Стамбулдагы өрт: 29 адам каза болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган ички иштер министри Али Йерликая менен телефон аркылуу сүйлөшүп өрт тууралуу маалымат алды.

2123881
Стамбулдагы өрт: 29 адам каза болду

Стамбулдун Бешикташ районунда 16 кабаттуу имараттагы оюн-зоок борборунун оңдоп-түзөө иштери учурунда чыккан өрттөн 29 киши каза болду.

Белгисиз себеп менен чыккан өрт, окуя болгон жерге жиберилген көп сандаган өрт өчүрүүчүлөрдүн кийлигишүүсү менен өчүрүлдү.

Стамбул губернаторлугу өрттөн 29 кишинин каза болгонун, 1 кишинин оор жаракат алганын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган ички иштер министри Али Йерликая менен телефон аркылуу сүйлөшүп өрт тууралуу маалымат алды.

Йерликая окуя боюнча иликтөө башталганын жарыялады.

Имараттагы иликтөөлөр уланууда.



Тектеш кабарлар