Хакан Фидан Аль Тани менен сүйлөштү

Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2123309
Хакан Фидан Аль Тани менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен Газадагы акыркы абалды талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Фидан катардык кесиптеши Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал жана аймактык маселелер каралды.

Министр Фидан буга чейин Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар