Министр Фидан ТүркПАнын ачылыш жыйынында сөз сүйлөдү

Министр Фидан: «Түрк дүйнөсүндөгү бардык боордошторубузду Газадагы мыкаачылыктарга каршы үндөрүн бийик көтөрүүгө, бул зулумду токтотуу үчүн конкреттүү кадамдарды таштоого чакырам»,-деп айтты.

2142826
Министр Фидан ТүркПАнын ачылыш жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Израилдин Палестинага кол салууларына каршы Түрк дүйнөсүнүн орток позицияны көрсөтүүсүнүн маанилүү экенин билдирди. 

Министр Фидан борбор шаар Анкарада Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Коргоо комиссиясынын башчыларынын ачылыш жыйынында сөз сүйлөдү.

Палестинага колдоо көрсөтүүнүн маанисине басым жасаган Фидан, Газада көбү аялдар жана балдардан туган он миңдеген кишинин каза болушуна себеп болгон Израилдин ырайымсыздыгын биротоло токтотуу үчүн эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы керектигин айтты.

Фидан: «Бул чөйрөдө Түрк дүйнөсүнүн орток позицияны көрсөтүп эл аралык коомчулук менен орток позицияны түзүшү Түрк дүйнөсүн адеп-ахлактык күч катары да өзгөчөлөндүрөт. Бул чыр-чатактын жайылуу жана коомдук чыңалуу коркунучун жок кылууга өбөлгө түзөт»,- деди.

Министр Фидан: «Түрк дүйнөсүндөгү бардык боордошторубузду Газадагы мыкаачылыктарга каршы үндөрүн бийик көтөрүүгө, бул зулумду токтотуу үчүн конкреттүү кадамдарды таштоого чакырам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар