 12-Өнүгүү планында белгиленген артыкчылыктардын алкагында иштелип чыга турган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат.



Тектеш кабарлар