Улуттук Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү
Президент Эрдогандын жетекчилигинде президенттик комплексте өткөн Улуттук Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
![Улуттук Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/52e1/d3b1/5cac/660f9ec6e38b1.jpg?time=1722043913)
Улуттук Коопсуздук кеңеши террордук уюмдарды колдогон бардык актерлордун террор менен байлынышын туруктуу түрдө жана кеч калбастан үзүүнүн маанисин белгиледи.
Президент Эрдогандын жетекчилигинде президенттик комплексте өткөн Улуттук Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
Билдирүүдө аймактын келечегинде террордук уюмдарга жана колдоочуларына эч бир орундун берилбей тургандыгы баса белгиленип : «ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун Европада жашаган жарандарыбызды жана өкүлчүлүктөрүбүздү бутага алган кол салуулардын жакындан иликтенгендиги белгиленди. Террордук уюмдарды колдогон бардык актерлордун террор менен байланышын туруктуу түрдө жана кеч калбастан үзүүнүн мааниси билдирилди», - деп айтылды.
Билдирүүдө эл аралык коомчулукка Израилдин Газа калкына жана жардам уюмдарына карата 7 - октябрдан бери болуп келе жаткан кол салуулардын акырына чыгышы жана туруктуу тынчтыкты түзүү аракеттерин колдоо чакырыгынын салынгандыгы да белгиленди.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722043914)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.