Түрк аба жолдорунун Денвер, Пегасустун Лизбон каттамы

THY башкы директору Билал Экши социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2125276
Түрк аба жолдорунун Денвер, Пегасустун Лизбон каттамы

Түрк аба жолдорунун (THY) АКШдагы жаңы багыты Денвер болду.

THY башкы директору Билал Экши социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «АКШда жаңы каттам ачып жатабыз: Денвер. 2024-жылдын 11-июнунда жумасына 3 каттам менен баштайбыз. Түркия өнүгүүдө, THY бийикте учуп жатат»,-деп айтты.

Бир тараптан Pegasus авиакомпаниясы да Анкара-Лиссабон линиясын учуу багытына кошту.

Пегасустун билдирүүсүнө караганда, Анкара Эсенбога аэропортунан Лиссабонго апталык 3 каттамдын биринчиси 2-апрелде ишке ашты.



Тектеш кабарлар