Индияда 6 жумага созула турган шайлоо
Шайлоочулар биринчи баскычы эртең баштала турган шайлоодо 26 - апрель, 7 – 13 – 20 – 25 - май жана 1 - июнда добуш берет.
Индияда 19 - апрелде башталып 1 - июнга чейин улана турган парламенттик шайлоонун негизинде 1 миллардга жакын шайлоочу федералдык парламенттин астыңкы канаты Элдик парламенттинин (Lok Sabha) мүчөлөрүн белгилөө үчүн добуш берет.
Шайлоодо премьер - министр Нарендра Моди башында турган Бхаратия Жаната партиясынын лидерлигинде курулган "Улуттук демократиялык альянс» (NDA) менен 30дан ашык оппозиция партиясы «Индиянын Улуттук өнүгүүнүн комплекстүү альянсы» (ИНДИЯ) деген аттын астында чогулган кенен коалиция жарышат.
Көп партиялуу парламенттик демократия менен башкарылган Индияда парламент эки палатадан турат: Мамлекеттердин Ассамблеясы (Раджья Сабха) жана Элдик парламент (Лок Сабха) болгон эки канаты бар. Беш жылда бир шайлоо өткөргөн Элдик парламентте 545 орун бар. Саясий партия же альянс өкмөттү түзүү үчүн кеминде 272 мандатка ээ болушу керек.
Шайлоочулар биринчи баскычы эртең баштала турган шайлоодо 26 - апрель, 7 – 13 – 20 – 25 - май жана 1 - июнда добуш берет.
Болжол менен 1,4 миллиард калктуу өлкөдө болжол менен 968 миллион шайлоочу бар, алардын 497 миллиону эркектер жана 471 миллиону аялдар. Булардан 18 миллиону биринчи жолу добуш берет.
Жыйынтыгы 4-июнда билдириле турган шайлоо 7 этаптан туруп, болжол менен 6 жумага созулат.
Өлкөнүн тарыхындагы эң узак шайлоо 1951-жылдын октябрынан 1952-жылдын февралына чейин болуп, 4 айга созулган.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.