"Деңиз арстаны-2024" машыгуусу башталды

Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан башкарылган машыгууда эки башка сценарий ишке ашырылат.

2142736
"Деңиз арстаны-2024" машыгуусу башталды

Деңиз арстаны-2024 Издөө куткаруу чакыруу машыгуусунун иш жүзүндөгү бөлүгү Эгей деңизиндеги эл аралык сууларда башталды.

Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан башкарылган машыгууда эки башка сценарий ишке ашырылат.

Машыгуунун биринчи этабында чөгүп бараткан соода кемеси үчүн издөө-куткаруу иштери жүргүзүлөт.

Андан кийин сценарий боюнча жүргүнчү ташыган кемедеги өрткө чара көрүлөт.

Машыгууга Жээк коопсуздук командирлигине таандык 2 корвет, 3 катер, 2 учак жана 2 тик учак менен аба, кургактык жана деңиз күчтөрү командирлигине таандык издөө-куткаруу тик учарлары катышууда.

Машыгууга жээк коопсуздук командири адмирал Ахмет Кендир жана 15 өлкөдөн 28 чет элдик байкоочу көз салууда.



Тектеш кабарлар