Түркия Арменияны туура мина картасын тапшырууга чакырды

Түркия дүйнөдө жана аймагында  кургактыкта жана деңизде миналар менен күрөшүү тууралуу так салым кошкон өлкө.

2124813
Түркия Арменияны туура мина картасын тапшырууга чакырды

Түркия Арменияны "Азербайжанга туура мина картасын тапшырууга" чакырды. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун Башкы ассамблеясынын  мина жана жарылбаган ок  - дары коркунучуна көңүл буруу максатында  4 -  апрелди "Дүйнөлүк  миналарды маалымдоо жана минага каршы аракеттерди колдоо күнүн" жарыялагандыгы эске салынып : "Түркия дүйнөдө жана аймагында  кургактыкта жана деңизде миналар менен күрөшүү тууралуу так салым кошкон өлкө",- деп айтылды. 

Миналарды тазалоо боюнча улуттук борбор аркылуу миналарды колдонууга, сактоого, өндүрүүгө тыюу салуу жана булардын жок кылынышына байланыштуу Оттава келишимин жана ушунун негизинде ортого салынган эл аралык кызматташуунун колдоого алынышы керектиги белгиленген билдирүүдө булар белгиленди : "Көп убакыттан бери олуттуу коркунуч менен бетме  - бет келген Афганистан сыяктуу өлкөлөрдүн жана оккупациядан куткарган жерлерде аныктала албаган көп сандаган минаны тапкан Азербайжандын  коопсуздук тынчсызданууларын бөлүшөбүз. Арменияны Азербайжанга тура мина карталарын тапшырууга чакырабыз. Мина коркунучу менен күрөшкөн өлкөлөргө аянтта жана эл аралык тармакта берген күчтүү колдоо улантылат".

 

 



Тектеш кабарлар