Хакан Фидан эртең Нидерландияга барат

Министр Фидан нидерландиялык кесиптеши Ханке Брюинс Слот менен жолугушат.

2129214
Хакан Фидан эртең Нидерландияга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Нидерландияга барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, министр Фидан нидерландиялык кесиптеши Ханке Брюинс Слот менен жолугушат.

Жолугушууда Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк процесси, Бажы биримдигин жаңылоо жана түрк жарандарына виза эркиндигин камсыз кылуу темалары каралат.

Министр Фидан Нидерландиядагы түрк коомчулугунун абалы менен бул өлкөдө Курани Каримге каршы жасалган кол салууларды да күн тартибине коет.

Жолугушууда ошондой эле террорго каршы күрөш жана Түркиянын бул багыттагы күтүүлөрү да Нидерландия тарапка жеткирилет.

Израилдин Палестинага кол салуулары, Украина жана Кипр баш болгон аймактагы маселелер да жолугушунун күн тартибинде орун алат.



Тектеш кабарлар