Түркия Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги Пакистандагы сел апаатына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2129057
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистандын Пенжаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларындагы сел апаатында каза болгондор үчүн Пакистан элине жана өкмөтүнө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлиги Пакистандагы сел апаатына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө Пакистандын Пенджаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларындагы сел апаатында адамдардын каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленип: «Каза тапкандарга Аллахтан ырайым тилейбиз, боордош Пакистан элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Пенжаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында 13-апрелде башталган нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылгандын кесепетинен 63 киши каза болгон.

Жаандан улам жүргөн селден көптөгөн үйлөр зыянга учурап, инфраструктурага да олуттуу зыян келтирилгени айтылган.


Этикеткалар: #Түркия Пакистандын

Тектеш кабарлар