Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Израиль медиасындагы сөздөрдү төгүндөдү

Президенттик аппараттын Жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору билдирүү жасады.

2123868
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Израиль медиасындагы сөздөрдү төгүндөдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, «Жогорку деңгээлдеги түрк жетекчилери Израиль менен карым-катнаштарды жакшыртууну каалайбыз деген билдирүү жөнөтүштү» түрүндөгү Израиль медиасындагы сөздөрдү четке какты.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын Жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору билдирди.

Израилдин Газада жасаган адамзатка каршы кылмыштарына байланыштуу Анкаранын негиздүү реакцияларынан кийин Түркиянын Тель-Авив элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү 25-мартта Израилдин Тышкы иштер министрлигине чакыртылганы белгиленди.

Бул жолугушууга байланыштуу Израиль басма сөзүнүн «Жогорку деңгээлдеги түрк жетекчилери Израиль менен карым-катнаштарды жакшыртууну каалайбыз деген билдирүү жөнөтүштү» түрүндөгү сөздөрдүн туура эмес экени баса белгиленди.

Билдирүүдө Түркиянын ар бир деңгээлде Израилдин Газада бейкүнөө палестиналыктарды адамкерчиликсиз кыргын салууларына каршы экенине көңүл бурулуп: «Израиль жүргүзгөн жалган маалымат үгүттөрүнө ишенбөө керек» деп айтылды.



Тектеш кабарлар