Түркия космодром курат

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Трабзондо бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

2144008
Түркия космодром курат

Кечээ Жаштар жолугушуу программасына катышкан министр Кажыр : «Эл аралык космодром курабыз.  Эл аралык кызматташтык менен Түркия алдыдагы жылдарда космодромдун кызыкдар тарабы болот",- деди.

Космоско көз карандысыз кирүү үчүн ракета программаларын ишке ашырып жаткандарын билдирген министр Кажыр, Түркиянын гибрид ракета мотору технологиясында дүйнөнүн эң алдыңкы 4 өлкөсүнүн арасында экендигин айтты.

Министр Кажыр : "Бул жетишкендик орбиталар аралык спутниктик трансферлер сыяктуу милдеттүү космостук миссияларды аткара ала турган космостук аппараттарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Космостук экономикасынан ал тармакта да  үлүшүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз", - деди. 

 



Тектеш кабарлар