Түркиядан Эрбилдеги муктаж үй-бүлөлөргө жардам

Түрк Кызылайынын Ирак делегациясынын башчысынын орун басары Эрай Аккая, Түрк Кызылайынын Эрбил кампусунда жасалган азык-түлүк жардамына байланыштуу маалымат берди.

2123275
Түркиядан Эрбилдеги муктаж үй-бүлөлөргө жардам

Түркия Рамазан айынын алкагында Ирактын Эрбил шаарында муктаж болгон 300 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.

Түрк Кызылайынын Ирак делегациясынын башчысынын орун басары Эрай Аккая, Түрк Кызылайынын Эрбил кампусунда жасалган азык-түлүк жардамына байланыштуу: «Бүгүн 300 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин тараттык. Динине, тилине, расасына карабай муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттерин таратууну улантып жатабыз»,-деп айтты.

Ошол эле кампуста жайгашкан наабайканада күн сайын 2500 бөлкө нан чыгаргандарын белгилеген Аккая, Эрбилдеги Бахирка качкындар лагеринде муктаж болгон ирактык үй-бүлөлөргө тараткандарын белгиледи.

Аккая Түрк Кызылайынын Эрбилдеги Шевкат бутик долбоору менен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө донорлордун кийимдерин да тараткандарын кошумчалады.

Түрк Кызылайы Иракта Рамазан айында 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жардамынын улана турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар