Түрк брондолгон кургактык унаасы биринчи жолу өлкө тышында көргөзмөгө чыкты

Унаа модулдук дизайны менен түрдүү милдеттерге ылайыкташтырыла алат.

2144007
Түрк брондолгон кургактык унаасы биринчи  жолу өлкө тышында көргөзмөгө чыкты

Түрк коргонуу өнөр жайынын брондолгон кургактык унаа өндүрүүчүлөрүнүн бири Отокар Румынияда өткөн Кара деңиз коргонуу жана авиация жарманкесинде (BSDA) биринчи жолу чет өлкөдө COBRA II унаасынын пикап версиясын көргөзмөгө чыгарды.

НАТО жана БУУнун камсыздоочусу болгон Отокар кургактык, деңиз, абадан коргонуу, чек ара коопсуздугу, космос жана кибер коопсуздук тармактарындагы акыркы технологиялар көргөзмөгө чыккан жарманкеде дүйнөгө таанымал  брондолгон унаалары ARMA 8X8 жана  COBRA II менен  катышты. 

Модулдук түзүлүшү жана жогорку мобилдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн COBRA II 15тен ашуун өлкөдө 20дан ашуун колдонуучу тарабынан  Бириккен Улуттар Уюму жана НАТОнун миссияларында активдүү колдонулууда.

Унаа модулдук дизайны менен түрдүү милдеттерге ылайыкташтырыла алат.

COBRA II Pickаp логистикалык колдоо, ок - дарыларды ташуу, талааларды тейлөө жана куткаруу сыяктуу милдеттерде натыйжалуу колдонула алат.

Унаанын чоң жүктөө аянты оор жүктөрдү, чоң жабдууларды жана курал системаларын ташууну жеңилдетет.

Ушундайча  ар кандай материалдарды жана жабдууларды операциялык муктаждыктарга ылайык коопсуз ташууга болот.

COBRA II Pickаpта колдонулган курал - жарак системасы экипаждын жана жүктүн ар кандай коркунучтардан сактайт. 

 

 



Тектеш кабарлар