Фидан:«Ирак менен 20дан ашык келишимге кол коюу боюнча алдын ала макулдашуулар бүткөрүлдү»

Фидан Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлчүлүгүндө Мавританиянын тышкы иштер министри Мухаммед Салим Мерзук менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2130339
Фидан:«Ирак менен 20дан ашык келишимге кол коюу боюнча алдын ала макулдашуулар бүткөрүлдү»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, президент Режеп Таййип Эрдогандын эртеңки Ирак сапарына байланыштуу: «Президентибиздин иш сапарынын алкагында 20дан ашык келишимге кол коюу боюнча алдын ала макулдашуулар бүткөрүлдү»,-деди.

Фидан Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлчүлүгүндө Мавританиянын тышкы иштер министри Мухаммед Салим Мерзук менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Фидан, президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирак сапарына байланыштуу: ««Биздин максатыбыз аймактык стабилдүүлүк, гүлдөп өнүгүү жана өнүгүү мүмкүн болгон мамилелерде болуу жана ушундай жол менен мамилелерибизге институтташтыруу алып келүү жана аймакта тартипти жана гүлдөп-өнүгүүнү өнүктүрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшоо»,-деди

Бул багытта коопсуздук, энергетика, айыл чарба, суу, талаа чарба, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактарда көптөн бери жүргүзүлгөн изилдөөлөргө токтолгон Фидан: «Биз азыр президентибиздин иш сапарынын алкагында 20дан ашык келишимдерди ишке ашыруу жана кол коюу боюнча алдын ала макулдашууларды аяктап бүттүк. Эртең бул келишимдерге саясий лидерлер ошол жерде турганда кол коюлат деп ишенебиз»,-деп айтты.

Фидан президент Эрдогандын Ирак сапарынын алкагында Багдад жана Эрбилге бара турганын, Эрдогандын Багдадда Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа эс-Судани менен жолугушуп, жумушчу жыйынын өткөрө турганын, андан соң келишимдерге кол коюла турганын белгиледи.

Министр Фидан Эрдогандын Ирактын президенти Абдуллатиф Рашид менен да жолугуша турганын билдирди.

Бир тараптан министр Фидан Түркиянын Мавритания менен тарыхый байланыштары бар экенин баса белгилеп, Мавританиянын Сахел аймагындагы чыңалууга көңүлдөрдү буруп: «Биз аймакта тынчтыкты, коопсуздукту, гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуу стабилдүүлүктү орнотууга чоң маани беребиз. Коопсуздук боюнча олуттуу көйгөйлөргө туш болгон Сахел аймагы олуттуу трансформациядан өтүп жатат. Бул аймактын коопсуздугу бүткүл Африка үчүн стратегиялык мааниге ээ. Түркия катары аймактын ырааттуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн коопсуздук кызматташтыгын да, экономикалык карым-катнаштарды да өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Бүгүнкү жолугушууларыбызда эки тараптуу мамилелерибизге баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө эркибизди ырастадык. Биз азыркы жана потенциалдуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, өзгөчө экономикалык жана коммерциялык маселелерде талкууладык. Биз биргелешкен экономикалык комиссиянын биринчи отурумун тез арада уюштургубуз келет», - деди.

Фидан жолугушууда Газадагы кыргындын да сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

"Мавритания Түркия сыяктуу эле Палестина маселесинде аяр саясатты карманууда. Бул маселеде колунан келген бардык колдоолорду көрсөтүүдө. Мавритания Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн эң башынан эле чечкиндүү позицияны карманды. Биз бул темада кызматташууну макулдаштык. Ок атышууну токтотуу жана гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши керектигин улантабыз",-деп айтты..

Мавританиянын тышкы иштер министри Мерзук өз сөзүндө Түркиядагы жаратылыш ресурстары, жаратылыш газы, жаңылануучу энергия жана жашыл суутектин өлкөсү үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Түркиянын өнүктүрүлүшүнүн жана көптөгөн тармакта чоң мүмкүнчүлүктөрдүн болушунун абдан маанилүү экенин баса белгилеген Мерзук, эки өлкөнүн ортосунда орток экономикалык комитеттин чогулушу боюнча макулдашылганын жана мунун эң кыска убакытта ишке ашарын билдирди.

Африка Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иштөөнү каалагандарын белгилеген Мерзук Фидан менен Сахел аймагынын да сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Сахел аймагынын түрдүү кризистерге туш болгонун жана бул жердеги абалдын комплекстүү абалга келгенине көңүл бурган Мерзук, туш болгон коркунучтар жана кыйынчылыктар жергиликтүү аракеттер жана Түркия сыяктуу боордош өлкөлөр менен жеңе аларын айтты.



Тектеш кабарлар