TEI 3 эл аралык сыйлыкка татыктуу болду
TEIден берилген маалыматка караганда бардык иш алып баруу тармактарында ийгиликтерге жетишкен TEIнин эл аралык сыйлыктарды алууну уланта тургандыгы белгиленди.
Эскишехирде курулган авиациялык кыймылдаткычтар боюнча Түркиянын алдыңкы фирмасы ТУСАШ кыймылдаткыч өнөр жайы акционердик коому (TEI) эмгекти коргоо, коопсуздук жана социалдык жоопкерчилик боюнча иш - чаралары менен 3 эл аралык сыйлыкка татыктуу болду.
TEIден берилген маалыматка караганда бардык иш алып баруу тармактарында ийгиликтерге жетишкен TEIнин эл аралык сыйлыктарды алууну уланта тургандыгы белгиленди.
TEI : "Авиатор Аялдардын Эл аралык Институту" (IWOAW) тарабынан "Авиатор аялдар жумалыгында" студент кыздар үчүн уюштурган иш-чаралар аял кызматкерлери үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөр менен 8 – жолу "Аял кызматкерлерин эң көп баалаган ишкана" болуп тандалды.
TEI көптөгөн жылдардан бери улантып келе жаткан бул социалдык жоопкерчилик долбоору менен өзгөчө коомго эң сезимтал социалдык жоопкерчилик долбоорлоруна баа берген эл аралык «Communitas Awardsта» «Коомчулукка кызмат жана корпоративдик социалдык жоопкерчиликте лидерлик» сыйлыгын алды.
TEI ошондой эле эмгекти коргоо жана коопсуздук тармагында «Британдык коопсуздук кеңеши» тарабынан уюштурулган дүйнөдөгү эң сыйлуу эл аралык сынакта да «Эл аралык Эмгекти коргоо сыйлыгын» алды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.