Алтун Израилдин кол салуусун айыптады
Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, эл аралык коомчулуктун бейкүнөө палестиналыктарды коргой албаганын, Израилдин геноцид жана эл аралык укук бузууларын улантканын айтты.
![Алтун Израилдин кол салуусун айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b847/02e7/315c/65ed555b1b04c.jpg?time=1722046223)
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Израилдин, Газага гуманитардык жардам жеткирген эл аралык жардам кызматкерлерин бутага алган кол салуусун айыптаганын билдирди.
Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, эл аралык коомчулуктун бейкүнөө палестиналыктарды коргой албаганын, Израилдин геноцид жана эл аралык укук бузууларын улантканын айтты.
Израилдин акыркы кол салуусунда Газага гуманитардык жардам жеткирген эл аралык жардам кызматкерлерин бутага алганын эске салган Алтун: «Түркия катары World Central Kitchen жардам кызматкерлеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана бул ырайымсыз кол салууну айыптайбыз»,-деди.
Израилдин эл аралык коомчулуктун эсинде терең из калтырган адам укуктарын бузууларды токтотуусу жана жасаган согуш кылмыштары үчүн жооп бериши керектигин баса белгилеген Алтун, азык-түлүк курал катары колдонулган Газага гуманитардык жардамдын жеткирилишинин жаңы пайда болгон ачарчылыктын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин айтты.
Фахреттин Алтун: «Израилдин Газадагы мыкаачылыгына каршы адамдык абийирдин күчүн чагылдырган гуманитардык кызматкерлердин аракетин ар дайым эстейбиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722046224)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.